Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоевдин архивдик сүрөтү

Этика менен сураңыз! Догоев кабагын салып депутат Атазовду чычалатты

7357
(жаңыланган 15:54 10.06.2021)
Териккен депутат "министрлер кабинетинде этикалуу адамдар аябай көп экен. Ошон үчүн мамлекетибиз аябай өнүгүп жатат" деп какшыктады.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоевдин этика тууралуу айтканы депутат Шайлообек Атазовду чычалатты.

Эл өкүлү бүгүн парламенттин жыйынында министрден "Коопсуз шаардын камералары коюлган жерлерге жол чийиндери сызылып, белгилери коюлуп, бүт шарттар түзүлгөнбү?" деп сураган.

Догоев айып пулдан түшкөн каражаттын 25 пайызы жергиликтүү бийликке берилерин айтып, жолду ошолор карашы керектигин белгиледи.

Андан соң диалог төмөнкүчө уланды:

Атазов: — Ошол мекемелер өз милдеттерин аткарыптырбы?

Догоев: — Аны тиешелүү өз алдынча башкаруу органдарынан сураш керек.

Атазов: — Сурабайсызбы, анда эмне кылып отурасыз ал жерде?

Догоев: — Мен сизден суранам, мындай этикага байланыштырып сурасаңыз.

Атазов: — Сиз мага этиканы үйрөтпөңүз! Сизден эл өкүлү катары сурап жатам.

Догоев: — Мен сизге үйрөткөн жокмун, сизден суранып жатам деп айттым.

Атазов: — Коопсуз шаардан үлүш алып отурган жергиликтүү мекемелер ошого жараша жолдо айдоочуларга шарт түзүп бериптирби деп сурадым.

Догоев: — Буга жол коопсуздугун караган Ички иштер министрлиги жооп берсин.

Министр ошону менен сөзүн жыйынтыктады. Андан соң ЖКККББ жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов жооп берди.

Буга да канааттанбаган Атазов "министрлер кабинетинде этикалуу адамдар аябай көп экен. Ошон үчүн мамлекетибиз аябай өнүгүп жатат. Этикалуу болуп столду кучактап отурасыңар, бул жактагы элдин чөнтөгүн кактап" деп нааразы болду.

7357
Белгилер:
этика, айтышуу, Дастан Догоев, Шайлообек Атазов
Тема боюнча
Асманда жүрбөй отчётун берсин. Министр Бейшеналиев парламентке чакырылды
Мамлекеттик каттоо кызматынын имараты. Архив

Каттоо кызматынын функциясы Санариптик өнүктүрүү министрлигине өттү

14
(жаңыланган 17:44 23.06.2021)
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Улукбек Марипов башында турган министрлер кабинетинин курамында жаңы түзүлгөн.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын функцияларын эми Санариптик өнүктүрүү министрлиги аткарат. Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлады.

Маалыматта министрлер кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлгөнү белгиленди.

Эми Юстиция министрлигинин карамагында болуп келген Архив агенттиги, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, "Унаа" мамлекеттик мекемеси, "Инфоком" мамлекеттик ишканасы дагы Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилди.

Ушуга байланыштуу архив иши, калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо багытындагы бардык маселелер боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылуу керектиги айтылды.

14
Белгилер:
Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Юстиция министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы
Тема боюнча
Иран жана Австриядагы элчилер кызматтан кетип, жаңылары дайындалды
Бишкектеги көргөзмө. Архив

"Эрип бараткан мөңгүлөрдүн бийин" көрүп кетиңиз. Бишкектеги көргөзмө

39
(жаңыланган 16:34 23.06.2021)
Көргөзмөнүн максаты — адамзатты сууга жана климаттын өзгөрүшүнөн улам азайып бараткан баалуу байлыктардын бири мөңгүлөргө аяр мамиле жасоого чакыруу.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бишкек шаарында "Эрип бараткан мөңгүлөрдүн бийи" деп аталган көргөзмө өтүп, ага Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн сүрөтү коюлат. Бул тууралуу Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейинен билдиришти.

