Жапаров Анкарадагы мекендештер менен жолугушту. Көтөрүлгөн маселелер 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Садыр Жапаров Анкара шаарындагы кыргызстандыктар менен жолугуп, чет жердеги мекендештерди колдоо чаралары тууралуу айтып берди
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Анкара шаарындагы кыргызстандыктар менен жолугуп, чет жердеги мекендештерди колдоо чаралары тууралуу айтып берди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Жазылуу
Жолугушууда мекендештер миграциялык саясат, жумушка орношуу, виза режимин жөнөкөйлөтүү, жарандык алуу, медициналык кызмат көрсөтүү, кыргызстандыктарды дарылоо үчүн квота берүү маселелерине кызыгышкан.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Анкара шаарындагы кыргызстандыктар менен жолугуп, чет жердеги мекендештерди колдоо чаралары тууралуу айтып берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Садыр Жапаров Анкара шаарындагы кыргызстандыктар менен жолугуп, чет жердеги мекендештерди колдоо чаралары тууралуу айтып берди
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Анкара шаарындагы кыргызстандыктар менен жолугуп, чет жердеги мекендештерди колдоо чаралары тууралуу айтып берди - Sputnik Кыргызстан
1/4
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Анкара шаарындагы кыргызстандыктар менен жолугуп, чет жердеги мекендештерди колдоо чаралары тууралуу айтып берди
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖапаров учурда Түркияда Кыргызстандын 30 миңден ашуун жараны жашай тургандыгын, анын 2,5 миңден ашууну студенттер экендигин белгилеген
Жапаров учурда Түркияда Кыргызстандын 30 миңден ашуун жараны жашай тургандыгын, анын 2,5 миңден ашууну студенттер экендигин белгилеген - Sputnik Кыргызстан
2/4
Жапаров учурда Түркияда Кыргызстандын 30 миңден ашуун жараны жашай тургандыгын, анын 2,5 миңден ашууну студенттер экендигин белгилеген
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖапаров Түркияда мекендештердин жүрүүсүн жеңилдетүү боюнча жүргүзүлгөн жана жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берген
Жапаров Түркияда мекендештердин жүрүүсүн жеңилдетүү боюнча жүргүзүлгөн жана жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берген - Sputnik Кыргызстан
3/4
Жапаров Түркияда мекендештердин жүрүүсүн жеңилдетүү боюнча жүргүзүлгөн жана жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берген
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы пандемияда жана Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан жабыркаган жарандарга колдоо көрсөткөн мекендештерге ыраазычылык билдирген.
Мамлекет башчы пандемияда жана Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан жабыркаган жарандарга колдоо көрсөткөн мекендештерге ыраазычылык билдирген. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Мамлекет башчы пандемияда жана Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан жабыркаган жарандарга колдоо көрсөткөн мекендештерге ыраазычылык билдирген.
1/4
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Анкара шаарындагы кыргызстандыктар менен жолугуп, чет жердеги мекендештерди колдоо чаралары тууралуу айтып берди
2/4
Жапаров учурда Түркияда Кыргызстандын 30 миңден ашуун жараны жашай тургандыгын, анын 2,5 миңден ашууну студенттер экендигин белгилеген
3/4
Жапаров Түркияда мекендештердин жүрүүсүн жеңилдетүү боюнча жүргүзүлгөн жана жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берген
4/4
Мамлекет башчы пандемияда жана Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан жабыркаган жарандарга колдоо көрсөткөн мекендештерге ыраазычылык билдирген.
Жапаров учурда Түркияда Кыргызстандын 30 миңден ашуун жараны жашай тургандыгын, анын 2,5 миңден ашууну студенттер экендигин белгилеген.
Жапаров Түркияда мекендештердин жүрүүсүн жеңилдетүү боюнча жүргүзүлгөн жана жасалып жаткан иштер жөнүндө айтып берген. Алар:
  • Кыргызстандын жарандары үчүн Түркияда иштөөгө уруксат берүүнүн эрежелери. Эмгек акы кайра каралып, иштөөгө уруксат алуу үчүн арыз ээсинин эсебинен алынчу төлөм жокко чыгарылды. Учурда уруксатты Түркиядагы жумуш берүүчү төлөйт. Түркияда иштөө үчүн документтердин пакетинин жалпы наркы мурда 283 доллар болсо, эми 80 долларды түзөт;
  • Визасыз режимде иштегендер Түркиядан чыгып, кайра кирем деп эми тынчсызданбайт. Түркияда жүрүүсүн мыйзамдаштыра алышат. Бул үчүн алар түркиялык иш берүүчүдөн маалым кат алышы керек, андан соң ал жакта иштөөгө уруксат берилет. Эгер өлкөдө болуу мөөнөтү бүтсө, ага айып пул салынат;
  • 2020-жылдын 1-ноябрында эки өлкөнүн ортосундагы Административдик макулдашуу күчүнө кирген. Ага ылайык, эки республиканын жарандарынын социалдык жана пенсиялык камсыздандыруу жаатында бирдей укуктарын белгилөө каралган;
  • 2021-жылдын 1-ноябрынан тарта Кыргызстандын жарандары Түркиянын тиешелүү органдарына өздөрүнүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен пенсия алуу үчүн кайрыла алышат. Эң башкысы жумуш берүүчүлөр менен расмий түрдө эмгек келишимдерин түзүү керек.
Мамлекет башчы пандемияда жана Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан жабыркаган жарандарга колдоо көрсөткөн мекендештерге ыраазычылык билдирген.
"Урматтуу кыргызстандыктар, бизге тынчтык керек. Кыргызстан — укуктук мамлекет. Өлкө эл аралык бардык келишимдерди карманат жана аны мындан ары да улантат. Бир тууган Түркия бизге түрк тилдүү өлкө катары жакшы мамиле жасап, Баткен аймагындагы талкаланган имараттарды курууга жардам көрсөтүү демилгесин көтөрүп жаткандыгын баса белгилегим келет", —деди  Жапаров.
Президент Садыр Жапаров менен Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдоган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Жапаров Эрдогандан дайынсыз болуп жаткан Орхан Инанды жөнүндө сурады
Президент мекендештерге чың ден соолук, өсүп-өнүгүү, үйүнөн алыс жүргөн ар бир кыргызстандыктын үй-бүлөсүнө бакубатчылык каалады. Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында уланып, мекендештер миграциялык саясат, жумушка орношуу, виза режимин жөнөкөйлөтүү, жарандык алуу, медициналык кызмат көрсөтүү, кыргызстандыктарды дарылоо үчүн квота берүү маселелерине кызыгышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0