Кыргызстандык Эдуард Кубатов 23-май күнү дүйнөдөгү эң бийик чокуну багындырган

Эдуард Кубатов: Эверестке баратканда өзүмдү жоготуп койгон учур болду

219
(жаңыланган 10:51 10.06.2021)
Кыргызстандык Эдуард Кубатов 23-май күнү дүйнөдөгү эң бийик чокуну багындырган. Анын Эвересттин чокусунда туруп кыргыз элине жолдогон кайрылуусун ар бир адам көргөн чыгар.

Белгилүү альпинист өлкөгө кайтып келгенден кийин Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп, ийгилиги жана чокуга чыгуудагы кыйынчылыктары тууралуу айтып берди.

— Эверестти багындыруу кыялы качан жаралды сизде?

— Бала кезимде калыптанган. Атам өзгөчө киши болчу, мага дайыма Эверест, Хан-Теңири чокулары, Кайлас тоосу тууралуу айтып берчү. Анын сөздөрү жүрөгүмө бекем сиңип калса керек, жаш кезимде Ысык-Көлдө кичинекей тоолорго чыгып алып өзүмдү Эверестке чыккандай элестетчүм. Эверестти багындыруу үчүн 2014-жылдан тартып кызуу даярдана баштадым. 2014-жылы биринчи жолу Чоң-Алайдагы Ленин чокусун багындыргам. Ал жерде абдан маанилүү жолугушуу болгон. Эверестке төрт жолу барган легендарлуу советтик альпинист Сергей Богомолов менен жолуктум. Чокудан түшүп келгенден кийин ал мага "сенин талантың бар экен, альпинизм менен алектенсең жакшы ийгиликтерди жаратасың" деди. Мен андан Эверестти да багындыра аламбы деп сурасам "багындырасың, мен буга толук ишенем" деп жооп берди. Ошондон бери катуу даярданып баштадым. 7 жылдын ичинде 5 чокуну багындырдым. Анткени Непалдын өкмөтү 7 миң метрден бийик эки чокуну багындырган альпинисттерге гана Эверестке чыгууга уруксат берет. 

Альпинист Эдуард Кубатов из Кыргызстана вошел в число более 300 человек, которым разрешили подняться на Эверест в этом сезоне
© Фото / предоставлено Эдуардом Кубатовым
Кыргызстандык Эдуард Кубатов 23-май күнү дүйнөдөгү эң бийик чокуну багындырган

— Эверестке чыккандан кийин сизге кандай ойлор келди?

— Башында бул менин жеке долбоорум болчу. Бирок жашообуз социалдык тармак менен байланышкан доордо жашап жаткандыктан менин элге билинип, жалпы коомдук долбоорго айланып кетти. Көптөгөн адамдар мага кайрылып, ийгилик каалап жатты. Чыга албай калсамчы деген кабатырлануу да жаралбай койгон жок. Чокуну багындырган учурда аткара турган бир эле милдетим бар эле, ал — элге, өлкөгө кайрылып, жеңишимди Кыргызстаныма арноо болчу, мен аны орундаттым. Мага саясий лидерлер, жеке компаниялардын башчылары байланышып, "муну айтыңыз, мындай деп сүйлөңүз" деп суранышты. Аларга "бул жеңишти элиме гана арнайм" деп жооп берип жаттым.

— Ошол учурдагы сезимдер менен бөлүшө кетсеңиз?

— Башында өзгөчө сезимге туш болом го деп ойлоп жаттым. Бирок андай деле болгон жок. Чокуга чыгып шерп (жергиликтүү коштоп жүрүүчү, жол көрсөткүч) досум экөөбүз эки-үч мүнөт Гималайды тиктеп турдук да сүрөткө түшүп, элиме кайрылып милдетимди аткардым деп кайра ылдый жөнөдүк. Чокуда турганда жашоо жөнүндө ойлор келет экен, аман-эсен элиме, жериме, балдарымдын маңдайына жетейин деп тилендим.

— Чокуга чыгып баратканда Хиллари деген өтмөк бар экени, ал жерден тажрыйбалуу альпинисттер дагы каза болгону тууралуу фактылар бар экен. Сиз үчүн бул жерден өтүү кандай болду?

