Жамгыр. Архив

Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда сел жүрөт

78
(жаңыланган 13:22 11.06.2021)
Акыркы күндөрү Бишкек шаары менен Чүй облусунда маал-маалы менен ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жеткен катуу шамал болуп жатат.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргызстандын тоолуу аймактарында аба ырайы кескин бузулуп, нөшөрлөгөн жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

"11-июнь күнү күндүз жана 12-15-июнда нөшөрлөгөн жаан жаап, кесепетинде сел жүрүшү күтүлүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, акыркы күндөрү Бишкек шаары менен Чүй облусунда маал-маалы менен ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жеткен катуу шамал болуп жатат.

78
Белгилер:
сел, жаан-чачын, шашылыш билдирүү, аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Жаанчыл болобу? Дем алышка карата аба ырайы
Нарын шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын ачылышы

Нарындагы оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмүнүн имараты ишке берилди. Сүрөт  

10
(жаңыланган 22:16 17.06.2021)
Бакашеванын айтымында, оорукананын 70 орундуу бөлүмүн салууга 79,2 миллион сом керектелген.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бүгүн, 17-июнда, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Facebook баракчасы аркылуу билдирди.  

  • Заместитель председателя кабинета министров Жылдыз Бакашова приняла участие в открытии инфекционной больницы в городе Нарын. 17 июня 2021 года
    Бүгүн, 17-июнда, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди
    © Фото / пресс-служба правительства КР
  • Коллектив инфекционной больницы во время церемонии открытия в городе Нарын. 17 июня 2021 года
    Анын айтымында, оорукананын 70 орундуу бөлүмүн салууга 79,2 миллион сом керектелген
    © Фото / пресс-служба правительства КР
  • Заместитель председателя кабинета министров Жылдыз Бакашова приняла участие в открытии инфекционной больницы в городе Нарын. 17 июня 2021 года
    Эске салсак, аталган оорукананын имаратын куруу иштери 2020-жылы башталган
    © Фото / пресс-служба правительства КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба правительства КР
Бүгүн, 17-июнда, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди

Анын айтымында, оорукананын 70 орундуу бөлүмүн салууга 79,2 миллион сом керектелген.  

"Курулуш иштерин "Мерибелл Текстиль Иншаат" жоопкерчилиги чектелген коомунун подряддык ишканасы жүргүздү. Имараттын 48 койкасы бокс палаталарда, 22 койкасы реанимация жана интенсивдик палаталарда жайгашкан. Мында дарыгерлер жана бейтаптар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Министрлер кабинетинин атынан жугуштуу оорулар бөлүмүнө жалпы суммасы 3,5 миллион сомдук акцент генераторлор, ИВЛ аппараттары, кычкылтек концентраторлору жана мониторлор сыяктуу медициналык жабдуулар тапшырылды", — деген Бакашева.  

Эске салсак, аталган оорукананын имаратын куруу иштери 2020-жылы башталган.

10
Белгилер:
курулуш, имарат, бөлүм, оорукана, Нарын
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын үчүнчү партиясы келип түштү. Видео
Бийлик Бишкек—Кара-Балта жолу качан оңдолуп бүтөрүн айтты
Күн караманын жалбырагынан жаан тамчылап жатат. Архив

Жума күнүнө карата аба ырайы

18
(жаңыланган 21:07 17.06.2021)
18-июнга караган түнү өлкөнүн көп аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Жума күнү күндүз республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +29…+34, Талас өрөөнүндө +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Ысык-Көлдө +18…+23, Нарын чөлкөмүндө +15…+20 градуска жетет.

Күндүн табы Бишкекте +32…+34, Ош шаарында +33…+35, Чолпон-Атада +19…+21 градусту көрсөтөт.

18
Белгилер:
Кыргызстан, июнь, аба ырайы
Тема боюнча
Ысыгыраак болот. Июль айына карата аба ырайы