Кишилер суусундуктар менен. Архив

Ичегини кайсы суусундук жакшы тазалайт? Адистин кеңеши

764
Диетологдун айтымында, квас Е, А витаминдерине жана аскорбин кычкылына бай. Анын курамында сүт, уксус кычкылдары көп болгондуктан чаңкоону да бат кандырат.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Дайыма квас ичип туруу тамак сиңирүүгө жана теринин абалына оң таасирин тийгизет. Бул тууралуу РИА Новостиге эндокринолог жана диетолог Татьяна Бочарова билдирген.

Анын айтымында, квас B тобундагы витаминдерге бай.

"Организмде B витамини жетишпеген учурда тери сезгенип, ал майлуу боло баштайт. Мындан сырткары, чач түшүп, какач пайда болот", — деди дарыгер.

Аталган витамин жетишпей жатканда адам тез чарчап, эст тутуму начарлап, нерв системасында көйгөй жарала турганы маалым болду.

Диетологдун айтымында, квас Е, А витаминдерине жана аскорбин кычкылына бай. Анын курамында сүт, уксус кычкылдары көп болгондуктан чаңкоону да бат кандырат.

Бочарова квас ачытылып жасалгандыктан бир кружкасы же 0,3 литри табитти ачып, ичегини жумшак тазалап, тамак сиңирүүгө оң таасирин тийгизе турганын белгилеген.

764
Белгилер:
квас, кеңеш, суусундук, ичеги, диетолог
Тема боюнча
Ысыкта канча суу ичүү керек жана кайсы суусундук зыян. Кеп-кеңеш
Дарыгер: майы жок азык менен арыктоо тукумсуздукка алып келиши мүмкүн
Бишкек шаары. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

45
15-июнга караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Шейшембиде күндүз кээ бир райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Талас өрөөнүндө +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл аймагында +21…+26, Нарында +18…+23 градуска жогорулайт.

Күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +32…+34 градуска жетет.

45
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Тонналаган акыр-чикир. Түтүн каптаган Бишкектин таштанды таштоочу жайынан видео

83
(жаңыланган 20:48 14.06.2021)
Калаадан чыккан бардык акыр-чикирди алып барып төккөн Бишкектин негизги таштанды таштоочу жайынын азыркы абалы кандай? Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрүңүз.

Жакында эле мэрия таштанды полигонун рекультивациялоо жана жабуу иштери жанданганын билдирген. Көп өтпөй рекультивациялоо кайра токтоп калганы белгилүү болду. Себеби подрядчы эстониялык компания ишти аягына чыгаруу үчүн башында макулдашылган каражатка кошумча дагы 1,3 миллион евро сураган.

Аталган долбоордун жалпы наркы 22 миллион евро, келишимге 2013-жылы кол коюлуп, 2015-жылы Жогорку Кеңеш ратификациялаган. Анын алкагында жаңы полигон салынып, эски таштанды жайды жабуу жана рекультивация иштери жасалат. Азыркы таштанды талаасы түздөлүп, акырындык менен жашыл аймакка айландырылмакчы. Мындан сырткары, метанды жок кылуу жабдуусун коюу пландалган, анткени таштанды ташталган жерден метан көп чыккандыктан түтөп, өрт тутана берет.

Ал эми рекультивациялоо долбоорунун наркы 9 миллион евро. Ишти аткаруу келишимине 2017-жылы июлда кол коюлган. Буга каражатты Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы бөлгөн. Анын жарымы грант, калганы кредит катары берилет.

83
Белгилер:
полигон, долбоор, жабуу, таштандылар сакталган жай, таштанды, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин таштанды полигонун рекультивациялоо иши 14 айдан кийин жанданды
Өкмөт уулуу калдыкты казып, 106 тонна алтын алууга белсенди. Кумтөрдөн видео