Бишкектин 42 көчөсүндө жарык болбойт. 9-июндагы өчүрүүлөрдүн графиги

© Фото / PexelsРозетка. Архив
Розетка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Жазылуу
Ал күнү электр жабдыктарын оңдоо, көмөк чордондорду тейлөө, зымдарга тоскоолдук жараткан бак-дарактардын шактарын кесүү жана башка пландык иштер жасалат.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Эртең, 9-июнда, Бишкектин бир катар райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.
Жумушчулар электр жабдыктарын оңдоо, көмөк чордондорду тейлөө, зымдарга тоскоолдук жараткан бак-дарактардын шактарын кесүү жана башка пландык иштерди жасашат.
Өчүрүүлөрдүн графиги:
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Исанов, Фрунзе, Тоголок Молдо, Абдыкадыров, Асаналиев, Красная, Кочкор, Леваневский, Матыев, Гагарин, Коммунаров, Рижская көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө. Мындан сырткары, Арча-Бешик конушунда (Ак-Кайың, Кереге-Тоо, Муромская, Кривоносов, Чортеков, Ак-Марал, Жазыйра, Ахунбаев көчөлөрү) жана Ак-Босого конушунун (Чүй көчөсүндөгү №10-16 үйлөрдө), ошондой эле Жал кичи районундагы №91 үйдө;
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Ак-Өргө (Ашар, Саадак, Таш-Рабат көчөлөрүндө) жана Ак-Ордо конушунун (Тагай-Бий, Садыр-Аке, Бугу-Эне, Барчын көчөлөрүндө);
  • 9:00дөн 19:00гө чейин — Лермонтов, Курманалиев, Болотная, Карпатская, Шайыр, Осмонкул, Суворов, Кирпичный, Древесная, Жданов, Саманчин көчөлөрүнүн жана Жибек Жолу проспектисинин айрым бөлүктөрүндө;
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — 10-кичи райондун айрым бөлүгүндө (№ 1,18,30-34 үйлөрүндө);
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Көк-Жар конушунун (Тоң, Шоокум, Куйручук көчөлөрүндө).
Жаңылыктар түрмөгү
0