Кыргызстанда пандемия учурунда ар бир төртүнчү киши жакыр жашады

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүКквартал Ичери Шехер (Старый город) в Баку
Кквартал Ичери Шехер (Старый город) в Баку - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2021
Жазылуу
Жакырчылык күч алган облустардын сап башында Жалал-Абад турат. Бул региондо республика боюнча турмушу начарлардын 28 пайызы жашайт.
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Былтыр Кыргызстандын ар бир төртүнчү жашоочусу кедейчилик шартта жашаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.
"2020-жылы кедейчиликте 1 миллион 678 миң адам жашаган. Алардын 73,7 пайызы айыл тургундары", — деп айтылат билдирүүдө.
Пакет көтөрүп бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Жашоо начарлап кетсе эмне болот? Бүк түшүп калбай эмнеге даяр болуш керек
Аймактар боюнча карай турган болсок, жакырчылык күч алган облустардын сап башында Жалал-Абад турат. Бул региондо республика боюнча турмушу начарлардын 28 пайызы жашайт. Андан кийинки орунда Ош (15,6 пайыз), Чүй (14,7 пайыз), Баткен (11,3 пайыз) облустары жана Бишкек шаары (10,8 пайыз) турат.
Ысык-Көл облусунда жакырлардын 8,3 пайызы жашаса, Нарында бул көрсөткүч 6,4кө жеткен.
Жашоочулары негизинен бардар жашаган аймактар болуп Ош шаары менен Талас облусу эсептелет. Бул экөөндө Кыргызстан боюнча турмушу өп-чаптардын экиден гана пайызы турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0