COVID: Кызыл жарым ай коому Чүйдө тез жардам кызматын ишке киргизди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
Жазылуу
Кыргызстан боюнча эпидемиологиялык абал Бишкек шаары менен Чүй облусунда оор бойдон калууда. Оору жугузгандардын жана каза тапкандардын басымдуу бөлүгү дал ушул аймактарда катталып жатат.
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. COVID-19га байланыштуу абал курч бойдон кармалып тургандыктан Кыргызстандын Кызыл жарым ай коому Чүй облусу боюнча тез жардам кызматын ишке киргизди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
"Чүй облусу боюнча тез жардам кызматы COVID-19дун белгилери бар жарандарга жардам берип, 118 кызматынын жүгүн жеңилдетүү максатында иштейт. Жардам берүү акысыз", — деп айтылат билдирүүдө.
Бишкек, Токмок, Кара-Балта жана Кант шаарларынын тургундары төмөнкү телефондорго чалса болот:
  • 0709-400-600;
  • 0772-455-660;
  • 0222-264-609.
Эске салсак, Кыргызстан боюнча эпидемиологиялык абал Бишкек шаары менен Чүй облусунда оор бойдон калууда. Оору жугузгандардын жана каза тапкандардын басымдуу бөлүгү дал ушул аймактарда катталып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0