Кыздын силуэти. Архив

Токмок шаарынын милициясы 15 жаштагы Сезимди издеп жатат

39
(жаңыланган 10:00 10.06.2021)
Кыз ушул жылдын 31-майында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра келе элек. Укук коргоо органдары аны көрүп-билгендер болсо кабарлап коюуну өтүндү.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Чүйдүн Токмок шаардык милициясы дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы Сезим Сталбековага издөө салат. Маалыматка ылайык, ал Токмок шааарындагы Трясин көчөсүндөгү даректен ушул жылдын 31-майында чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес.

Без вести пропавшая Сезим Сталбекова 2006 года рождения
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Чүйдүн Токмок шаардык милициясы дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы Сезим Сталбековага издөө салат

Өзгөчө белгилери: бою 150-155 сантиметр, арыкчырай келген, көзү күрөң, чачы узун, күрөң сымал түстө. Маңдай жагындагы чачы сарыга боёлгон.

Кара түстөгү футболка, саргыч түстөгү жинсы шым, ак-кара кроссовка кийип жүргөн.

Укук коргоо органдары аны көрүп-билгендер болсо кабарлап коюуну өтүндү.

Чүй облустук милициясынын нөөмөт бөлүмү: (0312) 43-01-27,

(0312) 43-88-85, Токмок шаардык милициясынын нөөмөт бөлүмү: (0312) 60-73-63, (03138) 6-31-02, 0501 90 00 65, 0551 102 753 (издөө тобу).

39
Белгилер:
кыз, Токмок, милиция, издөө
Тема боюнча
Кочкордон Бишкекке кетип калган. Милиция 11 жаштагы Айтурганды издөөдө
Жалал-Абадда жол кырсыктарын алдын алууга багытталган баннерлер илинди

Жалал-Абад: жол кырсыктарын алдын алуу үчүн баннерлер илинип, кеңештер айтылды

6
(жаңыланган 15:08 24.06.2021)
Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү акыркы мезгилде адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктары көбөйгөнүн кабарлады.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Жалал-Абадда жол кырсыктарын алдын алууга багытталган баннерлер илинди. Бул тууралуу Sputnik агенттигине облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Айбек Сатыбалдиев билдирди.

  • Установка баннеров Установка баннеров призывающих водителей к осторожной езде в Джалал-Абадской области призывающих водителей к осторожной езде
    Жалал-Абадда жол кырсыктарын алдын алууга багытталган баннерлер илинди
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Установка баннеров Установка баннеров призывающих водителей к осторожной езде в Джалал-Абадской области призывающих водителей к осторожной езде
    Акыркы мезгилде адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктары көп катталып жатканы белгиленди
  • Установка баннеров Установка баннеров призывающих водителей к осторожной езде в Джалал-Абадской области призывающих водителей к осторожной езде
    Баннерлер демөөрчүлөр менен биргеликте илинди
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Установка баннеров Установка баннеров призывающих водителей к осторожной езде в Джалал-Абадской области призывающих водителей к осторожной езде
    Ошондой эле Жалал-Абаддын ЖКККБсы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактап жүрүүгө чакыруу менен бир катар кеңештерди берди: рулга отургандан кийин коопсуздук курун тагыныңыз жана жүргүнчүлөр да байлаганын текшериңиз.
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 4
© Фото / Зульфия Тургунова
Жалал-Абадда жол кырсыктарын алдын алууга багытталган баннерлер илинди

Акыркы мезгилде адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктары көп катталып жатканы белгиленди. Баннерлер демөөрчүлөр менен биргеликте илинди. Ошондой эле Жалал-Абаддын ЖКККБсы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактап жүрүүгө чакыруу менен бир катар кеңештерди берди: рулга отургандан кийин коопсуздук курун тагыныңыз жана жүргүнчүлөр да байлаганын текшериңиз.

  • Кичинекей балдарды бою, салмагына жараша атайын ылайыкташтырылган олтургучка отургузуңуз;
  • ылдамдыктын чегин билип, аралыкты сактаңыз. Бул эрежелерди унутуу далай каргашага алып келерин статистика да көрсөтүүдө;
  • чарчап же өзүңүздү жаман сезип жатсаңыз рулга отурбаңыз. Ошондой эле ичимдик ичип алып автоунаа айдайм деп такыр ойлобоңуз, кесепети чоң;
  • унааны абайлап, эч нерсеге алаксыбай кылдаттык менен айдаңыз. Уюлдук телефон менен рулда баратып сүйлөшпөңүз;
  • жолду карап тыюу салынган аймактарга, жерлерге көңүл буруңуз;
  • унааңыздын техникалык абалына көз салыңыз, мүчүлүштүктөр болсо рулду башкарбаңыз;
  • автоунааңыздын ичинде биринчи жардам кутучасы (аптечка), караңгыда чагылышып турган жилет жана өрт өчүргүч болгону жакшы;
  • жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жол кооптуу жер экендигин унутпаңыз. Мындай жакка жакындаганда айдоочу ылдамдыгын алдын ала азайтып, өзүн колго алышы зарыл.
6
Белгилер:
автоунаа, айдоочу, кеңеш, баннер, жол кырсык, Жалал-Абад облусу
Тема боюнча
Ысык-Көл милициясы эс алууга келген чет элдиктерге 7 кеңеш берди
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан коммуналдык кызматкер. Архив

Шашылыш билдирүү! Эртең-бүрсүгүнү айрым аймактарда сел жүрөт

23
(жаңыланган 14:44 24.06.2021)
ӨКМ 25-26-июнда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайы өзгөрүп, нөшөрлөп жаан жаай турганын айтты.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.

Ага ылайык, 25-26-июнда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында аба ырайы өзгөрүп, нөшөрлөп жаан жаайт. Буга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

Ушул жума ичиндеги аба ырайы тууралуу синоптиктер кенен маалымат берген.

23
Белгилер:
сел, жаан-чачын, аба ырайы, ӨКМ
Тема боюнча
Маал-маалы менен өткүн өтүп турат. Бир жумага карата аба ырайы