Бишкек мэринин милдетин аткаруучу жана Борбор Азия мусулмандар комитетинин төрагасы менен жолугушу

Бишкек башчысы шейх менен жетим балдардын жатаканасын салуу боюнча сүйлөштү

67
(жаңыланган 14:35 11.06.2021)
Жатаканадан сырткары селсаяктар үчүн салынчу жайдын курулушу боюнча маселе да талкууланган. Анда жумушка орноштуруу боюнча шарттар түзүлүп, андан соң аларды акырындап коомго аралаштыруу каралары айтылды.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Бишкек мэринин милдетин аткарып жаткан Бактыбек Кудайбергенов Борбор Азия мусулмандар комитетинин төрагасы, Кувейттеги "Ихьяут-Турос" фондунун жетекчиси шейх Мухаммад Сухейл аль-Шамарий жана ETHAR (ИТАР) коомдук кайрымдуулук фондунун башчысы Алтынбек Кудайбердиев менен жолукту. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

И.о. мэра столицы Бактыбек Кудайбергенов встретился с председателем комитета мусульман Средней Азии шейхом Мухаммад Сухейл аль Шамарий. 11 июня 2021 года
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкек мэринин милдетин аткарып жаткан Бактыбек Кудайбергенов Борбор Азия мусулмандар комитетинин төрагасы, Кувейттеги "Ихьяут-Турос" фондунун жетекчиси шейх Мухаммад Сухейл аль-Шамарий жана ETHAR (ИТАР) коомдук кайрымдуулук фондунун башчысы Алтынбек Кудайбердиев менен жолукту

Анда тараптар кайрымдуулук алкагында жасала турган иштерди сүйлөшкөн. Тагыраагы, жетимдер үчүн курула турган кыздар жана балдар жатаканасы боюнча кеп болгон. Аталган жайда жашаган балдарды ар кыл кесиптерге да үйрөтүү планы бар.

Мындан сырткары, селсаяктар үчүн салынуучу жайдын курулушу боюнча маселе да талкууланган. Анда жумушка орноштуруу боюнча шарттар түзүлүп, андан соң аларды акырындап коомго аралаштыруу каралары айтылган.

Жолугушуу учурунда мындан аркы кызматташуу жана Бишкектин тегерегиндеги конуштарга социалдык объектилерди салуу боюнча кеп болгон.

Кудайбергенов аларга ыраазылык билдирип, мындан аркы кызматташууга да даяр экендиктерин айткан.

67
Белгилер:
фонд, социалдык объектилер, жетим, Кувейт, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Былтыр өлкөдө расмий никеде турбаган энелерден 30 миңден ашык бала төрөлдү
Бишкектеги түнкү жарыш. Архивдик сүрөт

Бишкекте түнкү жарыш старт алды. Сүрөт

75
(жаңыланган 22:29 19.06.2021)
Башында мелдеште 2000дей кишинин чуркашы күтүлсө, пандемияга байланыштуу 500үн кыскартууну чечишкен.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бишкекте бүгүн, 19-июнда, Toyboss Night Run 2021 түнкү марафону старт алды.

  • Участники забега Toyboss Night Run 2021 в Бишкеке
    Бишкекте бүгүн, 19-июнда, Toyboss Night Run 2021 түнкү марафону старт алды
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Участники забега Toyboss Night Run 2021 в Бишкеке
    Жарыш Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектинин бир бөлүгүндө өтөт
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Участники забега Toyboss Night Run 2021 в Бишкеке
    Башында 2000дей кишинин чуркашы күтүлсө, пандемияга байланыштуу 500үн кыскартууну чечишкен
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Участники забега Toyboss Night Run 2021 в Бишкеке
    Мелдешти Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурууда.
    © Sputnik / Эркин Садыков
1 / 4
© Sputnik / Эркин Садыков
Бишкекте бүгүн, 19-июнда, Toyboss Night Run 2021 түнкү марафону старт алды

Жарыш Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектинин бир бөлүгүндө өтөт.

Башында 2000дей кишинин чуркашы күтүлсө, пандемияга байланыштуу 500үн кыскартууну чечишкен.

Мелдешти Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурууда. Баш калаада жарыш үчүнчү ирет өтүүдө.

Белгилей кетчү жагдай, быйылкы жарышта катышуучулардан түшкөн каражаттын бир бөлүгү Кара-Балтадагы Улуттук Кызыл Ай коомунун балдар кризистик борборуна берилет. Аталган жайда эки жаштан 18 жашка чейинки 25 бала жашайт. Алар жетим балдар, мигранттардын балдары жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болуп саналат.

Спорттук иш-чарада каалоочулар футболка, рюкзак сатып алып же диагностикадан өтүп балдар борборуна жардам бере алышат.

75
Белгилер:
спорт, жарыш, Бишкек
Тема боюнча
Көпкө күттүргөн жарыш. "Жаз деми" марафонунан видео
Ала-Тоо аянты. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

33
20-июнга караган түнү өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Жекшембиде республика боюнча ала булут каптап турат. Кээ бир райондордо кыска убакытка жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас облусунда +25...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймагында +29...+34, Ысык-Көлдө +17...+22, Нарын өрөөнүндө +16...21 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Чолпон-Ата жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, Ошто +31...+33, Чолпон-Атада +17...+19, борбор калаада +26...+28 градуска жетери маалымдалды.

33
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Ош облусунун айрым жерлеринде үч күнгө жарык өчүрүлөт. Тизме