80деги атам колумду сындырганда эсиме келгем. Ишкер Чыңгыз Алканов менен маек

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер, спортчу, ардактуу консул жана блогер Чыңгыз Алканов
Ишкер, спортчу, ардактуу консул жана блогер Чыңгыз Алканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2021
Жазылуу
Чыңгыз Алканов — ишкер, спортчу, ардактуу консул жана блогер. Атасы Райкан Алканов түптөгөн "Алкан базарын" 22 жашында толугу менен колго алган.
Каарманыбыз Москва шаарында туулуп-өскөн. Кыргызстанга келүүсүнө атасынын "үй-бүлөлүк бизнести колго ал" деген өтүнүчү себеп болгонун айтат.
Учурда ал базардан тышкары бизнес борбору, соода борбору, бажы терминалы сыяктуу башка объектилерди түптөөгө жетишкен. Триатлон боюнча эл аралык мелдештерде жеңүүчү болуп, өлкөдө бул спорттун түрү боюнча федерация негиздеген.
Мындан тышкары, Кыргызстандагы Португалиянын ардактуу консулу. Акыркы кезде ишкерликтин ар кайсы түрү тууралуу берүүлөрдү тартып, блогерлик өнөрдү дагы өздөштүрдү.
Бүгүн Чыңгыз Алканов Sputnik Кыргызстан агенттигине кенен маек куруп берди.
© Фото / предоставлено Чынгызом АлкановымЧыңгыз Алканов — ишкер, спортчу, ардактуу консул жана блогер
Бизнесмен, спортсмен, почетный консул и блогер Чынгыз Алканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Чыңгыз Алканов — ишкер, спортчу, ардактуу консул жана блогер
— Кандайча Москвада төрөлүп калдыңыз эле?
— Советтер Союзу учурунда ата-энем бир нече жыл Москвада иштептир. Мен ошол учурда төрөлгөм. Чоңоюп, окуп калганда атам Кыргызстанга кетиш керек болуп, апам балдардын окуусу үзгүлтүккө учурабасын деп ал жакта калыптыр.
— Сиздин пландарыңыз кандай эле? Окууну бүткөндө мекенге кайтам деп ойлочу белеңиз?
— Чынын айтсам мен Кыргызстанга келем деп ойлочу эмесмин. Атам үй-бүлөлүк бизнести колго ал деген кезде мен университетти бүтүп, эл аралык компанияда аткаруучу директор болуп иштеп жаткам.
— Кайсы кесип боюнча, кандай ишканада иштечү элеңиз?
— Адистигим боюнча темир жол транспортунда маркетологмун. 3-курста окуп жүргөндө бизге сабактан берип жаткан материалдар менен реалдуу жашоо эки башка нерсе экенине көзүм жетип, андан көрө иштеп, ошол жактан үйрөнөйүн деп чечкем. Бир фирмага жумушка кирип, көпкө чейин айлык албай иштедим. Мага негизгиси ишти өздөштүрүү керек эле. Кийин адис, андан соң башкы адистикке чейин жеттим. Ал ишкана негизинен коммерциялык кыймылсыз мүлк менен алектенчү. "Москва ситинин" ири объектилеринин бирин, кампаларды, соода борборлорун курганбыз. Иш абдан кызыктуу эле, бирок бул тармак меники эмес экенин түшүнүп, башка компанияга кетип калдым.
© Sputnik / Табылды КадырбековАтасы Райкан Алканов түптөгөн "Алкан базарын" 22 жашында толугу менен колго алган
Бизнесмен, спортсмен, почетный консул и блогер Чынгыз Алканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Атасы Райкан Алканов түптөгөн "Алкан базарын" 22 жашында толугу менен колго алган
Ал мекеме жумуш берүүчүлөрдү кызматкер тандоого үйрөтүү менен алектенчү. Жаңы тармак болгондуктан, баарын нөлдөн баштоого туура келди. Менеджер катары телефон чалууларга жооп берүүгө отургузушту. Бирок мен жакшы сүйлөп, бир нерсени жакшы сата алгандыктан бат эле өзүмдү көрсөтө алдым. Кийин коммерциялык директор кызматына жеттим. Ошол кезде атам келип, Кыргызстанга барышың керек деп калды.
