Жапаров капсула салган аскер шаарчасынын курулушу эмнеге токтоп калганы айтылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров Лейлек районунда аскер шаарчасынын курулушуна капсула салуу учурунда
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Лейлек районунда аскер шаарчасынын курулушуна капсула салуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Жазылуу
Социалдык тармакка президент Садыр Жапаров аскер шаарчасынын курулушуна капсула салып кеткенден кийин эч бир иш жүрбөй калганын айткан жергиликтүү тургундун видеосу жарыяланды.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Коргоо министрлиги Лейлек районундагы аскер шаарчасынын курулуш иши башталбай жатканы туурасында маалымат берди.
Социалдык тармакка президент Садыр Жапаров аскер шаарчасынын курулушуна капсула салып кеткенден кийин эч бир иш жүрбөй калганын айткан жергиликтүү тургундун видеосу жарыяланды. Кадрдан бир ууч жерге эле опалубка коюлуп, айланасында кыбыр эткен жан жоктугун көрүүгө болот.
Министрлик азыркы тапта башкы подрядчы компания аныкталып жатканын, буга байланыштуу курулуш иштери баштала электигин билдирди.
"Аскер шаарчасын курууга жер тилкеси трансформацияланып, участоктун укуктук тастыктоочу документтери алынды. Инженердик-геологиялык изилдөө, топографикалык сүрөткө тартуу иштери аяктады, архитектуралык пландоо жана инженердик-техникалык шарттары алынды. Сметалык долбоорлоо документтери даярдалууда", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле аталган объектини курууга республикалык бюджеттен каражат каралганы, курулуш башталганда этап-этабы менен бөлүнөрү маалымдалды.
Белгилей кетсек, 6-майда президент Садыр Жапаров Баткен облусуна барып Лейлек районундагы аскер шаарчасынын курулушунун пайдубалына капсула салган.
Жаңылыктар түрмөгү
0