Элдин сөзүнөн коркуп... Аял эмне себептен 35 жаштан кийин төрөгүсү келет

© AFP / ANTHONY WALLACEКош бойлуу айым. Архив
Кош бойлуу айым. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Жазылуу
Психологдун айтымында, айрым жубайлар ата-энеси небере талап кылып, достор "качан балалуу болосуңар" деген суроолорун токтотпогон үчүн гана төрөөгө аргасыз болот.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Көпчүлүк учурда 35 жаштан өткөн аялдар коомчулуктун пикиринен коркуп балалуу болгусу келет. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине психолог Елизавета Суханова айтып берди.
"Азыркы заманда 35 жаштан ары, керек болсо 40-50 жашта балалуу болгон аялдар көбөйдү. Буга Батыш өлкөлөрүнүн таасири күч. Тагыраак айтканда, көпчүлүк жубайлар өзү үчүн жашап же материалдык жактан абалын жакшыртып алып, андан кийин гана балалуу болгусу келет", — деди адис.
Ошондой эле психолог мындай куракта балалуу болгусу келгендердин көбү коомчулуктун сөзүнө, сынына өтө чоң маани берерин кошумчалады.
Көнүгүү жасап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Адис: туура эмес арыктаган аялдын этек кири токтоп калышы мүмкүн
"Албетте, жашы өтүп бара жаткан учурда чындап бала жыттап, мээрим төккүсү келгендер бар. Бирок айрым үй-бүлөлөр менен сүйлөшө келсең, бирөөнүн сөзүнөн коркуп эле балалуу болууга аргасыз. Мисалы, ата-энеси небере талап кылат, достор качан балалуу болосуңар деп суроо бергенин токтотпойт. Андан дагы жаманы — коом баласыз же бир гана баласы бар жубайларды бир аз башкача кабыл алат. Ушул үчүн гана балалуу болгусу келгендер көп", — деди Суханова.
Ошол эле учурда адис жашы өтүп бара жаткан ата-энелерде "мен карып же көзүм өтүп кетсе, балам жаш калат, аны ким багат" деген коркунуч көп экенин айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0