Эртең Бишкектин кайсы жерлеринде электр жарыгы жок болот? Тизме

© Фото / PexelsЛампочка. Архив
Лампочка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
Жазылуу
"Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери электр жабдууларын оңдоп, көмөк чордондорду тейлейт. Мындан улам шаардын айрым көчөлөрүндө жана жаңы конуштарда жарык убактылуу өчүрүлөт.
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Дүйшөмбү, 7-июнь күнү, Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.
Ишкананын кызматкерлери электр жабдууларын оңдоп, көмөк чордондорду тейлей турганы айтылды.
Жарык өчүрүлө турчу райондор, убактысы:
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Тунгуч кичи району (№ 3, 12, 17/2 үйлөр);
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Токтогул, Калык Акиев, Сыдыков, Айкөл, Малышев, Краснодонцев, Баялинов, Багратион, Минск көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө, Беломорский кууш жолунда жана Көлмө, Ак-Өргө (Ак-Чөлмөк, Жаңыл-Мырза, Кербез, Өмүр, Алты-Бакан, Ак-Бата) жаңы конуштарында электр жарыгы өчүрүлөт.
  • 9:30дан 17:00гө чейин — 10-кичи райондогу № 17 үй;
  • 9:30дан 19:00гө чейин —Жибек Жолу проспекти, Токтоналиев, Шопоков, Ибраимов, Жумабек, Таш-Көмүр (№ 2/1, 2/2 үйлөр) көчөлөрүндө жана Чоң Чүй каналынын аймагында Сүйүмбаев көчөсүнөн Осмонов көчөсүнө чейин;
  • 10:00дөн 17:00гө чейин — Көк-Жар жаңы конушунда (Керемет, Куйручук, Жеңижок, Тоң, Көк-Жар, Коңорчок көчөлөрүндө);
  • 11:00дөн 17:00гө чейин — Кара-Жыгач жаңы конушунда (Дордой, Исакеев, Көк-Ойрок, Ысык-Көл, Кожомкул, Жетиген көчөлөрүндө) жарык убактылуу өчөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0