Манас аэропортундагы учак. Архив

Бишкектен кайсы өлкөлөргө түз учуп кетсе болот. Авиакаттамдардын тизмеси

324
(жаңыланган 18:03 11.06.2021)
Бүгүнкү күндө Бишкектен Казакстан, Өзбекстан, Россия, Түркия жана Бириккен Араб Эмирлигине самолёт учуп жатат.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту Бишкектен кайсы өлкөлөргө авиакаттамдар аткарылып жатканы туурасында маалымат берди.

Билдирүүгө ылайык, бүгүнкү күндө "Манас" аба майданынан Казакстан, Өзбекстан, Россия, Түркия жана Бириккен Араб Эмирлигине туруктуу авиакаттамдар аткарылып жатат.

Казакстанга

  • Air Astana: Алматы — Бишкек — Алматы, жумасына жети жолу;
  • FlyArystan: Түркстан — Бишкек — Түркстан, жумасына 2 жолу.

Өзбекстанга

  • Uzbekistan Airways: Ташкент — Бишкек — Ташкент, жумасына 3 жолу (19 июндан тартып бир каттам кошулат).

Түркияга

  • Turkish Airlines: Бишкек — Стамбул — Бишкек, жумасына 14 жолу (1-июлдан тартып кошумча каттамдар киргизилет);
  • Pegasus: Стамбул — Бишкек — Стамбул, жумасына 7 жолу;
  • Pegasus: Анталия — Бишкек — Анталия, жумасына 4 жолу.

Бириккен Араб Эмирлигине

  • FlyDubai: Дубай — Бишкек — Дубай, жумасына 7 жолу (июнь айында шаршемби жана бейшембидеги каттамдар токтотулду).

Россияга

Туруктуу, түз каттамдар:

  • "Аэрофлот": Москва — Бишкек — Москва, жумасына 3 жолу;
  • Avia Traffic Company: Москва — Бишкек — Москва, жумасына 3 жолу;
  • "Урал аба жолдору": Москва — Бишкек — Москва, жумасына 1 жолу.

Чартердик каттамдар (өзгөрүүлөр болушу мүмкүн)

  • "Аэрофлот": Москва — Бишкек — Москва, жумасына 12 жолу;
  • "Урал аба жолдору": Москва — Бишкек — Москва, жумасына 6 жолу;
  • "Аэрофлот": Санкт-Петербург — Бишкек — Санкт-Петербург, жумасына 2 жолу;
  • "Урал аба жолдору": Санкт-Петербург — Бишкек — Санкт-Петербург, жумасына 1 жолу;
  • "Россия Эйрлайнс": Санкт-Петербург — Бишкек— Санкт-Петербург, жумасына 1 жолу;
  • "Урал аба жолдору": Екатеринбург — Бишкек — Екатеринбург, жумасына 5 жолу;
  • Nordwind Airlines: Нижний Новгород — Бишкек — Нижний Новгород, жумасына 1 жолу;
  • Тюмень — Бишкек — Тюмень, жумасына 1 жолу;
  • Самара — Бишкек — Самара, жумасына 2 жолу;
  • Пермь — Бишкек — Пермь, жумасына 1 жолу;
  • Казань — Бишкек — Казань, жумасына 1 жолу;
  • Минеральные — Бишкек — Минеральные, жумасына 1 жолу;
  • Оренбург — Бишкек — Оренбург, жумасына 1 жолу;
  • "Азимут": Ростов-на-Дону — Бишкек — Ростов-на-Дону, жумасына 1 жолу;
  • Краснодар — Бишкек — Краснодар, жумасына 1 жолу;
  • Калуга — Бишкек — Калуга, жумасына 1 жолу
  • S7: Нижний Новгород — Бишкек — Нижний Новгород, жумасына 1 жолу;
  • Кемерово — Бишкек — Кемерово, жумасына 1 жолу;
  • Новосибирск — Бишкек — Новосибирск, жумасына 2 жолу;
  • Самара — Бишкек — Самара, жумасына 1 жолу;
  • Иркутск — Бишкек — Иркутск, жумасына 1 жолу;
  • "Урал аба жолдору": Ростов-на-Дону — Бишкек — Ростов-на-Дону, жумасына 1 жолу;
  • Самара — Бишкек — Самара, жумасына 1 жолу;
  • Пермь — Бишкек — Пермь, жумасына 1 жолу;
  • Адлер — Бишкек — Адлер, жумасына 1 жолу;
  • Астрахань — Бишкек — Астрахань, жумасына 1 жолу;
  • Воронеж — Бишкек — Воронеж, жумасына 1 жолу;

