Сендвич. Архив

Түндө курсак ачпаш үчүн эмне кылуу керек? Диетологдун кеңеши

130
Ачка болуунун бир себеби — организмде суунун аздыгы. Мындан сырткары, күндүз тамакты аз жегендердин да түндө курсагы ачат.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Диетолог Светлана Фус эмне себептен адамдар кечинде же түндө ачка боло берерин түшүндүрдү. Адистин пикири РИА Новостиге жарыяланды.

Анын айтымында, ачка болуунун бир себеби — организмде суунун аздыгы. Мындан сырткары, күндүз тамакты аз жегендердин да түндө курсагы ачат.

"Эртең мененкиге жеңил тамак, түшкүгө салат жана бир нече чөйчөк кофе ичкендердин кечинде же түндө сөзсүз курсагы ачат", — деген Фус.

Мындан улам адис эртең менен, түштө жакшылап тамактанып, күндүз ара чолодо шам-шум кылганды унутпаш керектигин белгилеген.

"Айрымдарга шам-шумдун кереги жок, үч маал тамактануу эле жетиштүү болот. Башкысы — тамактануу графигин туура бөлүштүрүү кажет", — деген Фус.

Диетолог саат 17:00гө чейин күнүмдүк тамактануунун 80 пайызын колдонуу зарылдыгына токтолгон. Ал эми кечки тамакты жатканга чейин 2-3 саат эрте жеш керек.

130
Белгилер:
кеңеш, адис, диетолог, рацион, тамактануу
Тема боюнча
Диетолог туура тамактануунун 4 принциби менен бөлүштү
Арыктоого кайсы азык тоскоол болот? Эндокринологдун кеңеши
Бишкек шаары. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

46
15-июнга караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Шейшембиде күндүз кээ бир райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Талас өрөөнүндө +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл аймагында +21…+26, Нарында +18…+23 градуска жогорулайт.

Күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +32…+34 градуска жетет.

46
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Тонналаган акыр-чикир. Түтүн каптаган Бишкектин таштанды таштоочу жайынан видео

88
(жаңыланган 20:48 14.06.2021)
Калаадан чыккан бардык акыр-чикирди алып барып төккөн Бишкектин негизги таштанды таштоочу жайынын азыркы абалы кандай? Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрүңүз.

Жакында эле мэрия таштанды полигонун рекультивациялоо жана жабуу иштери жанданганын билдирген. Көп өтпөй рекультивациялоо кайра токтоп калганы белгилүү болду. Себеби подрядчы эстониялык компания ишти аягына чыгаруу үчүн башында макулдашылган каражатка кошумча дагы 1,3 миллион евро сураган.

Аталган долбоордун жалпы наркы 22 миллион евро, келишимге 2013-жылы кол коюлуп, 2015-жылы Жогорку Кеңеш ратификациялаган. Анын алкагында жаңы полигон салынып, эски таштанды жайды жабуу жана рекультивация иштери жасалат. Азыркы таштанды талаасы түздөлүп, акырындык менен жашыл аймакка айландырылмакчы. Мындан сырткары, метанды жок кылуу жабдуусун коюу пландалган, анткени таштанды ташталган жерден метан көп чыккандыктан түтөп, өрт тутана берет.

Ал эми рекультивациялоо долбоорунун наркы 9 миллион евро. Ишти аткаруу келишимине 2017-жылы июлда кол коюлган. Буга каражатты Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы бөлгөн. Анын жарымы грант, калганы кредит катары берилет.

88
Белгилер:
полигон, долбоор, жабуу, таштандылар сакталган жай, таштанды, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин таштанды полигонун рекультивациялоо иши 14 айдан кийин жанданды
Өкмөт уулуу калдыкты казып, 106 тонна алтын алууга белсенди. Кумтөрдөн видео