Милиция кызматкерлери. Архив

Орхан Инандынын унаасынан тартылган соңку кадрлар. ШИИБ адвокатка жооп берди

365
(жаңыланган 20:28 09.06.2021)
Милиция бардык версиялар текшерилип, далил зат катары болжолдонгондун баары экспертизага жөнөтүлүп жатканын айтты.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. "Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инандынын жоголор алдында автоунаасындагы видео байкоого тартылган кадрлар материалга мурда эле киргизилген. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин мугалимдин үй-бүлөсүнүн адвокаты Таалайгүл Токтакунова Инанды дайынсыз болгонго чейин унаасындагы видео байкоого тартылып калган акыркы кадрларды жарыялаган. Ал бул видеолорду тергөөчү алып текшербегенин, мындан улам өзү жеткирип бергенин айткан.

Көп өтпөй ШИИБ ага жооп берип, сөз болуп жаткан кадрлар Инанды жоголгон күнү эле (1-июнда) алынып, иштин материалдарына тиркелгенин билдирди.

"Сапат" мекемесинин өкүлүнүн айтымында, адвокат издөөдөгү жарандын жакындарынын уруксатысыз эле аталган маалыматты ЖМКга жарыялап жиберген. Кээ бир жарандарды алынган маалыматтарды жеке кызыкчылык, өзүн пиарлоо үчүн колдонбоого чакырабыз. Мындай аракеттер тергөөгө терс таасир этип, кылмышкерге көбүрөөк маалымат жетишине мүмкүнчүлүк бериши ыктымал", — деп айтылат маалыматта.

Милиция иликтөөнүн алкагында бардык версиялар текшерилип, далил зат катары болжолдонгондун баары экспертизага жөнөтүлүп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 31-майдын түнүнөн бери дайынсыз. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирүүдө.

Мугалимди табуу талабы менен күн сайын бир нече жаран митингге чыгып жатат.

365
Белгилер:
жооп, адвокат, видео, милиция, далил, Орхан Инанды
Тема:
Орхан Инандынын Бишкекте жоголушу (24)
Тема боюнча
Орхан Инанды жоголгонго чейин тартылган кадрлар жарыяланды
Орхан Инанды Түркиянын элчилигиндеби? КР бийлигине жооп айтылды
Мектеп бүтүрүүчүнүн аттестаты. Архив

Эртең мектептерде аттестат бериле баштайт. Бүтүрүү кечеси болобу?

35
(жаңыланган 22:50 23.06.2021)
Райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктары коштошуу аземи мектептин аймагында жана ата-энелердин биринин гана катышуусу менен өткөрүлүшүн көзөмөлдөө зарыл.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Эртеңден тарта мектептерде бүтүрүүчүлөргө орто билими боюнча аттестат бериле баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктары коштошуу аземи мектептин аймагында жана ата-энелердин биринин гана катышуусу менен өткөрүлүшүн көзөмөлгө алышы шарт.

Мектеп жетекчилиги аттестат тапшыруу учурунда бүтүрүүчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн жооптуу. Коштошуу кечесин ресторан жана кафелерде өткөрүү үчүн акча чогултууга жол берилбеши керек.

35
Белгилер:
аттестат, бүтүрүүчү, мектеп, Кыргызстан
Тема боюнча
Усеналиев: "Алтын тамга" 11 жылдан бери өтүп келет
ЖРТнын жыйынтыгы менен алтын сертификат алгандар. Тизме
Медициналык кызматкер ооруканада. Архив

COVID: Республикалык штаб министрликке жаңы тапшырмаларды берди

130
(жаңыланган 21:41 23.06.2021)
Жылдыз Бакашова Республикалык штабдын кезектеги жыйынында күчөп бара жаткан абалды эске алуу менен жаңы тапшырмаларды койду.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги отурумун өткөрүп, эпидемиологиялык абалды турукташтыруу, коронавирус илдети менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн медициналык мекемелердин айрым корпустарын бошотуу, 118 номерлүү кызматтын ишин өркүндөтүү, амбулатордук деңгээлде диагностикалык жана дарылоо иштерин күчөтүү маселелери каралды.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиргендей, жыйында коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарды аныктоо жана кайра жиберүү үчүн бөлүштүрүү пунктуларын уюштуруу, ошондой эле медициналык мекемелердин жана жеке лабораториялардын биргелешкен иши жөнүндө маселелер талкууланды.

“Эч ким былтыркы жылдагыдай экономикалык ишмердүүлүктү чектөө же жарандардын өлүмгө учуроо деңгээли боюнча сценарийдин кайталанышын каалабайт. Бардык жооптуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүүлөрү зарыл. Саламаттык сактоо системасы бейтаптардын саны дагы өсүшүнө даяр болушу керек”, – деди Бакашова.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды:

  • Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте электрондук саламаттык сактоо системасын ишке киргизүүнү, дары-дармек каражаттар жана медициналык буюмдар боюнча улуттук маалыматтар базасын, ошондой эле коронавирус оорусунан айыккан бейтаптардын бирдиктүү реестрин түзүүнү тездетсин;
  • ооруканаларда кошумча керебеттерди жайгаштырууда реанимациялык бөлүмдүн милдеттүү болуусу менен өзүнчө корпусту же имаратты бөлүү мүмкүнчүлүгүн караштырсын;
  • облустарда, Бишкек жана Ош шаарларында коронавирус менен ооруган кош бойлуу аялдарды дарылоо үчүн өз алдынча саламаттык сактоо мекемелерин, ошондой эле коронавирусту жуктуруп алган өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги бар бейтаптарды дарылоо үчүн гемодиализ борборлорун аныктасын;
  • министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен биргеликте 118 номерлүү кызматтын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылсын (зарыл болгондо кызматкерлердин санын көбөйтүү менен);
  • шаар жана облустардын аймактарында күндүзгү же күнү-түнү иштөөчү стационарларды ачуу учурунда кире бериште медициналык персоналдын тийиштүү штатын камсыз кылуу менен бөлүштүрүү зоналарын милдеттүү түрдө уюштурсун;
  • 10 күндүк мөөнөттө медициналык мекемелер менен жеке лабораториялардын ортосунда келишимдик мамилелерди түзүү жөнүндө маселени иштеп чыксын;
    вакцинациялоо темпин күчөтсүн.
130
Белгилер:
тапшырма, коронавирус, Жылдыз Бакашова, өкмөт
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
"Манас" аэропортундагы ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады
Вакцинадан баш тартуу COVID-19дун организмде мутацияланышын шарттайт

Россиянын аскер учагы Кара деңизде британиялык кемени кантип токтотту. Видео

0
(жаңыланган 23:54 23.06.2021)
Россиянын Коргоо министрлиги Кара деңизде Улуу Британиянын Degender эсминецинин үстүнөн аскер учагы кантип учуп өткөнүн көрсөттү.

Кеме бүгүн Кара деңизден чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Россиялык учкучтар эскертүү катары эсминецтин жолун аткылап, авиабомба таштаган.

Ошондой эле кеменин өзүнө карата курал колдонуларын эскерткен.

Британия эсминец тынчтык жүрүшү менен бара жатканын айткан. Ал эми Россия бул окуя учурунда БУУнун деңиздеги укуктар боюнча 1982-жылкы конвенция бузулду деп эсептейт.

0
Белгилер:
чек ара, учак, кеме, деңиз, Улуу Британия, Россия
Тема боюнча
Кара деңизге жеткирилген артиллериялык, десанттык кемелер. РФ флоту эмнени көздөөдө?