Куудул, сатирик Рахман Разыков. Архив

Сахнада саясатчылардын айласын кетирип... Рахман Разыков тууралуу 8 факты

658
(жаңыланган 15:15 08.06.2021)
Куудул, сатирик Рахман Разыков акыркы сапарга узатылып, сөөгү жерге берилди. Ал 7-июнга караган түнү көз жумган. Маданият ишмери 66 жашта эле.

Sputnik Кыргызстан агенттиги сатира, юмор чөйрөсүнө зор салымын кошкон Рахман Разыковдун өмүр таржымалы, чыгармачылыгы, үй-бүлөсү тууралуу фактыларды чогултту. Айрым маалыматтар куудулдун жакын санаалашы жана сахналашы Жамбыл Камчиевден алынды.

Туулган жери. Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу районунун Таширов колхозунда, азыркы Савай айылында туулган.

Известный кыргызский сатирик Рахман Разыков с коллегами по театру
© Фото / предоставлено Жамбылом Камчиевым
1990-жылы түзүлгөн "Аралаш" театры. Сүрөттө: Манас Бердибеков, Рахман Разыков, Дөөлөт Мадумаев жана Жамбыл Камчиевдин жаш кездери.

Агроном. Разыков кесиби боюнча агроном. Жакындарынын айтымында, ал Айыл чарба институтун аяктаган.

Сахнага байланган 45 жыл. Рахман Разыков менен "Аралаш" куудулдар тобун түптөгөн жакын санаалашы Жамбыл Камчиев куудул менен таанышкан күнүн, "Аралаш" тобу кантип түптөлгөнүн айтып берди.

"Рахман менен Оштон таанышкам. Бир күнү Ош облусундагы өзбек театрына обончулардын отчеттук концертине барып, майкачан, аккордеон менен тамашалуу ыр аткарып жаткан жигитти көрүп калдым. Концерт бүткөндөн кийин экөөбүздү сахна артынан бир эже тааныштырган. Рахман 45 жылдан бери сахнада. Экөөбүз 1987-жылы "Азем" деген кооперативдик топ уюштурганбыз. Кийин ал топко Манас Бердибеков да кошулуп, үчөөбүз "Мыскыл жана тамашаны" алып чыкканбыз. Бизди ал учурда Жолдошбек Мамажанов жетектечү. 1988-1989-жылдары Бишкекке келип төрт күн катары менен концерт бергенибиз эсимде. Төртүнчү күнү залга эл батпай, аншлаг болгон. Андан кийин 1990-жылы "Аралаш" театры түзүлдү. Топто Манас, Рахмандан тышкары Дөөлөт Мадумаев да бар эле. Азыр үчөө тең кетти, жалгыз калдым...", — деди Камчиев.

Шакиртке бай. Рахман Разыков "Таң жылдызы", "Бешилик", "Беш кемпир", "Беш тапан" куудулдар тобун түзүп, аларды чоң сахнага алып чыккан. Аталган куудулдар тобу менен таанымал болгондордун арасында Тынар Курбаналиев, Талант Анарбаев, Эрнис Бөрүбаевдер бар.

Известный кыргызский сатирик Рахман Разыков с коллегами
© Фото / предоставлено Жамбылом Камчиевым
Рахман Разыков КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алган. Мындан сырткары, ал КР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон

Жазуучу. Рахман Разыков КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алган. Мындан сырткары, ал КР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Ыр чыгарып, китеп жазчу. Жакындарынын айтымында, акыркы учурда "Аралаш" тобунун тарыхы тууралуу китеп жазып жаткан. 

Саясатка аттанып. Рахман Разыков бир нече жолу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси менен шайлоого барган. Ал саясий көз карашын да активдүү билдирип турган. Концерттеринде сөзсүз саясий темаларды аралаштырып, аткаминер, саясатчыларды какшыктап турчу. Ал тургай айрым концерттерине бийлик тарабынан бут тосуулар болуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет суракка чакырганын уюштуруучулар айтып чыгышкан.

Үй-бүлөсү. Рахман Разыков үч уул, үч кыздын атасы. Балдарынын бири Каныбек Разыков атасынын жолун жолдоп куудул, тамада болгон. Бир кызынын да ырчы экени айтылды.