— Бул жер 8800 метрден өткөндөн кийин башталат, аябай татаал. Бычактын мизиндей болгон 200 метр жерден өтөсүң. Эверестте каза болгондордун 70-80 пайызы чыгып бара жатканда же түшүп келе жатканда так ушул жерде көз жумат. Биз Хиллари тепкичине саат 23:15те чыгып баштадык. Эртең мененки саат жетиде -35 градус суук болуп, катуу шамал болуп жаткан. Менин кычкылтек берген бет кабым муз болуп тоңуп, дем ала албай калдым. Ошол учурда кыйналып, өзүмдү жоготуп бараттым, ар кандай ойлор келди. Ушунча келип, чокуну багынта албай каламбы, балдарыма аман-эсен кайтып келем деп сөз бербедим беле дедим. Менин шерпим абалымды көрө калып, дароо кошумча бет капты кийгизип, кислороддон дем алышыма шарт түзүп бере салды. Мен дароо эки мүнөттүн ичинде өзүмө келип, экөөбүз жарым саатта чокуга чыгып бардык. 

Страны мира. Непал
© Sputnik / Владимир Астапкович
Эдуард Кубатов: Эверест дүйнөдөгү эң бийик чоку, аны багындыруу ар бир альпинисттин кыялы, спортчунун Олимпиада оюндарында жеңишке жеткениндей эле сөз

— Альпинисттердин Эверестти багындырышына шерптердин жардамы чоң. Аларга кандай ыраазычылык айтып, эрдигин кантип баалайт элеңиз?

— Азыркы күндө бир дагы альпинист, коштоп жүрүүчү шерптин жардамысыз чокуну багындыра албайт. Менин шерпимдин аты Лакба, мага бир туугандай эле болуп калды. Биз 8 500 метрге жеткенде анын бет кабы тоңуп, кислороду иштебей калды, экинчи бет кабын алмаштырса анысы да иштебейт. Менин алдымда бараткан, ошол маалда ал баса албай тизелеп калды. Анын кыйналып жатканын көрүп турдум. Дароо баштыгымдагы кошумча бет кабымды кийгизип, аны сактап калдым. Эреже боюнча биз кошумча бет капты эч кимге бербешибиз керек. Анткени бет кап өмүрүбүздүн кепилдиги. Бирок 8 800 метрге келгенде менин бет кабым иштебей калып, Лакба бет кабымды кайра кайтарып берип, мени сактап калды.

Чокудан кайтып келе жатканбыз, 8000 метрге келгенде ал эс алайын деп менден суранды. Мен дагы чарчап тургам. Ошол учурда ал бутумду кучактап ыйлап, англис тилинде турмушунун ушунчалык оор экенин айтты. Мен ошондо биринчи жолу эркек адамдын боздоп ыйлаганын көрдүм. Чынын айтканда, альпинисттер менен бирге чокуга чыккан шерптер татаал тагдырга туш болушат. Буюрса Лакба июль айында Кыргызстанга келип, конок болуп кетет. 

Альпинист Эдуард Кубатов из Кыргызстана вошел в число более 300 человек, которым разрешили подняться на Эверест в этом сезоне
© Фото / предоставлено Эдуардом Кубатовым
Эдуард Кубатов: чокуну багындырган учурда аткара турган бир эле милдетим бар эле, ал — элге, өлкөгө кайрылып, жеңишимди Кыргызстаныма арноо болчу, мен аны орундаттым

— Альпинисттер Эверестке эмне максатта чыгышат?

— Буга бир гана аныктама бар. Эверест дүйнөдөгү эң бийик чоку, аны багындыруу ар бир альпинисттин кыялы, спортчунун Олимпиада оюндарында жеңишке жеткениндей эле сөз. Бирок мен эки же андан көп жолу бул чокуга чыккандарды түшүнбөйм. Өзүм мындан кийин Эверестке чыкпайм деп сөз бердим. Ушундай жол менен улуу тоого болгон урматымды көрсөтөйүн деп жатам. 

— Спортчуларда жеңиш эмес жеңишке карай кеткен жол маанилүү деп коюшат го. Сиз дагы көп жыл даярдандыңыз, чокуга чыгып баратканда татаал жолду басып өттүңүз. Ушул процесс сиз үчүн кандай болду?

— Биз чокуну багындыруу үчүн эки ай камдандык. Биринчи жолу 6 200 метрге чыгып кайра түштүк, Андан кийин 7200 метрге чыгып кайра түштүк. Үчүнчү жолу 8000 метрди багындырып кайра түшүп жаттык. Ушундай жол менен жаңы климатка, улам өзгөрүлүп туруучу атмосферага көнүп жаттык. Эки айдын ичинде ар бир мүнөт сайын максатыбызга жетүүнү тоодон суранып жаттык. Экспедиция учурундагы ар бир күн, ар бир мүнөт баалуу болду.