Кыргызстандын жаратылышынан сырткары "Мөңгүлөрдүн агониясы" деп аталган тоо чыгармачылыгы боюнча туруктуу долбоордун көргөзмөсүндөгү эмгектер да коомчулукка тартууланат.

Көргөзмөнүн максаты — адамзатты сууга жана климаттын өзгөрүшүнөн улам азайып бараткан баалуу байлыктардын бири мөңгүлөргө аяр мамиле жасоого чакыруу.

Бишкектиктер жана шаардын коноктору уникалдуу сүрөттөрдү 25-июндан тарта 9-июлга чейин көрө алат. Көргөзмөгө Жерди прикладдык изилдөө боюнча Борбор Азия институту берген сүрөттөр коюлары айтылды.

Каалоочулар 25-июндан тарта "Эрип бараткан мөңгүлөрдүн бийин" Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейинен көрө алышат.

Бул иш-чара БУУнун климаттын өзгөрүшүнө арналган конвенциясынын 26-конференциясынын алкагында өтүп жатканы айтылды.

39
Белгилер:
көргөзмө, сүрөт, Мөңгү, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Улуу Ата Мекендик согуштун башталганына 80 жыл. Канттагы аскердик базада эскеришти
Бишкекте кафе-ресторандарга коюлган чектөөлөр алып салынды
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив

Путин: Россия өзүнүн жана коңшулардын коопсуздугу үчүн баарына даяр

0
Владимир Путин Россия эч качан өз оюн башкаларга таңуулабай турганын, ал эми дүйнөлүк жана аймактык көйгөйлөрдү саясий-дипломатиялык ыкма менен чечишүүгө даяр экенин белгиледи.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Москва шаарында өтүп жаткан эл аралык коопсуздук боюнча IX Москва конференциясында Россия президенти Владимир Путин өз өлкөсүнүн эл аралык мамилелер жаатындагы позициясын эске сала кетти.

РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, Путин Россия өз элинин коопсуздугу үчүн бардык аракеттерди көрөрүн айтты.

"Кечээ өлкө тарыхындагы эң өкүттүү даталардын бирин белгиледик. Туура 80 жыл мурда фашисттик Германия биздин мамлекетке кол салган. Бул окуя бизге чоң сабак болгон. Андыктан Россия өз элинин коопсуздугу үчүн колдон келген аракетин жасайт. Куралдарыбызды күчтөндүрөбүз, дипломатия жолу менен сүйлөшүүгө аракет кылабыз, кызыкдар тараптар менен диалогго барабыз", — деди Путин.

Ошол эле учурда президент Россия эч качан өз оюн башкаларга таңуулабай турганын, ал эми дүйнөлүк жана аймактык маселелерди саясий-дипломатиялык ыкма менен чечишүүгө даяр экенин айтты.

"Россия эч качан өз оюн башкаларга таңуулабайт. Дүйнөлүк жана аймактык көйгөйлөрдү саясий-дипломатиялык ыкмалар менен чечишүүгө салым кошкубуз келет. Россия жаратмандыкты колдойт", — деди РФ лидери.

Мындан тышкары, Путин Россия коңшу өлкөлөрдүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү экенин эч качан унутпасын белгиледи.

"Коңшулар менен ажырагыс тарыхый жана маданий байланышыбыз бар. Биз алардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилигибизди унутпайбыз. Биздин жалпы континентибиздеги тынч жашоо жана ачык асман үчүн аймактык чыр-чатактарды басаңдатууга салым кошо бермекчибиз", — деди ал.

Эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясы — коргоо мекемелеринин, эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт эксперттердин башын бириктирип, коопсуздук боюнча жыл сайын өтүүчү форум.

0
Белгилер:
диалог, коопсуздук, регион, Владимир Путин, Россия
Тема боюнча
Путиндин макаласы: өткөнгө карап кылчактай бербей, ачык болуш керек
Массалык жок кылуучу куралдын жайылуу коркунучу. Путин Москва форумунда сүйлөдү