Унаасында уктап аткан киши. Архивдик сүрөт

Автоунаанын ичин кондиционерсиз кантип муздатуу керек. Кеңеш

496
Автокөлүктүн ичин муздаткандан тышкары айдоочулар аптап күнү өздөрү үчүн ар кандай шарттарды түзүп алса болот.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Автоунааны кондиционери жок муздатуунун натыйжалуу жолдору тууралуу Daily Express басылмасына эксперт ой бөлүштү.

Адистин айтымында, салонго күндүн кубаты менен иштеген чакан желдеткичтерди орнотсо болот.

Дагы бир ыкма — желдеткичтин тешигине жакын жерге нымдуу сүлгүнү байлап койсо, андан чыгып жаткан абаны муздатууга жардам берет.

Ошондой эле адис рулга жана жабдык тактасына (прибордук панель) чүпүрөк тыш каптап, терезелерди жаап айдап, автоунааны көлөкөгө токтотууну сунуш кылган.

Мындан тышкары, ысыктан сактануу үчүн муздак же муз тоңдурулган бөтөлкөнү салып алса болот. Адатта айдоочулар бөтөлкөгө сүлгүнү ороп моюн тушуна жаздап алышат. Бирок адис мындай ыкма ден соолукка зыян экенин айткан.

496
Белгилер:
кеңеш, автоунаа, аптап
Тема боюнча
Унааңызды пил токтотту беле? Трассадагы кызыктуу "жолугушуулардан" 15 сүрөт
Кыргызстандагы эл көп алган машиналар кымбаттадыбы? Унаа базарындагы абал
Пилот, Side attack drift team эл аралык дрифт командасынын мүчөсү, бир нече мелдештердин жеңүүчүсү Акылбек Өмүракунов

Өмүракунов: дрифт автоспорттун эң коопсуз түрү

2
Пилот, Side attack drift team эл аралык дрифт командасынын мүчөсү, бир нече мелдештердин жеңүүчүсү Акылбек Өмүракунов дрифт автоспорттун эң коопсуз түрү экенин айтты.

2017-жылдан бери дрифт менен алектенип келем. Ушул убакытка чейин алган тажрыйбам жарыштарда биринчи болууга мүмкүндүк берүүдө. Бул тууралуу Акылбек Өмүракунов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Өмүракунов: дрифт — автоспорттун эң коопсуз түрү

Анын айтымында, 12 жашынан баштап автоунаа башкара баштаган.

"Мен автоунааларга эс тарткандан бери кызыгам. Башталгыч класстарда дептерлерге өзгөчө автомашиналардын сүрөттөрүн тартып жүрчүмүн. Башка балдар кандайдыр бир тасмалардан эргүү алып, анан гана автоспортко келишет. Ал эми мен үчүн "Форсаж" сыяктуу картиналар ачылыш деле болгон эмес. Менин азыркы унаам Nissan 200sx. Казакстандан сатып алгам. Негизи дрифтке катыша турган техниканы толугу менен жасап чыгабыз. Себеби машинанын мотору, коробкасы жана башка бардык жагы бышык, күчтүү болушу зарыл. Унаанын каркасынын ичи жалаң трубалардан турат. Ошондуктан дрифт автоспорттун бардык түрлөрүнүн ичинен эң коопсузу десек болот. Унаа мелдеште чындап эле оор сыноодон өтөт. Ошондуктан ар бир жарыштан соң техника толук кароодон өткөрүлөт. Бул машиналар менен шаар ичинде жүрө албайбыз. Себеби мыйзам жол бербейт жана үнү абдан катуу чыгат. Жарыштын унаалары чиркегич менен гана ташылат", — деди Өмүракунов.

Пилот шаар ичиндеги көчө жарышчылары элдин дрифт маданиятын кабылдоосуна терс таасир тийгизип жатканын кошумчалады.

2
Белгилер:
авто, спорт, жарыш, дрифт
Тема боюнча
Вильнюста жашаган автоспортчу Данас Азикеев: "Литвадагы күлүк кыргыз" дешет
Бишкекте оңдоп-түзөөдөн кийин төрт көчөнүн ачылышы

Бишкектин төрт көчөсү 1-июлда автоунаалар үчүн ачылат. Тизме

24
(жаңыланган 12:10 24.06.2021)
Сухэ-Батор көчөсүнүн Каралаевден Шабдан баатырга чейинки бөлүгүнүн оңдолушу жана Аламүдүн дарыясы аркылуу курулуп жаткан көпүрө калаанын түштүк бөлүгүндөгү кичи райондордун жол тыгынын азайтат.

БИШКЕК, 24-июн. – Sputnik. Бишкектин төрт көчөсү оңдолуп бүтүп, 1-июлда тарнспорт үчүн ачылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

  • Четыре улицы после ремонта, планируемые открыть для проезда автомашин в Бишкеке. 24 июня 2021 года
    Бишкектин төрт көчөсү оңдолуп бүтүп, 1-июлда тарнспорт үчүн ачылат
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Четыре улицы после ремонта, планируемые открыть для проезда автомашин в Бишкеке. 24 июня 2021 года
    Мэриядан билдиришкендей, шаардын 35 көчөсүндө реконструкция иштери уланып жатат
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Четыре улицы после ремонта, планируемые открыть для проезда автомашин в Бишкеке. 24 июня 2021 года
    Маалыматта Жукеев-Пудовкин көчөсү Советтер Союзунан бери оңдолбогону белгиленди
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 3
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкектин төрт көчөсү оңдолуп бүтүп, 1-июлда тарнспорт үчүн ачылат

Автоунаа үчүн ачыла турган көчөлөрдүн тизмеси:

  • Огонбаев көчөсүнүн Ибраимовдон Осмонкулга чейинки бөлүгү;
  • Жунусалиев көчөсүнүн Абдрахмановдон Арча-Бешик конушундагы Масалиевге чейинки бөлүгү;
  • Айбийкеден Ак-Ордодогу темир жолго чейин;
  • Ак-Тилек көчөсүнөн Ак-Тилек конушундагы Дзержинскийге чейин.

Мэриядан билдиришкендей, шаардын 35 көчөсүндө реконструкция иштери уланып жатат. Анын ичинен төмөнкү көчөлөрдүн жолу 70 пайызга оңдолуп бүттү:

  • Сухэ-Батор;
  • Койбагаров;
  • Карасаев;
  • Көкчө-Тоо;
  • Ташкент;
  • Логвиненко;
  • Стадионная;
  • Фере;
  • Буденный.
"Арча-Бешиктеги Жайыл баатыр көчөсүнүн Чортековдон Алыкуловго чейинки бөлүгү (2,8 чакырым) борбор калаанын түштүк-батыш тарабындагы жолдун "жүгүн" жеңилдетет. Ошондой эле Сухэ-Батор көчөсүнүн Каралаевден Шабдан баатырга чейинки бөлүгүнүн оңдолушу жана Аламүдүн дарыясы аркылуу курулуп жаткан көпүрө калаанын түштүк бөлүгүндөгү кичи райондордун жол тыгынын азайтат. Курулуш иштеринин арты менен унаа көп жүргөн Ахунбаев менен 7-Апрель көчөлөрү бошой түшөт", — дешти мэриядан.

Маалыматта Жукеев-Пудовкин көчөсү Советтер Союзунан бери оңдолбогону белгиленди.

24
Белгилер:
курулуш, тыгын, жол, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Бишкекке жаңы алып келинген автобустар кайсы жактарга каттайт? Маршрут