Телефон кармап тургана адам. Архив

ЕАЭБдин ичинде роумингди жоюп салуу процесси кайсы этапка келгени айтылды

62
(жаңыланган 19:31 04.06.2021)
Форумда Sputnik маалымат агенттигинин аянтчасында видео көпүрө уюштурулуп, Малкина бир катар суроолорго жооп берди.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигинин аймагында роумингди жоюп салуу маселеси этап-этабы менен каралып, 2025-жылы чечилиши мүмкүн. Бул тууралуу ЕЭКтин расмий өкүлү Ия Малкина билдирди.

Ал Петербург эл аралык экономикалык форумундагы "ЕАЭБ: интеграциянын чакырыктары жана ийгиликтери, өнүгүүнүн жаңы парадигмасы" аталышындагы ЕЭКтин сессиясынан кийин билдирүү жасады.

Форумдун алкагында Sputnik маалымат агенттигинин аянтчасында Санкт-Петербург — Бишкек — Ереван — Минск — Нур-Султан видео көпүрөсү уюштурулуп, Малкина бир катар суроолорго жооп берди.

Ага ЕАЭБдин аймагындагы роумингди алып салуу боюнча суроо узатылды.

"Роумингди алып салуу этап-этабы менен жүрө турган процесс. 2025-жылы роумингдин төлөмдөрү ар бир өлкөнүн өзүндөгү тарифтердей болуп каларына үмүт артабыз", — деп жооп берди Малкина.

Анын айтымында, ЕАЭБдин алкагында баарына калыс болгон тарифтик шарттарды түзүү боюнча план иштелип жатат. Ал Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилет.

62
Белгилер:
жоюу, роуминг, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан (271)
Тема боюнча
ЕАЭБде 2025-жылы роумингди жоюп салуу пландалууда
Бишкек шаары. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

44
15-июнга караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Шейшембиде күндүз кээ бир райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Талас өрөөнүндө +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл аймагында +21…+26, Нарында +18…+23 градуска жогорулайт.

Күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +32…+34 градуска жетет.

44
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Тонналаган акыр-чикир. Түтүн каптаган Бишкектин таштанды таштоочу жайынан видео

82
(жаңыланган 20:48 14.06.2021)
Калаадан чыккан бардык акыр-чикирди алып барып төккөн Бишкектин негизги таштанды таштоочу жайынын азыркы абалы кандай? Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрүңүз.

Жакында эле мэрия таштанды полигонун рекультивациялоо жана жабуу иштери жанданганын билдирген. Көп өтпөй рекультивациялоо кайра токтоп калганы белгилүү болду. Себеби подрядчы эстониялык компания ишти аягына чыгаруу үчүн башында макулдашылган каражатка кошумча дагы 1,3 миллион евро сураган.

Аталган долбоордун жалпы наркы 22 миллион евро, келишимге 2013-жылы кол коюлуп, 2015-жылы Жогорку Кеңеш ратификациялаган. Анын алкагында жаңы полигон салынып, эски таштанды жайды жабуу жана рекультивация иштери жасалат. Азыркы таштанды талаасы түздөлүп, акырындык менен жашыл аймакка айландырылмакчы. Мындан сырткары, метанды жок кылуу жабдуусун коюу пландалган, анткени таштанды ташталган жерден метан көп чыккандыктан түтөп, өрт тутана берет.

Ал эми рекультивациялоо долбоорунун наркы 9 миллион евро. Ишти аткаруу келишимине 2017-жылы июлда кол коюлган. Буга каражатты Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы бөлгөн. Анын жарымы грант, калганы кредит катары берилет.

82
Белгилер:
полигон, долбоор, жабуу, таштандылар сакталган жай, таштанды, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин таштанды полигонун рекультивациялоо иши 14 айдан кийин жанданды
Өкмөт уулуу калдыкты казып, 106 тонна алтын алууга белсенди. Кумтөрдөн видео