Тажикстан Чоң-Алайдагы кырдаал боюнча өз версиясын билдирди

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКыргыз-тажик чек арасындагы чек ара кызматкери. Архив
Кыргыз-тажик чек арасындагы чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
УКМКнын Чек ара кызматы эртең менен кырдаал чыңалып турганын кабарлаган, ал эми саат 14:00гө карата салыштырмалуу туруктуу экени маалым болду.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Тажикстандын Чек ара күчтөрүнүн маалымат кызматы Кыргызстандын "тажик тарап чек ара боюнча келишимин бузду" деген билдирүүсүнө жооп берди. Бул туурасында Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.
Маалыматта эки өлкөнүн чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин жыйынтыгында 986,7 чакырым жердин 519,9 чакырымы такталганы жазылат.
Тажик тараптын билдирүүсү боюнча, Шаты ашуусунун аймагында талаштуу тилке бар. Тараптар буга чейин мамлекеттик чек ара линиялары өткөн жерлерди аныктоо иштерин улантууга макулдашышкан.
"Аталган протоколдук келишимге ылайык, макулдашылган аймакка чек ара наряды коюлду. Экинчи тараптан Кыргызстандын Карамык ашуусундагы аймакка инфраструктурасы менен чек ара посту коюлган. Мындай дислокация делимитация, демаркация болуп жана юридикалык каттоо бүткөнгө чейин эки өлкөнүн тең чек араларын кайтарууга бирдей укукту камсыздайт", — деп айтылат Тажикстандын билдирүүсүндө.
Советник вице-премьер министра правительства КР Жарасул Абдураимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Ош облусунун башчысы Абдраимов Чоң-Алай эли менен тыгыз иштешүүнү тапшырды
Белгилей кетсек, 4-июнга караган түнү саат 03:00дөр чамасында тажик тарап Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип контейнер коё баштаган. Ошол эле учурда тажик аскерлери автоунаа жана жеңил брондолгон техникалары менен топтолгону байкалган.
Кыргыз өкмөтү муну менен буга чейин жетишилген кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишими бузулганын белгилеген.
УКМКнын Чек ара кызматы эртең менен кырдаал чыңалып турганын кабарлаган, саат 14:00гө карата салыштырмалуу туруктуу.
Жаңылыктар түрмөгү
0