219
Белгилер:
чоку, маек, Эдуард Кубатов, альпинизм
Тема боюнча
Мен чыкчу дагы эки чоку бар. Эверестти багындырган Эдуард Кубатовдун видеосу
Төөчөн салгылашып, атчан дубалды жарып кирип... Каскадёр Эдил Молдалиевдин маеги
Рустам Раджапов жубайы Татьяна менен Душанбе шаарындагы Бакыт үйүндө экөө баш кошкону жөнүндө күбөлүккө кол коюп жаткан учур

"Тажикстандыктардын көбү Кыргызстанга качып аман калган". Жарандык согуштун каары

21
Коңшу Тажикстанда жарандык согуш токтоп, тынчтык орногонуна быйыл 24 жыл болду. 1992-жылы бул коңшу өлкөдө ар түрдүү социалдык-экономикалык жана диний себептерден улам беш жылга созулган кандуу тиреш башталган.

Тажикстандагы жарандык согушту токтотууга Россия менен Кыргызстан зор салым кошкон. Тарыхый процессттин катышуучулары менен колумнист Алмаз Батилов маектешкен.

Кыргызстандын мурдагы вице-президенти Феликс Кулов: демилге ишке ашпай калган

— 1991-жылы 26-декабрда Советтер Союзу урагандан кийин Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы чек араны Россиянын чек арачылары кайтарган. Ал эми Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен чек ара тарап каралбай калды, өлкө чек ара кызматын түптөй элек болчу. Эки өлкөнүн жарандары такталбаган чек ара тилкелеринде үй салып жатышты. Ал кезде мен вице-президент болчумун. Өлкөбүздүн түштүк аймактарынан чыккан ишкерлерди чогултуп, казынада акча жок экенин, аталган мамлекеттер менен чектешкен чөлкөмдөрдө социалдык жана экономикалык көйгөйлөр чечилбей жактанын, ошол себептен Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара меселеси абдан курч экендигин түшүндүрдүм.

Ишкерлерге Ош облусуна караган Баткен тараптагы такталбаган чек ара тилкелердин жанына кафе, автоунаа оңдоочу жайларды же ишкана салып, алардын аталыштары сөзсүз кыргыз тилинде болушу керек дедим. Мындан сырткары, бул үчүн беш жылга чейин салыктан бошотуу тууралуу жарлык чыгаруу жөнүндө сунуш киргизеримди белгиледим. Ишкерлер дароо эле колдоп кетишти. Акаевге кирип айтсам сунушума макул болду. Бизнесмендерди президентке киргизип, бул бейрасмий коомду "Улуттук ар-намыс болсун" деп атамай болдук. Жарлык чыкты.

Вице-президент США Альберт Гор встречается с премьер-министром Кыргызстана Турсунбеком Чынгышевым и вице-президентом Феликсом Куловым (первый справа) во время официального визита в Кыргызстан. Бишкек, 1992 г.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
АКШнын вице-президенти Альберт Гор Кыргызстандагы расмий иш-сапарында КРдын премьер-министри Турсунбек Чыңгышев жана вице-президенти Феликс Кулов (оң жактан биринчи) менен таанышып жаткан учур. Бишкек, 1992-жыл

Жигиттер долборлорун түзүп, ишке ашырууга билек түрүнө киришти. Бирок үч айдан кийин жогоруда сөз болгон жарлыкты Аскар Акаевич жокко чыгарып салды. Мындан улам ишкерлердин бийликке ишеними жоголду. "Жарлыгыңызды эмнеге жокко чыгардыңыз?" деп сурасам, Акаев көзүн ала качып, кеңешчиси Леонид Левитин чек ара маселеси абдан курч болгондуктан жарлыктын кереги жок деген кеңеш бергенин айтты. Левитинге жолуксам, ал да ар түрдүү шылтоо айтып артын качырды. Ошентип мамлекетибиз үчүн бул стратегиялык маселе чечилбей калган. Анын айынан жакында Тажикстан Кыргызстанга кол салып, бейкүнөө жарандарыбыз каза болуп, жараат алып, турак жайы менен мүлкүнөн ажырашты.