Известный кыргызский сатирик Рахман Разыков с коллегами
© Фото / предоставлено Жамбылом Камчиевым
Рахман Разыков үч уул, үч кыздын атасы. Балдарынын бири Каныбек Разыков атасынын жолун жолдоп куудул, тамада болгон

Коронавирустун курмандыгы. Жакын санаалаштарынын айтымында, Рахман Разыков коронавирус илдетин жуктуруп алып 10 күндөн бери ооруканада дарыланып жаткан. Бирок куудул ооруну жеңе алган эмес. Бул илдетти аялы да жуктуруп, ооруканада экени маалым болду. Рахман Разыков кант дибети менен да жабыркап жүргөнү айтылды.

658
Белгилер:
таржымал, факты, куудул, Рахман Разыков
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (398)
Рустам Раджапов жубайы Татьяна менен Душанбе шаарындагы Бакыт үйүндө экөө баш кошкону жөнүндө күбөлүккө кол коюп жаткан учур

"Тажикстандыктардын көбү Кыргызстанга качып аман калган". Жарандык согуштун каары

0
Коңшу Тажикстанда жарандык согуш токтоп, тынчтык орногонуна быйыл 24 жыл болду. 1992-жылы бул коңшу өлкөдө ар түрдүү социалдык-экономикалык жана диний себептерден улам беш жылга созулган кандуу тиреш башталган.

Тажикстандагы жарандык согушту токтотууга Россия менен Кыргызстан зор салым кошкон. Тарыхый процессттин катышуучулары менен колумнист Алмаз Батилов маектешкен.

Кыргызстандын мурдагы вице-президенти Феликс Кулов: демилге ишке ашпай калган

— 1991-жылы 26-декабрда Советтер Союзу урагандан кийин Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы чек араны Россиянын чек арачылары кайтарган. Ал эми Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен чек ара тарап каралбай калды, өлкө чек ара кызматын түптөй элек болчу. Эки өлкөнүн жарандары такталбаган чек ара тилкелеринде үй салып жатышты. Ал кезде мен вице-президент болчумун. Өлкөбүздүн түштүк аймактарынан чыккан ишкерлерди чогултуп, казынада акча жок экенин, аталган мамлекеттер менен чектешкен чөлкөмдөрдө социалдык жана экономикалык көйгөйлөр чечилбей жактанын, ошол себептен Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара меселеси абдан курч экендигин түшүндүрдүм.

Ишкерлерге Ош облусуна караган Баткен тараптагы такталбаган чек ара тилкелердин жанына кафе, автоунаа оңдоочу жайларды же ишкана салып, алардын аталыштары сөзсүз кыргыз тилинде болушу керек дедим. Мындан сырткары, бул үчүн беш жылга чейин салыктан бошотуу тууралуу жарлык чыгаруу жөнүндө сунуш киргизеримди белгиледим. Ишкерлер дароо эле колдоп кетишти. Акаевге кирип айтсам сунушума макул болду. Бизнесмендерди президентке киргизип, бул бейрасмий коомду "Улуттук ар-намыс болсун" деп атамай болдук. Жарлык чыкты.

Вице-президент США Альберт Гор встречается с премьер-министром Кыргызстана Турсунбеком Чынгышевым и вице-президентом Феликсом Куловым (первый справа) во время официального визита в Кыргызстан. Бишкек, 1992 г.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
АКШнын вице-президенти Альберт Гор Кыргызстандагы расмий иш-сапарында КРдын премьер-министри Турсунбек Чыңгышев жана вице-президенти Феликс Кулов (оң жактан биринчи) менен таанышып жаткан учур. Бишкек, 1992-жыл

Жигиттер долборлорун түзүп, ишке ашырууга билек түрүнө киришти. Бирок үч айдан кийин жогоруда сөз болгон жарлыкты Аскар Акаевич жокко чыгарып салды. Мындан улам ишкерлердин бийликке ишеними жоголду. "Жарлыгыңызды эмнеге жокко чыгардыңыз?" деп сурасам, Акаев көзүн ала качып, кеңешчиси Леонид Левитин чек ара маселеси абдан курч болгондуктан жарлыктын кереги жок деген кеңеш бергенин айтты. Левитинге жолуксам, ал да ар түрдүү шылтоо айтып артын качырды. Ошентип мамлекетибиз үчүн бул стратегиялык маселе чечилбей калган. Анын айынан жакында Тажикстан Кыргызстанга кол салып, бейкүнөө жарандарыбыз каза болуп, жараат алып, турак жайы менен мүлкүнөн ажырашты.

Жогоруда айтылган демилгени азыркы бийлик колдонсо болот. Кыргызстандык ишкерлер менен чет элдик инвесторлор Баткен аймагында аскердик, социалдык багыттагы объектилерди жана ишканаларды курса, өкмөт аларды беш жылга салыктан бошотуш керек. Анткени бүгүнкү күндө деле мамлекеттин казынасында андай объектилерди курууга каражат жок.

