Депутат айып пулду 50% жеңилдик менен төлөө мөөнөтүн 40 күнгө узартууну сунуштады

© Sputnik / Эмиль СадыровЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Жазылуу
Бүгүн парламентте айып пулдун суммасын 70 пайызга чейин азайтуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Жол эрежесин бузуу боюнча салынган айып пулду 50 пайыздык жеңилдик менен төлөө мөнөөтүн 15 күндөн 40 күнгө жылдыруу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов билдирди.
Бүгүн парламентте айып пулдардын суммасын 70 пайызга чейин азайтуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
"Кээ бир кесиптештерибиз 30 күн деп атышат. Бирок кеминде 40, болбосо 60 күн кылыш керек. Себеби учурда берилип жаткан 15 күндүк мөөнөт айлык алганга чейин жетпей же нары, же бери эмес болуп калат экен. Ушундай кылып оңдоп келгиле, анан биз экинчи окууда колдоп берели. Эгер 40 күн кылбасаңар, биз бардыгыбыз каршы чыкканга аракет кылбыз", — деди Осмонов.
Андан соң ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бул сунуштар эске алынарын айтты.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө айдоочу жол эрежесин бузганы үчүн салынган айып пулду 15 күндүн ичинде төлөсө суммасы 50 пайызга кыскарат.
Жаңылыктар түрмөгү
0