Жогоруда айтылган демилгени азыркы бийлик колдонсо болот. Кыргызстандык ишкерлер менен чет элдик инвесторлор Баткен аймагында аскердик, социалдык багыттагы объектилерди жана ишканаларды курса, өкмөт аларды беш жылга салыктан бошотуш керек. Анткени бүгүнкү күндө деле мамлекеттин казынасында андай объектилерди курууга каражат жок.

Тажикстандык качкын Александр Нарочный: Кыргызстанга жеткендер аман калган

— 1974-1996-жылдары апам Татьяна, карындашым Лидия жана мен Душанбе шаарында турчубуз. Бир жана эки бөлмөлүү эки батирибиз бар эле. Мындан сырткары, шаардын чок ортосунда дагы төрт бөлмөлүү чакан үй төрт сотых жери менен бар болчу. Ал эми таятамдар Бишкекте жашачу. 1988-жылы орто мектепти Душанбеден бүтүп, армияга чакырылдым. 1989-1993 жылдары Нижегород облусундагы Дзержинск шаарында аскердик кызматымды өтөп, кайра Душанбеге кайткан учурда Тажикстанда жарандык согуш жүрүп жаткан. Бириккен тажик оппозициясынын тарапкерлери өздөрүн "вовчик" деп аташты. Ал эми расмий бийликтин жактоочулары "юрчик" деген атка конушту. Булар максатына жетиш үчүн карапайым элди курмандыкка чалды. Түн ичинде "вовчиктер" жана "юрчиктер" жай тургундардын үйүнө кирип талап-тоноп, аларды суроо-сопкутсуз эле өлтүргөн учурлар көп болду. Ошондуктан колунан келгендер Россияга качты. Көпчүлүгү эптеп Кыргызстанга жетип, жанын аман алып калышты. Ал эми Өзбекстан чек арасын жаап, качкандарды кабыл алган жок. Расмий Ташкент айрым учурда гана чек араны ачып турду.

Александр Нарочный на службе в Советской Армии. Нижегородская область, город Дзержинск. 1990 г.
© Фото / из личного архива Александра Нарочного
Александр Нарочный Советтик армияда аскердик кызматын өтөп жүргөн учур. Нижегород облусу, Дзержинск шаары. 1990-жыл

Согушка да айла жок көнөт экенсиң. Кээде балконго чыгып, кимиси экени белгисиз, Душанбеге чабуул коюп, танк менен шаарды аткылаганын көрчүмүн. Мунун натыйжасында калаа тургундары ачка калды. Россиянын 201-мотоаткычтар дивизиясынын жоокерлери БТР менен келип шаардын калкына нан таратып берчү. Эл нан алганча жанындагы паркта "вовчиктер" менен "юрчиктер" салгылашып жаткан болот, тургундар буга да көңүл бурбай токоч алып жатканын көрүп жаныман түңүлгөм. Далай классташтарым менен теңтуштарым кандуу тиреште каза болду. Ошол учурда таажездем Николай Емцов Душанбеде жашачу. Жаш кезинде Фрунзе шаарынын "Алга" футбол командасынын белгилүү оюнчусу эле. Бирок ден соолуктун айынан майып болуп, коляскада отурчу. 1996-жылы аны Россиянын 201-мотоаткычтар дивизиясынын аскерлеринин жардамы менен БТРге салып темир жол вокзалына жеткиздим. Какаганга муштаган болуп, ал жерде расмий Душанбенин аскерлери менен согушкерлер салгылашып жатыптыр. Буга карабастан таажездемди россиялык жоокерлердин көмөгү менен Өзбекстанга кетип жаткан акыркы поездге отургузганга зорго үлгүрдүм. Ал коңшу мамлекет аркылуу Бишкекке келди. Ишенесизби, эки батирди эмереги менен 800 АКШ долларына сатып, колубузга болгону документтерди алып чыгып кеттик. Душанбенин чок ортосундагы төрт бөлмөлүү үйүбүздү сатканга жетишкен жокпуз. Ыраматылык досум Леонид Пивнев да энесин Бишкекке узатып, биз сыяктуу батирин арзыбаган акчага сатканга мажбур болгон. Леониддин "Москвичине" апам, карындашым болуп үчөөбүз түшүп, төртөөбүз араң Өзбекстанга өтүп Кыргызстанга таенем Лидия Нарочновага келдик. Ошондо "