Бишкекте Россия күнү белгиленип жаткан учурда

Бишкекте Россия күнү белгиленип жатат. Сүрөттөр

70
(жаңыланган 13:01 12.06.2021)
Майрамга карата концерттик программа жана башка түрдүү оюн-зооктор уюштурулган. Иш-чарага бардык каалоочулар келип катыша алат.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында Россия күнүнө арналган концерт, жарманке жана башка иш-чаралар өтүп жатат.

  • Люди на масштабном фестивале, посвященном Дню России, который прошел возле Русского драмтеатра в центре Бишкека
    Бишкекте Россия күнү белгиленип жатат
    © Sputnik / Эмиль Садыров
  • Мужчина в русском национальном костюме за прилавком сувенирной продукции на масштабном фестивале, посвященном Дню России, который прошел возле Русского драмтеатра в центре Бишкека
    Бишкекте Россия күнү белгиленип жатат
    © Sputnik / Эмиль Садыров
  • Люди на масштабном фестивале, посвященном Дню России, который прошел возле Русского драмтеатра в центре Бишкека
    Бишкекте Россия күнү белгиленип жатат
    © Sputnik / Эмиль Садыров
  • Женщина в русском национальном костюме за прилавком сувенирной продукции на масштабном фестивале, посвященном Дню России, который прошел возле Русского драмтеатра в центре Бишкека
    Бишкекте Россия күнү белгиленип жатат
    © Sputnik / Эмиль Садыров
  • Люди на масштабном фестивале, посвященном Дню России, который прошел возле Русского драмтеатра в центре Бишкека
    Бишкекте Россия күнү белгиленип жатат
    © Sputnik / Эмиль Садыров
  • Женщина за прилавком сувенирной продукции на масштабном фестивале, посвященном Дню России, который прошел возле Русского драмтеатра в центре Бишкека
    Бишкекте Россия күнү белгиленип жатат
    © Sputnik / Эмиль Садыров
  • Женщина в русском национальном костюме за прилавком сувенирной продукции на масштабном фестивале, посвященном Дню России, который прошел возле Русского драмтеатра в центре Бишкека
    Бишкекте Россия күнү белгиленип жатат
    © Sputnik / Эмиль Садыров
  • Продажа фарфоровой посуды на масштабном фестивале, посвященном Дню России, который прошел возле Русского драмтеатра в центре Бишкека
    Бишкекте Россия күнү белгиленип жатат
    © Sputnik / Эмиль Садыров
1 / 8
© Sputnik / Эмиль Садыров
Бишкекте Россия күнү белгиленип жатат

Ошону менен катар бий, викторина, квест оюндары, орус тамак-аштарынан даам сызуу жана Россиянын элдик искусствосунун көргөзмөсү уюштурулган.

Ушул сыяктуу эле концерт Каракол, Кант жана Кара-Балта шаарларында дагы өтүүдө. Уюштуруучулар бардык жарандарды майрамдык иш-чарага келип күбө болуп кетүүгө чакырат.

70
Белгилер:
майрам, Россия күнү, Бишкек
Тема боюнча
Канттагы базанын аскерлери абалы оор бейтаптар үчүн кан тапшырышты
Баткенде "Салттуу музыка жумалыгы" жана "Достук" фестивалы аяктады. Сүрөт
Такси. Архив

Бишкекке жакын жерде жүргүнчүлөр таксистке кол салып, ал бычак менен коргонгон

76
(жаңыланган 22:13 29.07.2021)
Милициянын маалыматы боюнча, эки жүргүнчү 58 жаштагы таксистке кол салган. Кийинчерээк шектүү катары 19 жана 29 жаштагы кишилер кармалган.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Аламүдүн районунда белгисиз адамдар таксистке кол салды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Милицияга 58 жаштагы К.А. аттуу адам кайрылып, такси кызматында иштерин айткан.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, 27-июлда ал "Ош" базарынан кардар салып, жүргүнчүлөр ГЭС-5 районуна жеткирүүнү суранышкан. Болжол менен саат 21:00дө такси көрсөтүлгөн жерге жеткенде автоунаанын артында отурган кардар таксистке кол салып, муунткан. Экинчиси автоунаанын ачкычы менен телефонун тартып алган. Бирок таксист автоунаасындагы бычакты алып, аны менен коргонуп, каракчылардын колунан бошонгон. Андан соң шектүүлөр качып кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча Жазык кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, экспертиза дайындалган.

Милиция кызматкерлери шектүүлөрдү издеп, эки адамды колго түшүргөнү маалым болду. Алар 19 жаштагы Ш.Ж. жана 29 жаштагы Б.Н. аттуу кишилер болуп чыккан.

Азыркы тапта милиция кызматкерлери кармалгандардын бул ишке тиешеси бар-жогун текшерип жатканы айтылды. Колго түшүрүлгөндөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

76
Белгилер:
милиция, бычак, кол салуу, таксист
Тема боюнча
Бишкектеги батирлердин биринен 84 жаштагы кемпирдин сөөгү табылды
Бишкекте жол кырсыгы болуп, бир киши көз жумду. Видео  
Депутаттар Бишкектеги ресторанда

Бүгүн төрага депутаттарга чай берип жатат. Ресторандан тартылган видео

1499
(жаңыланган 22:29 29.07.2021)
Быйылкы сессиянын жыйынтыкталганына байланыштуу Жогорку Кеңештин спикери сый тамак уюштурганы маалым болду.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов депутаттарга чай берип жатат.

ЖКнын VI чакырылышынын быйылкы сессиясынын жыйынтыкталганына байланыштуу спикердин сый тамак уюштурганы маалым болду.

  • Один из бишкекских ресторанов, где проходит банкет депутатов после завершения внеочередной сессии. 29 июля 2021 года
    Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов депутаттарга чай берип жатат
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • Автомобили депутатов в одном из бишкекских ресторанов после завершения внеочередной сессии. 29 июля 2021 года
    ЖКнын VI чакырылышынын быйылкы сессиясынын жыйынтыкталганына байланыштуу спикердин сый тамак уюштурганы маалым болду
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
1 / 2
© Sputnik / Эламан Карымшаков
Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов депутаттарга чай берип жатат

Кабарчы жиберген кадрдан ресторандын алдына жолтандабастар толуп, депутаттар ичине кирип жатканын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, эл өкүлдөрү бүгүн кезексиз жыйындарын жыйынтыктап, каникулга тараган.

Мындан эки күн мурда депутаттарды президент Садыр Жапаров да сый тамакка чакырган эле.

1499
Белгилер:
сый тамак, спикер, депутат
Тема боюнча
Качып, жалтактап... Жапаровдун сый тамагына бараткан депутаттардын видеосу
ЖК депутаттары кезексиз жыйындарын аяктап, каникулга тарады