Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бүгүн Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновду кабыл алуу учурунда

Марипов Кудайбергеновго Бишкектин көйгөйлөрүн тизмектеп берди

225
(жаңыланган 20:12 08.06.2021)
Өкмөт башчы борбор калаада бир нече күн мурда жаралган транспорттук көйгөй кайталанбашы керектигине токтолгон.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бүгүн Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновду кабыл алып, борбор калаанын көйгөйлөрүн талкуулады. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Жолугушууда автоунаалардын агымын азайтуу, коомдук транспорт, шаардык чөйрөнү жакшыртуу, жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун камсыздоо, башаламан курулуш маселелери талкууланган.

"Унаалардын агымын азайтуу жана шаардык транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү үчүн Бишкек шаарына заманбап жана экологиялык жактан таза автобустарды жана троллейбустарды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүү керек. Бишкек шаары коомдук автопаркты түп-тамырынан бери масштабдуу жаңыртууга жана кеңейтүүгө муктаж. Мындан бир нече күн мурда жаралган транспорттук көйгөй кайталанбашы керек", — деп белгиледи ал.

Марипов Бишкек шаарынын мэринин көңүлүн шаардык чөйрөнү жакшыртууга багытталган комплекстүү чараларды кабыл алуу зарылдыгына бурду.

"Бишкек шаарынын борборунда абалы начар, басууга мүмкүн болбогон тротуарлар кездешет. Мындан тышкары, бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу, башаламан курулуштар, арыктардагы суунун жетишсиздиги, сугат тутумунун бузулгандыгы же жоктугу сыяктуу маселелер нааразычылыктарды туудурууда. Муниципалдык бийлик күн сайын шаардын тышкы көрүнүшүн жакшыртуу, шаардыктардын ыңгайлуу жана коопсуз жашоосу үчүн шарт түзүү үстүндө иш алып барышы керек. Шаар инфраструктурасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен шаардык бийликтен учурдагы көчөлөрдүн биринде жалаң жөө баскандар үчүн каралган көчөнү түзүү боюнча сунуш киргизүүнү тездетүүнү өтүнөм", — деди Марипов.

Жолугушууга катышкан BPC Group компониясынын улук вице-президенти Тохир Абдукадыров коомдук транспортто электрондук билет берүү тутумун ишке киргизүүнү караган "Бишкек шаарынын мэриясынын коомдук транспортун өнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Марипов бул тутум муниципалдык коомдук транспортто гана киргизилгенин, мындай валидаторлорду жүргүнчүлөрдү ташыган жеке унаа каражаттарында орнотуу мүмкүнчүлүгүн кароо менен аны пайдаланууну кеңейтүү зарылдыгына токтолду. Анын айтымында, коомдук транспорттогу эсептешүү толугу менен накталай эмес түрдө жүргүзүлүшү керек.

225
Белгилер:
коомдук транспорт, курулуш, жол, көйгөй, Бишкек мэриясы, Бишкек, Бактыбек Кудайбергенов, Улукбек Марипов
Тема боюнча
Бишкек мэрия 350 автобус боюнча келишимге кол койду. 1-партиясы июлда келет
Маршрутка көйгөйү: Бишкек шаардык кеңешинин азыркы депутаттары маселени чече алабы
Министр здравоохранения КР Алымкадыр Бейшеналиев на пресс-конференции о лечении коронавируса настойкой иссык-кульского корня (ядовитое растение)

Элчи менен сүйлөшкөнбүз. Министр Бейшеналиев QazVac вакцинасы тууралуу

4
Буга чейин Бейшеналиев өлкөгө казакстандык QazVac вакцинасы алып келинерин айткан. Көп өтпөй коңшу өлкөнүн өкмөтү бул маалыматты төгүндөгөн.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандын коронавируска каршы QazVac вакцинасы боюнча боюнча түшүндүрмө берди.

"Биз Казакстандын Кыргызстандагы элчиси менен сүйлөшкөнүбүздө вакцина берилет деп айткан", — деди министр.

Эске салсак, Бейшеналиев өтүп бара жаткан жуманын ичинде өлкөгө казакстандык QazVac вакцинасы алып келинерин айткан. Болгондо дагы жума же ишемби күнү вакцинанын 50 миң дозасы гумжардам катары келерин баса белгилеген.

Көп өтпөй коңшу өлкөнүн вице-премьери Ералы Тугжанов менен саламаттык сактоо министри Алексей Цой бул маалыматты төгүндөгөн. Алар Казакстан жакынкы айларда эч бир өлкөгө коронавируска каршы QazVac вакцинасын бербей турганын, бул тууралуу сөз дагы болбогонун билдиришкен.

4
Белгилер:
вакцина, Казакстан, коронавирус, Алымкадыр Бейшеналиев
Ысык-Көл аэропортунда Оштон келген каттамды тосуп алышкан

"Ысык-Көл" аэропорту Оштон келген алгачкы каттамды тосуп алды. Сүрөт

27
(жаңыланган 14:28 25.06.2021)
Оштон Тамчыга 105 киши келип, кайра 88 адам учуп кетти. Алардын ондон ашыгы балдар. Туруктуу каттам жумасына үч жолу аткарылып турат.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту ушул жылдын эсебинен Кыргызстандын түштүгүнөн келген алгачкы каттамды тосуп алды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аба майданынан билдиришти. 

  • В Международном аэропорту Иссык-Куль встретили первый в этом году рейс из города Ош. 25 июня 2021 года
    "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту ушул жылдын эсебинен Кыргызстандын түштүгүнөн келген алгачкы каттамды тосуп алды
    © Фото / пресс-служба ОАО "МАМ"
  • В Международном аэропорту Иссык-Куль встретили первый в этом году рейс из города Ош. 25 июня 2021 года
    TezJet авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Ош — Тамчы багыты боюнча 105 жүргүнчүнү алып келген
    © Фото / пресс-служба ОАО "МАМ"
  • В Международном аэропорту Иссык-Куль встретили первый в этом году рейс из города Ош. 25 июня 2021 года
    Алардын арасында 12 бала бар. Ал эми Тамчыдан Ошко 88 жүргүнчү (13ү бала) учуп кетти
    © Фото / пресс-служба ОАО "МАМ"
1 / 3
© Фото / пресс-служба ОАО "МАМ"
"Ысык-Көл" эл аралык аэропорту ушул жылдын эсебинен Кыргызстандын түштүгүнөн келген алгачкы каттамды тосуп алды

TezJet авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Ош — Тамчы багыты боюнча 105 жүргүнчүнү алып келген. Алардын арасында 12 бала бар. Ал эми Тамчыдан Ошко 88 жүргүнчү (13ү бала) учуп кетти.

Туруктуу каттам жумасына үч жолу — шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылып турат.

27
Белгилер:
жүргүнчү, учуу, каттам, Ысык-Көл, Тамчы, Ош
Тема боюнча
Кыргызстандан Грузияга түз учууга жол ачылды
Бишкектен Түркиянын Анталия шаарына жасалчу аба каттамдардын саны көбөйдү