Иса Өмүркулов сыртка дарыланууга кетүүдө. КСДП фракциясын ким жетектейт?

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияны убактылуу эл өкүлү Жыргалбек Турускулов башкарып турмай болду.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов узак убакытка чет өлкөгө дарыланууга кетип жатат. Мындай маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине ЖК депутаты Аида Касымалиева тастыктады. 
Анын айтымында, Өмүркулов кетип жаткандыгына байланыштуу КСДП фракция жетекчилигин эл өкүлү Өмүрбек Бакировго убактылуу өткөрүп берген. Ал эми көпчүлүк коалицияны эл өкүлү "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов башкарып турмай болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0