Кыргыз темир жолу ишканасынын мурдагы директору Василий Дашков. Архив

УКМК үй камагына чыгып кеткен Василий Дашковду кайрадан кармады

151
(жаңыланган 12:15 09.06.2021)
Жаңы табылган фактыларды кошкондо Дашков мамлекетке 1,5 миллиард сомдон ашык зыян келтиргени белгиленет.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы директору Василий Дашков кайрадан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

"Кыргыз темир жолу" ишканасына карата козголгон кылмыш ишинин алкагында Дашков 2020-жылдын май айынан декабрга чейин баалуу товардык-материалдарды ташып келүүнүн төлөмү деген негиз менен жеке компанияга мыйзамсыз түрдө 1,1 миллиард сом которгону аныкталган.

"18-майда Биринчи май райондук соту келтирилген чыгымды кайтаруу шарты менен Василий Дашковду үй камагына чыгарган. Бирок ушул күнгө чейин ал зыяндын ордун толтурган жок", — деп билдирди УКМК.

Мындан сырткары, Дашковдун аталган мамлекеттик ишканадан 2021-жылдын январынан апрель айына чейин 490 миллион сом бюджеттик каражатты чыгарып кеткени боюнча дагы бир факты табылган. Муну менен мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы көлөмү 1,5 миллиард сомдон ашканы белгиленет.

Буга байланыштуу кечээ, 8-июнда, Дашков кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Василий Дашков "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасына 2020-жылдын 11-апрелинде жетекчи болуп дайындалып, быйыл 31-мартта кызматтан алынган. Ага чейин ушул эле мекеменин жетекчисинин инвестиция тартуу жана курулуш маселелери боюнча орун басары болуп иштеген.

151
Белгилер:
каражат, Кыргыз темир жолу, УКМК, кармоо, Василий Дашков
Тема боюнча
УКМК кармаган Василий Дашков прокурордун өтүнүчү менен үй камагына чыкты
Түнкүсүн Бишкектин борборунун көрүнүшү. Архив

Бишкектин жарымы жарыксыз калды. Энергетика министринин түшүндүрмөсү 

27
(жаңыланган 22:56 17.06.2021)
Жарык Москва, Сокулук, Панфилов, Жайыл райондорунда жана Бишкек шаары менен Токмоктун айрым бөлүктөрүндө өчкөн.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстанда жарык Казакстандын энергосистемасында авариялык кырдаал жаралгандыктан өчтү. Бул тууралуу "Улуттук электр түйүнү" ишканасынын маалымат кызматынын жетекчиси Элзада Саргашкаева билдирди.  

Буга чейин ордо калаанын тургундары соцтармакка жарык өчкөнүн жазышкан. Ал тургай электр жарыгы Жогорку Кеңештин имаратында да жок болгон. Анын себебин энергетика жана өнөр жай министри Доскул Баймурзаев өлкө боюнча жыштыкты жөнгө салуу жабдуусу иштеп кеткени менен түшүндүргөн.  

"Коңшу мамлекетте авария болуп, Токтогул ГЭСи былтыркыдай кырдаалды  жөнгө салды", — деди ал.  

Ишкананын маалымат кызматы саат 19:28те "Л-514 Фрунзенская-Шу" линиясында авария болгонун билдирди.  

"Борбор Азиянын бириктирилген энергосистемасы Казакстандын түндүгүндөгү бирдиктүү энергосистемадан өзүнчө бөлүнүп чыккан. Өлкө боюнча автоматтык түрдө жыштыкты жөнгө салуу жабдуусу иштеп кеткен. Саат 20:26лар чамасында "Фрунзенская-Шу" линиясы транзитке кошулуп, саат 20:55те жарык берилди", — деди Саргашкаева. 

Электр кубаты Чүйдүн Москва, Сокулук, Панфилов, Жайыл райондорунда жана Бишкек шаары менен Токмоктун айрым бөлүктөрүндө өчкөн.

27
Белгилер:
себеп, жарык өчүрүү, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Эч кандай энергетикалык кризис жок, өчүрүү да болбойт. Министрлик үн катты
Өчүрүп чык! Электр кубаты үчүн аз акча төлөөнүн 10 жолу
Нарын шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын ачылышы

Нарындагы оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмүнүн имараты ишке берилди. Сүрөт  

15
(жаңыланган 22:16 17.06.2021)
Бакашеванын айтымында, оорукананын 70 орундуу бөлүмүн салууга 79,2 миллион сом керектелген.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бүгүн, 17-июнда, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Facebook баракчасы аркылуу билдирди.  

  • Заместитель председателя кабинета министров Жылдыз Бакашова приняла участие в открытии инфекционной больницы в городе Нарын. 17 июня 2021 года
    Бүгүн, 17-июнда, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди
    © Фото / пресс-служба правительства КР
  • Коллектив инфекционной больницы во время церемонии открытия в городе Нарын. 17 июня 2021 года
    Анын айтымында, оорукананын 70 орундуу бөлүмүн салууга 79,2 миллион сом керектелген
    © Фото / пресс-служба правительства КР
  • Заместитель председателя кабинета министров Жылдыз Бакашова приняла участие в открытии инфекционной больницы в городе Нарын. 17 июня 2021 года
    Эске салсак, аталган оорукананын имаратын куруу иштери 2020-жылы башталган
    © Фото / пресс-служба правительства КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба правительства КР
Бүгүн, 17-июнда, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди

Анын айтымында, оорукананын 70 орундуу бөлүмүн салууга 79,2 миллион сом керектелген.  

"Курулуш иштерин "Мерибелл Текстиль Иншаат" жоопкерчилиги чектелген коомунун подряддык ишканасы жүргүздү. Имараттын 48 койкасы бокс палаталарда, 22 койкасы реанимация жана интенсивдик палаталарда жайгашкан. Мында дарыгерлер жана бейтаптар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Министрлер кабинетинин атынан жугуштуу оорулар бөлүмүнө жалпы суммасы 3,5 миллион сомдук акцент генераторлор, ИВЛ аппараттары, кычкылтек концентраторлору жана мониторлор сыяктуу медициналык жабдуулар тапшырылды", — деген Бакашева.  

Эске салсак, аталган оорукананын имаратын куруу иштери 2020-жылы башталган.

15
Белгилер:
курулуш, имарат, бөлүм, оорукана, Нарын
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын үчүнчү партиясы келип түштү. Видео
Бийлик Бишкек—Кара-Балта жолу качан оңдолуп бүтөрүн айтты