14-июнда "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү бекеттери иштебейт

© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПункт пропуск "Иркештам" в Ошской области
Пункт пропуск Иркештам в Ошской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Жазылуу
Учурда аталган пунктулар өзгөчө алгоритм менен иштеп жатат. Тагыраагы, бул жерлерден Кытайдан Кыргызстанга алып келе жаткан товарлар гана өткөрүлөт.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл жүргүзүү бекеттери жүк ташуучу унаалар үчүн 14-июнь күнү жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул күндөрү Кытайда "Ажыдаарлар кайыгы фестивалы (күрүч майрамы)" белгиленет.
Аталган чек ара пунктулары кайра эле 15-июнь күнү ишин жандантат.
Эске салсак, учурда "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл жүргүзүү бекеттери өзгөчө алгоритм менен иштеп жатат. Тагыраагы, бул жерлерден Кытайдан Кыргызстанга алып келе жаткан товарлар гана өткөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0