Бир суткада 619 кишиден коронавирус табылды. Оору Ошто күч алууда

© REUTERS / MOSCOW NEWS AGENCYМедициналык кызматкер COVID-19 ооруган бейтап менен
Медициналык кызматкер COVID-19 ооруган бейтап менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2021
Жазылуу
Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан беш бейтап көз жумган. Анын төртөө Бишкекте, бирөө Ысык-Көл облусунда катталган.
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 619 кишиден катталып, 296 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Билдирмеге караганда, оору учурда Ош шаарында күч алууда.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 273;
  • Ош – 110;
  • Чүй облусу – 99;
  • Ош облусу – 57;
  • Талас облусу – 7;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 22;
  • Жалал-Абад облусу – 26;
  • Баткен облусу – 20.
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө жалпы 109 812ге жетти. Анын ичинен 102 314ү дартты жеңген.
Айыккандар:
  • Бишкек – 142;
  • Ош шаары – 41;
  • Чүй облусу – 42;
  • Ош облусу – 13;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 26;
  • Жалал-Абад облусу – 19;
  • Баткен облусу – 2.
Тилекке каршы, бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан беш бейтап көз жумган. Анын төртөө Бишкекте, бирөө Ысык-Көл облусунда катталган. Муну менен коронавирус жалпы 1 881 адамдын өмүрүн алды. Стационарларда 1 949 адам дарыланып жатат. Анын ичинде 585и оор абалда болсо, 90 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. 
Жаңылыктар түрмөгү
0