Тажикстандык качкын Александр Нарочный: Кыргызстанга жеткендер аман калган

— 1974-1996-жылдары апам Татьяна, карындашым Лидия жана мен Душанбе шаарында турчубуз. Бир жана эки бөлмөлүү эки батирибиз бар эле. Мындан сырткары, шаардын чок ортосунда дагы төрт бөлмөлүү чакан үй төрт сотых жери менен бар болчу. Ал эми таятамдар Бишкекте жашачу. 1988-жылы орто мектепти Душанбеден бүтүп, армияга чакырылдым. 1989-1993 жылдары Нижегород облусундагы Дзержинск шаарында аскердик кызматымды өтөп, кайра Душанбеге кайткан учурда Тажикстанда жарандык согуш жүрүп жаткан. Бириккен тажик оппозициясынын тарапкерлери өздөрүн "вовчик" деп аташты. Ал эми расмий бийликтин жактоочулары "юрчик" деген атка конушту. Булар максатына жетиш үчүн карапайым элди курмандыкка чалды. Түн ичинде "вовчиктер" жана "юрчиктер" жай тургундардын үйүнө кирип талап-тоноп, аларды суроо-сопкутсуз эле өлтүргөн учурлар көп болду. Ошондуктан колунан келгендер Россияга качты. Көпчүлүгү эптеп Кыргызстанга жетип, жанын аман алып калышты. Ал эми Өзбекстан чек арасын жаап, качкандарды кабыл алган жок. Расмий Ташкент айрым учурда гана чек араны ачып турду.

Александр Нарочный на службе в Советской Армии. Нижегородская область, город Дзержинск. 1990 г.
© Фото / из личного архива Александра Нарочного
Александр Нарочный Советтик армияда аскердик кызматын өтөп жүргөн учур. Нижегород облусу, Дзержинск шаары. 1990-жыл

Согушка да айла жок көнөт экенсиң. Кээде балконго чыгып, кимиси экени белгисиз, Душанбеге чабуул коюп, танк менен шаарды аткылаганын көрчүмүн. Мунун натыйжасында калаа тургундары ачка калды. Россиянын 201-мотоаткычтар дивизиясынын жоокерлери БТР менен келип шаардын калкына нан таратып берчү. Эл нан алганча жанындагы паркта "вовчиктер" менен "юрчиктер" салгылашып жаткан болот, тургундар буга да көңүл бурбай токоч алып жатканын көрүп жаныман түңүлгөм. Далай классташтарым менен теңтуштарым кандуу тиреште каза болду. Ошол учурда таажездем Николай Емцов Душанбеде жашачу. Жаш кезинде Фрунзе шаарынын "Алга" футбол командасынын белгилүү оюнчусу эле. Бирок ден соолуктун айынан майып болуп, коляскада отурчу. 1996-жылы аны Россиянын 201-мотоаткычтар дивизиясынын аскерлеринин жардамы менен БТРге салып темир жол вокзалына жеткиздим. Какаганга муштаган болуп, ал жерде расмий Душанбенин аскерлери менен согушкерлер салгылашып жатыптыр. Буга карабастан таажездемди россиялык жоокерлердин көмөгү менен Өзбекстанга кетип жаткан акыркы поездге отургузганга зорго үлгүрдүм. Ал коңшу мамлекет аркылуу Бишкекке келди. Ишенесизби, эки батирди эмереги менен 800 АКШ долларына сатып, колубузга болгону документтерди алып чыгып кеттик. Душанбенин чок ортосундагы төрт бөлмөлүү үйүбүздү сатканга жетишкен жокпуз. Ыраматылык досум Леонид Пивнев да энесин Бишкекке узатып, биз сыяктуу батирин арзыбаган акчага сатканга мажбур болгон. Леониддин "Москвичине" апам, карындашым болуп үчөөбүз түшүп, төртөөбүз араң Өзбекстанга өтүп Кыргызстанга таенем Лидия Нарочновага келдик. Ошондо "өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет" деген макалдын түпкү маанисин түшүндүм.

