Бишкектин таштанды жайын рекультивациялоо иши кайра токтоп калды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин таштанды жайы. Архив
Бишкектин таштанды жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Жазылуу
Подрядчылар жана эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS фирмасынын өкүлдөрү ишин улантуу үчүн 18-майда борбор калаага келишкен. Бирок иш башталып-башталбай жатып токтоп калганы маалым болду.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Бишкек шаардык таштанды жайын рекультивациялоо иши токтоп, эстониялык компания менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын директору Адил Назаров Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.
"Жаңы полигондун курулушуна 7,5 миллион евро, кийин дагы 1,5 миллион евро бөлүнмөк. Келишимге ылайык, биз эстониялык кесиптештерге таштандынын бардыгы рекультивация болгондон кийин каражатын төлөп беришибиз керек болчу. Бирок подрядчылар инфляция болуп күтүлбөгөн чыгымдар көбөйгөнүнө байланыштуу кошумча дагы 1 миллион 300 евро төлөп берүүнү суранышты", — деди Назаров.
Ал бул сумманы суроого негиз жок экенин белгиледи.
Таштанды сорттоочу бактар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Бишкекте таштанды сорттоочу долбоор ишке кирди. Сүрөт
"Келишимде жалпы жонунан 9 миллион евро белгиленген. Анын ичинде салык менен киреше дагы бар. Подрядчы компания күтүлбөгөн жагдайлар болуп кетиши мүмкүн экенин эске алышы керек болчу. Мындан улам каражатты 1 миллион 300 миң еврого көбөйтүүнү негизсиз деп эсептейбиз", — деди ал.
Полигондун директору эстониялык компаниянын аткарган иши үчүн каражатты көбөйтүү маселеси боюнча даттануу үчүн юристтер чакырылганын кошумчалады.
Үч күн мурда эле Бишкек мэриясы таштанды полигонун рекультивациялоо 14 айдан кийин жанданганын маалымдап, келишимди 17 айга чейин узартуу күтүлүп жатканы айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0