Айзаданы ала качууга шектелгендердин бири окуяга кокусунан кабылганын айтты

© AFP / FRED DUFOURКармалган киши кишенчен. Архив
Кармалган киши кишенчен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Жазылуу
Сыймык Молдосариев Нарындан бир күнгө келгенин айтып, шектүүлөр менен 4-апрелден 5-апрелге караган түнү "Ош" базары жактан таанышканын билдирди.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Айзаданы ала качууга шектелгендердин бири Сыймык Молдосариев Нарындан Бишкекке кыздар менен жыныстык катнашта болуу үчүн келген. Бул тууралуу уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын иши боюнча сотто мамлекеттик айыптоочу тергөөчүнүн айып кагазын окуп жатып айтты.
Соттук отурумда Сыймык Молдосариев Нарындан Бишкекке бир күнгө келгенин айтып, бирок кыздар тууралуу кеп кылган жок. Ал жумуштары менен келгенин айтып, шектүүлөр менен 4-апрелден 5-апрелге караган түнү "Ош" базары жактан таанышканын билдирди.
"Таңда жаанда жолдо калгам. Балдар менен ошондо таанышкам. Ага чейин эч кимиси менен байланышым жок болчу. Окуяга кокусунан кабылып калдым", — деди ал.
Ал эми Айзаданы ала качууга шектелгендердин бири Ажыкабыл Рысбай уулу Сыймык Молдосариевди жолдо жаанда турганын көрүп салып кетишкенин айтты.
Айзада Канатбекованын портрети. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Айзаданы ала качууга шектүүлөрдүн бири окуянын чоо-жайын айтып берди
"Компьютердик клубдан чыгып тамактаналы деп кетип баратып, жолдон Сыймыкты көрүп калдык. Жаанда жалгыз туруптур. Автоунаага салып алганбыз. Ал биз тамактанган жерге кошо барган", — деди Рысбай уулу.
Сыймык Молдосариев Нарын шаарында орто билим алганын, бойдок экенин, буга чейин соттолбогонун айтты.
Эске салсак, бүгүн Биринчи май райондук сотунда Айзаданын өлүмү боюнча соттук отурум өтүп жатат. Коронавирус боюнча кырдаалдан улам шектүүлөр, жабыркаган тарап, күбөлөр, жактоочулар жана ЖМК өкүлдөрү жыйынга онлайн катышууда.

Айзаданын өлүмү

5-апрель күнү эртең менен саат 07:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап, Биринчи май райондук милицияга саат 07:30да кабарлашкан. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.
7-апрелде изделип жаткан автоунаа Бишкектин чет жагындагы Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.
Ала качуу салт эмес! Кыз тагдырын талкалаган жорук тууралуу тасма - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Ала качуу салт эмес! Кыз тагдырын талкалаган жорук тууралуу тасма
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган.
Кызды ала качууга катыштыгы бар делип беш шектүү кармалган.
Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май райондук милициясынын начальниктери баш болгон бир катар жетекчилер кызматтан алынган.
Айзаданын жакындарынын адвокаты соттук-медициналык экспертизада ал киши колдуу болгонго чейин зордукталганы аныкталганын айтып, маалыматты милиция дагы тастыктаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0