Бир күндө COVID жуктургандар 400дөн ашты. 1 733 бейтап ооруканада жатат

© REUTERS / Alaa Al SukhniСитуация в Иордании из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Иордании из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Жазылуу
Бүгүнкү күндө ооруканаларда 1 733 бейтап жатат, алардын ичинен 102 кишинин абалы өтө оор, 485 бейтаптыкы оор деп бааланууда.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир күндө 413 адамдан COVID аныкталып, ошол эле учурда 320 бейтап сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Жаңы учур катталган аймактар:
Бишкек – 157;
  • Чүй облусу – 98;
  • Ош – 51;
  • Ош облусу - 41;
  • Ысык-Көл облусу – 24;
  • Жалал-Абад облусу – 24;
  • Баткен облусу – 8;
  • Нарын облусу – 6;
  • Талас облусу – 4.
Бүгүнкү статистиканы кошкондо пандемия башталгандан бери коронавируска кабылгандардын саны 106 636ны түздү.
Сакайып чыккандар:
  • Бишкек – 164;
  • Чүй облусу – 96;
  • Ош шаары – 18;
  • Жалал-Абад облусу – 18;
  • Ысык-Көл облусу – 9;
  • Ош облусу – 6;
  • Талас облусу – 6;
  • Нарын облусу – 3.
Ушуну менен пандемия башталгандан бери 100 114 кыргызстандык ооруну жеңип чыкты.
Бүгүнкү күндө ооруканаларда 1 733 бейтап жатат, алардын ичинен:
  • 32 адам – канааттандырарлык абалда;
  • 1 114 – орто оордукта;
  • 485 – оор;
  • 102 – өтө оор.
Үй шартында дарыгерлердин көзөмөлүндө 1 915 киши дарыланып жатат.
Акыркы сутка ичинде 5 205 адамга ПЦР-анализ жүргүзүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0