Автоунаа күн батышынын фонунда. Архив

Ысыкта жолдо калбайын десеңиз... Автоунаа өчүп калбаш үчүн эмне кылуу керек

294
(жаңыланган 10:01 08.06.2021)
Ысыкта радиаторду бат-баттан жуудуруп турган оң. Анткени дал ушул тетик мотордун желдеп турушуна шарт түзөт. Жайында ага курт-кумурска, чаң, бак-дарактын бүрү жабышып бат кирдейт.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Аптапта автоунаа өчүп же ичиндегилер кыйналбаш үчүн алдын ала кондиционерге фреон каражатын коюп, моторду текшертип алуу керек. Бул тууралуу "360" телеканалына автоунаа боюнча адис Дмитрий Славнов айтып берди.

"Адам ысык күндөргө жеңил, ыңгайлуу кийим, күндөн коргоочу каражаттарды алгандай эле машинаны дагы атайын даярдаш керек. Мисалы, ал ысып кетпеш үчүн антифриздин деңгээлин текшерип туруу оң", — деди адис.

Ал эми айдоочу жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү үчүн кондиционерге фреон куюу зарыл.

"Тетиктери кургап кетпеши үчүн кондиционерди кышкысын дагы маал-маалы менен бир нече мүнөткө иштетип туруу керек. Андыктан фреон кышы-жайы керектелчү каражат. Ошондой эле ысык учурда радиаторду бат-баттан жуудуруп турган оң. Анткени дал ушул тетик мотордун желдеп турушуна шарт түзөт. Жайында ага курт-кумурска, чаң, бак-дарактын бүрү жабышып бат кирдейт", — деди Славнов.

Сөзүнүн аягында адис негизи эле автоунааны улам текшертип, абалын билип туруу керек экенин кошумчалады.

294
Белгилер:
кондиционер, мотор, даярдык, жай, автоунаа
Тема боюнча
Канткенде автоунаа бензинди аз ичет. Эксперттин үч кеңеши
Бишкек шаары. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

44
15-июнга караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Шейшембиде күндүз кээ бир райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Талас өрөөнүндө +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл аймагында +21…+26, Нарында +18…+23 градуска жогорулайт.

Күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +32…+34 градуска жетет.

44
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Тонналаган акыр-чикир. Түтүн каптаган Бишкектин таштанды таштоочу жайынан видео

82
(жаңыланган 20:48 14.06.2021)
Калаадан чыккан бардык акыр-чикирди алып барып төккөн Бишкектин негизги таштанды таштоочу жайынын азыркы абалы кандай? Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрүңүз.

Жакында эле мэрия таштанды полигонун рекультивациялоо жана жабуу иштери жанданганын билдирген. Көп өтпөй рекультивациялоо кайра токтоп калганы белгилүү болду. Себеби подрядчы эстониялык компания ишти аягына чыгаруу үчүн башында макулдашылган каражатка кошумча дагы 1,3 миллион евро сураган.

Аталган долбоордун жалпы наркы 22 миллион евро, келишимге 2013-жылы кол коюлуп, 2015-жылы Жогорку Кеңеш ратификациялаган. Анын алкагында жаңы полигон салынып, эски таштанды жайды жабуу жана рекультивация иштери жасалат. Азыркы таштанды талаасы түздөлүп, акырындык менен жашыл аймакка айландырылмакчы. Мындан сырткары, метанды жок кылуу жабдуусун коюу пландалган, анткени таштанды ташталган жерден метан көп чыккандыктан түтөп, өрт тутана берет.

Ал эми рекультивациялоо долбоорунун наркы 9 миллион евро. Ишти аткаруу келишимине 2017-жылы июлда кол коюлган. Буга каражатты Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы бөлгөн. Анын жарымы грант, калганы кредит катары берилет.

82
Белгилер:
полигон, долбоор, жабуу, таштандылар сакталган жай, таштанды, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин таштанды полигонун рекультивациялоо иши 14 айдан кийин жанданды
Өкмөт уулуу калдыкты казып, 106 тонна алтын алууга белсенди. Кумтөрдөн видео