Ички туруктуу каттамдар:

  • Avia Traffic Company: Бишкек — Ош — Бишкек, жумасына 7 жолу;
  • Air Manas: Бишкек — Ош — Бишкек, жумасына 12 жолу;
  • Tez Jet: Бишкек — Ош — Бишкек, жумасына 25 жолу;
  • Жалал-Абад — Бишкек — Жалал-Абад, жумасына 2 жолу;
  • Бишкек — Баткен — Бишкек, жумасына 2 жолу;
  • Исфана — Бишкек — Исфана, жумасына 2 жолу.
324
Белгилер:
авиакаттам, учак, Кыргызстан, Бишкек, "Манас" эл аралык аэропорту
Тема боюнча
Бишкекке учуп келген тажик жарандары артка кайтарылды. "Манас" себебин айтты
Ош менен Жалал-Абаддан Ысык-Көлгө туруктуу түз авиакаттам ачылат
Ростов-на-Дону шаарынан Ошко авиакаттам ачылып, биринчи жүргүнчүлөр келди. Сүрөт
Нарын шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын ачылышы

Нарындагы оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмүнүн имараты ишке берилди. Сүрөт  

8
(жаңыланган 22:16 17.06.2021)
Бакашеванын айтымында, оорукананын 70 орундуу бөлүмүн салууга 79,2 миллион сом керектелген.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бүгүн, 17-июнда, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Facebook баракчасы аркылуу билдирди.  

  • Заместитель председателя кабинета министров Жылдыз Бакашова приняла участие в открытии инфекционной больницы в городе Нарын. 17 июня 2021 года
    Бүгүн, 17-июнда, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди
    © Фото / пресс-служба правительства КР
  • Коллектив инфекционной больницы во время церемонии открытия в городе Нарын. 17 июня 2021 года
    Анын айтымында, оорукананын 70 орундуу бөлүмүн салууга 79,2 миллион сом керектелген
    © Фото / пресс-служба правительства КР
  • Заместитель председателя кабинета министров Жылдыз Бакашова приняла участие в открытии инфекционной больницы в городе Нарын. 17 июня 2021 года
    Эске салсак, аталган оорукананын имаратын куруу иштери 2020-жылы башталган
    © Фото / пресс-служба правительства КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба правительства КР
Бүгүн, 17-июнда, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди

Анын айтымында, оорукананын 70 орундуу бөлүмүн салууга 79,2 миллион сом керектелген.  

"Курулуш иштерин "Мерибелл Текстиль Иншаат" жоопкерчилиги чектелген коомунун подряддык ишканасы жүргүздү. Имараттын 48 койкасы бокс палаталарда, 22 койкасы реанимация жана интенсивдик палаталарда жайгашкан. Мында дарыгерлер жана бейтаптар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Министрлер кабинетинин атынан жугуштуу оорулар бөлүмүнө жалпы суммасы 3,5 миллион сомдук акцент генераторлор, ИВЛ аппараттары, кычкылтек концентраторлору жана мониторлор сыяктуу медициналык жабдуулар тапшырылды", — деген Бакашева.  

Эске салсак, аталган оорукананын имаратын куруу иштери 2020-жылы башталган.

8
Белгилер:
курулуш, имарат, бөлүм, оорукана, Нарын
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын үчүнчү партиясы келип түштү. Видео
Бийлик Бишкек—Кара-Балта жолу качан оңдолуп бүтөрүн айтты
Күн караманын жалбырагынан жаан тамчылап жатат. Архив

Жума күнүнө карата аба ырайы

18
(жаңыланган 21:07 17.06.2021)
18-июнга караган түнү өлкөнүн көп аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Жума күнү күндүз республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +29…+34, Талас өрөөнүндө +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Ысык-Көлдө +18…+23, Нарын чөлкөмүндө +15…+20 градуска жетет.

Күндүн табы Бишкекте +32…+34, Ош шаарында +33…+35, Чолпон-Атада +19…+21 градусту көрсөтөт.

18
Белгилер:
Кыргызстан, июнь, аба ырайы
Тема боюнча
Ысыгыраак болот. Июль айына карата аба ырайы