Бакиевдин үй-бүлөсүн соттогон. Жапаров көрсөткөн мас судья тууралуу 6 факты

© Фото / пресс-служба Верховного суда КРЧүй облустук соттун төрагасы Дамирбек Оңолбеков (сол жакта). Архив
Чүй облустук соттун төрагасы Дамирбек Оңолбеков (сол жакта). Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Жазылуу
Ичимдик ичип талкууга түшкөн судья сот тармагында 30 жылдан бери иштейт. Мурунку президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүн соттогон. Атасы да мурда жогорку кызматтарды аркалаган, ал эми бир тууган иниси Бажы кызматын башкарган.
Чүй облустук соттун төрагасы Дамирбек Оңолбековдун мас абалда бутуна тура албай иш бөлмөсүнө келгени коомчулукту таң калтырды. Ал видеону бүгүн президент Садыр Жапаров Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин жыйынында көрсөттү. Дал ушул жыйында сот жана укук коргоо тармагын өркүндөтүү маселеси талкууланган.
Sputnik Кыргызстан агенттиги судья Дамирбек Оңолбеков тууралуу фактыларды сунуштайт.

Ушундай болуп калды...

Оңолбеков бүгүн окуя тууралуу кабарчыга комментарий берип жатып мас болуп жумушка келгенин танган жок. Бирок видео былтыр 4-июль күнү тартылганын айтты.
"Былтыр пандемия маалында Чүй облустук сотунда көбү ооруп жаткан. Биз катчылар, аппарат кызматкери болуп иштеп жаттык. Ошол маалда дүрбөлөңгө туш болбойлу деп... Эми түшүнүп жатасызбы, ошондой болуп калды. Аны четке какпай эле коёюн, ар кандай болот, баарыбыз эркекпиз. Анда "кара июль" эле, видео ишемби күнү тартылыптыр. Ошол кезде пандемияга карабай иштеп жатканбыз. Муну (видеону — ред.) ким жеткирди, териштиргим келбейт, кудай өзү көрүп турат. Канча душман, канча досум бар. Баарына жага албайсың", — деген пикирин билдирди.
Ал эми жумушка күн сайын ичип келет деген сөздү четке кагып, мындай такыр мүмкүн эместигин белгиледи. Түзүлгөн жагдайдан улам өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө арыз жазды. Ал арада Судьялар кеңеши Оңолбековду мөөнөтүнөн мурда иштен алууну президентке сунуштады.

Сот тармагында 30 жыл, Чүй облусунда 3 жыл иштеди

Оңолбеков 1966–жылы 31-мартта Фрунзе шаарында туулган. Ал Sputnik Кыргызстанга берген маегинде сот тармагында 30 жылдан бери иштеп келе жатканын айтты. Бул аралыкта Ысык-Көл облустук соттун төрагасынын орун басары, Бишкек аскердик гарнизондук сотунун судьясы болуп иштеген. Ал эми Чүй облустук соттун судьялыгына 2018-жылы 1-февралда ошондогу президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен дайындалган. Кийинчерээк төрага болуп бекитилген.

"Кылымдын сотун" тергеп, Бакиевдин үй-бүлөсүн соттогон

2010-жылдагы 7-апрель коогалаңында Ак үйдүн алдында 80ге чукул адам окко учуп, 300дөн ашууну жаракат алган. Бул окуя боюнча соттук териштирүү ошол жылдын 30-ноябрында башталган.
Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Шашып жатышат. Калиева аны жоопко тартууга жол ачкан чечим боюнча үн катты
Аны баштан аяк Бишкек аскердик гарнизондук сотунун судьясы Дамирбек Оңолбеков карап, 2014-жылы 25-июлда өкүм чыгарган. Натыйжада УКМКнын "Альфа" атайын бөлүгүнүн кызматкерлери акталып, Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Мындан сырткары, бир катар жооптуу кызматкерлер, аткаминерлер 10 жылдан 25 жылга чейин кесилген.
Бул соттук процесс тарыхта эң узак убакытка созулган жана көлөмдүү, ошол эле учурда чуулуу иш болуп, эл арасында "Кыргызстандагы кылым соту" деп аталып калды. Себеби соттук териштирүү 3 жыл 8 айга созулуп, 95 томдон турган материал даярдалган. Ал эми өкүм 400 бет болуп жазылып, аны бир жума окуган.

Атасы КГБда иштеген

Атасы Мадылбек Оңолбеков мамлекеттик жана партия кызматкери болгон. Ал Кыргыз ССРинин Коопсуздук мамлекеттик комитетинде, Юстиция министрлигинде, Жогорку Кеңеште, Конституциялык сотто жетекчилик кызматтарды аркалаган. Былтыр узакка созулган оорудан улам 80 жашында дүйнөдөн өткөн.

Бир тууган иниси Бажы кызматын башкарган

2018-жылы май айында Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов кызматтан бошотулуп, анын ордуна Алмаз Оңолбеков дайындалган. Ал учурда кеп болуп жаткан судья Дамирбек Оңолбековдун бир тууган иниси. Ага бул кызматты башкаруу шыбагасы бир жылдан ашыгыраак убакытка созулган.

Батирден башка мүлкү жок

2018-жылы киреше-чыгашасы тууралуу тапшырган декларациясында бир жылда 854 233 сом табарын жазган. Аянты 72,1 чарчы метр бир батирге жана бакча тибиндеги 800 чарчы метр жер тилкеге ээлик кылат. Мындан башка мүлкү жок.
Ал эми жакын туугандары бир жылда 430 574 сом тапкан.
Оңолбеков бүгүн берген маегинде төрт жылдан бери дем алышсыз иштеп жатканын, башкаларга окшоп чет өлкөгө эс алууга да чыкпаганын белгиледи. Жадагалса Ысык-Көлгө да бара электигин айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0