Ала-Тоо аянтындагы гүлдөр. Архивдик сүрөт

Каракеева: "Ала-Тоо" аянтындагы гүлдөрдү жулуп кетип жатышат

84
(жаңыланган 18:07 07.06.2021)
Маалымат катчынын айтымында, аянтты көрккө бөлөгөн гүлдөн жасалган саатты белгисиз адамдар тебелеп, гүлүн тамыры менен жулуп кеткен.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Өткөн жумада эки ирет "Ала-Тоо" аянтындагы гүлдөрдү жулуп кетишти. Бул тууралуу "Тазалык" ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева Facebook баракчасына жазды.

"Аянттагы гүлдөрдү тамыры менен жулуп кетип жатышат. Бизде кандай адамдар жашайт деги? 100дөй гүлдү алып кетишиптир. "Тазалыкчылар" жаңы эле калыбына келтирди эле", — деди ал.

Каракеева шаардыктарды жок дегенде гүлгө аяр мамиле жасоого чакырды.

84
Белгилер:
тазалык, гүл, "Ала-Тоо" аянты, Бишкек
Тема боюнча
Марттан тарта шаардагы көчө шыпырган "тазалыкчылардын" айлыгы көтөрүлмөй болду
Бишкек шаары. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

41
15-июнга караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Шейшембиде күндүз кээ бир райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Талас өрөөнүндө +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл аймагында +21…+26, Нарында +18…+23 градуска жогорулайт.

Күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +32…+34 градуска жетет.

41
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Тонналаган акыр-чикир. Түтүн каптаган Бишкектин таштанды таштоочу жайынан видео

80
(жаңыланган 20:48 14.06.2021)
Калаадан чыккан бардык акыр-чикирди алып барып төккөн Бишкектин негизги таштанды таштоочу жайынын азыркы абалы кандай? Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрүңүз.

Жакында эле мэрия таштанды полигонун рекультивациялоо жана жабуу иштери жанданганын билдирген. Көп өтпөй рекультивациялоо кайра токтоп калганы белгилүү болду. Себеби подрядчы эстониялык компания ишти аягына чыгаруу үчүн башында макулдашылган каражатка кошумча дагы 1,3 миллион евро сураган.

Аталган долбоордун жалпы наркы 22 миллион евро, келишимге 2013-жылы кол коюлуп, 2015-жылы Жогорку Кеңеш ратификациялаган. Анын алкагында жаңы полигон салынып, эски таштанды жайды жабуу жана рекультивация иштери жасалат. Азыркы таштанды талаасы түздөлүп, акырындык менен жашыл аймакка айландырылмакчы. Мындан сырткары, метанды жок кылуу жабдуусун коюу пландалган, анткени таштанды ташталган жерден метан көп чыккандыктан түтөп, өрт тутана берет.

Ал эми рекультивациялоо долбоорунун наркы 9 миллион евро. Ишти аткаруу келишимине 2017-жылы июлда кол коюлган. Буга каражатты Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы бөлгөн. Анын жарымы грант, калганы кредит катары берилет.

80
Белгилер:
полигон, долбоор, жабуу, таштандылар сакталган жай, таштанды, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин таштанды полигонун рекультивациялоо иши 14 айдан кийин жанданды
Өкмөт уулуу калдыкты казып, 106 тонна алтын алууга белсенди. Кумтөрдөн видео