1990-жылдары Бишкекте тажикстандык качкындар көп болчу. Бардыгы мамлекеттен жана эл аралык уюмдардан жардам алып турушту. Документтерди калыбына келтиргенге расмий органдар чоң көмөк көрсөттү. Кыргызстандын жарандыгын алганча "качкын" деген макам менен жүрдүк. 2005-жылы Кыргызстандын жарандыгын алдым. Менин жеке пикиримде Тажикстандагы согушту токтотконго Россиянын 201-мотоаткычтар дивизиясы менен чек арачылары жана Кыргызстандын тынчтык орнотуучу батальону ат көтөргүс эмгек кылды. 1997-жылы май айында Кыргызстан расмий Душанбе менен Бириккен тажик оппозициясын элдештерип, Тажикстанда тынчтык орнотууга зор салым кошкон.

КР армиясынын запастагы полковниги Рустам Раджапов: согуш кызып турганда той өткөргөнбүз

— 1996-жылы февраль айынын башында Новосибирск шаарындагы жалпы командалык аскердик окуу жайдын чалгын факультетинде окуп жүргөн маалда кышкы өргүүгө Душанбеге келдим. Бала чагым Тажикстанда өткөн. Анда ата-энем менен бир туугандарым Душанбеде жашачу. Ошол убакта атам Абдрахим Раджапов Тажикстандагы Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн штабында Кыргызстандын Коргоо министирлигинин өкүлү болчу. 1996-жылдын 10-февралында өмүрлүк жарым Татьяна экөөбүздүн үйлөнүү тоюбуз болду. Ал Россиянын 201-мотоаткычтар дивизиясынын катарында кызматын өтөп жүргөн кези эле. Ошол маалда расмий бийликтин душманы белгилүү полковник Махмуд Худойбердыев Регар калаасындагы алюминий заводун курчоого алган. Худойбердыевдин мүдөөсү тажик өкмөтүнөн акча алуу болчу. Дал ушул себептен улам атам үйлөнүү тоюбузду өткөргөнгө Тажикстандын ажосу Эмомали Рахмондон уруксат сурап, макулдугун алган. Анткени кандуу тирешүүгө чейин атам аны жакшы таанычу. Анын үстүнө Эмомали Шарипович атамды расмий Бишкектин өкүлү катары аябай сыйлачу.

Рустам Раджапов и его жена Татьяна подписывают свидетельство о браке в доме Бакыт в Душанбе. 10 февраля 1996 г.
© Фото / из личного архива Феликса Кулова
Рустам Раджапов жубайы Татьяна менен Душанбе шаарындагы Бакыт үйүндө экөө баш кошкону жөнүндө күбөлүккө кол коюп жаткан учур. 1996-жыл 10-февраль

Баш-аягы тоюбузда алты жүздөй конок болду. Меймандардын арасында расмий Душанбенин аткаминерлери, аскер кызматкерлери, Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн жана Россиянын 201-мотоаткычтар дивизиясынын офицерлери болду. Мындан сырткары, Регар шаарын расмий бийликтин каршылашы полковник Худайбердыевден коргогон тажик армиясында классташтарым жана теңтуштарым бар эле. Алар нөөмөтүн башка жоокерлер алмаштырган учурда келип куттуктап, кайра окопторго кайтып жатышты. Ырчыларды жалдаган эмеспиз. Ошон үчүн ким ырдай алса сахнага чыгып ырдап жатты. Мындан сырткары, Бириккен тажик оппозициясынын катарындагы үч классташым да тойго катышты. Алар ресторанга кирер алдында автоматтарын таштап, аскердик формасын чечип тойго кийчү кийимдерин кийип келишти. Азыр согуш учурунда апам Мавлия кантип дасторкон жайып, ушунча конокту кантип тосконун эстеп таң калам. Энем 6-разряддагы ашпозчу болгондуктан үлпөт тоюбуз мыкты өттү. Согуш кызып турганда үйлөнүү тойду өткөрүү бул тарыхта сейрек болчу окуялардан болсо керек.

0
Белгилер:
Аскар Акаев, качкын, той, согуш, Россия, Кыргызстан, Тажикстан
Тема боюнча
Аскар Акаев: Тажикстандын бийлиги менен оппозициясын үч күн дегенде эпке келтиргенбиз
Дипломаттын жубайы Эдиса Намазбекова: бөтөн жерде өлүп калабызбы деп коркчумун
Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан боз үйлөр. Архивдик сүрөт

Тоого кар жаайт. Бейшембиге карата аба ырайы

0
24-июнга караган түнү республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бейшембиде күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28…+33, Талас облусунда +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Ысык-Көл жергесинде +21…+26, Нарын чөлкөмүндө +21…+26 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +30…+32, Ош шаарында +31…+33, Чолпон-Атада +24…+26 градус ысыйт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, июнь, аба ырайы
Тема боюнча
Ысыгыраак болот. Июль айына карата аба ырайы