— Москвада баарын таштап коюп басып кетүү оңой болбосо керек?
— Дароо макул деген жокмун. Бирок ага чейин мен атам Кыргызстанда иштеп тапкан акчага жашап келдим да. Ошондуктан өзүмдү милдеттүү сезип туруп алдым. Анын үстүнө ал кезде адам 70ке чыгып калган, чындап эле жардам керек эле.
— Чоң бизнести башкарууга келген жапжаш баланы анда иштегендер, башка тууган-урук кандай кабыл алды?
— Башында баары бир аз отурат да кетип калат деп ойлоду. Чындап эле Москвадагы кычыраган кеңселер менен базарды салыштырып болбойт да. Байкасам кыла турган иш көп экен. Документ боюнча 50дөн ашык киши иштесе, факт жүзүндө анын ону гана жумушка келип жүргөн. Башкалары айлык аларда гана пайда болушат. Карасам, туугандар, достор, тааныштар... Көбүн иштен кетирүүгө туура келди. Жакшы жери атам менин бардык кадамдарымды колдоп турду. Анткени бул жакка келе жатканда атам менен "мен иштейм, сиз кийлигишпейсиз" деп убадалашкам. Эгер андай болбой, мен бир чечим кабыл алып, аны атам жокко чыгарып коюп турса, 22 жаштагы баланы ким тоготмок эле?
© Фото / предоставлено Чынгызым АлкановымКаарманыбыз Москва шаарында туулуп-өскөн. Кыргызстанга келүүсүнө атасынын "үй-бүлөлүк бизнести колго ал" деген өтүнүчү себеп болгонун айтат
Бизнесмен, спортсмен, почетный консул и блогер Чынгыз Алканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Каарманыбыз Москва шаарында туулуп-өскөн. Кыргызстанга келүүсүнө атасынын "үй-бүлөлүк бизнести колго ал" деген өтүнүчү себеп болгонун айтат
Мен келгенде биздин бизнесте активдер көп болгону менен кирешебиз болор-болбос акча экен. Үстүбүздөн башка кишилер абдан көп пайда таап жүрүптүр. Анын баарын оңдоого сегиз жылдай убакыт кетти. Андан кийин гана өзүм жаңы долбоорлорду иштеп, бизнестин башка түрлөрүн ачууга жетиштим.
— Акыркы кезде блогерликке басым жасап жатасыз...
— Ооба, өндүрүштүн ар кайсы түрлөрү жөнүндө атайын берүүлөрдү даярдап, өзүмдүн YouTube каналымда жүктөп жатам. Азыр маалымат айдыңында жалаң негатив болуп калбадыбы. Мен, тетиринче, жаратмандык тууралуу сапаттуу маалымат берейин деп чечтим.
— Бир ишкер башка ишкерлердин бизнеси тууралуу көрсөтүп бергени кызык экен. Муну менен кандай максатты көздөдүңүз?
— Мага кайсы бир өндүрүштү тарткандыгым үчүн эч ким акча төлөбөйт, бул жерде мен бул же тигил ишкер тууралуу айтып же анын ишин реклама кылууну көздөгөн эмесмин. Негизги максатым — өндүрүш процессин көрсөтүп берүү. Мисалы, командам менен алгач улуттук суусундук чыгарган фирманы тарттык. Ал жерде талкандан тарта ал кантип суусундукка айланып, бөтөлкөгө куюларына чейин көрсөтүп бердик.
© Sputnik / Табылды КадырбековАлканов базардан тышкары бизнес борбору, соода борбору, бажы терминалы сыяктуу башка объектилерди түптөөгө жетишкен
Бизнесмен, спортсмен, почетный консул и блогер Чынгыз Алканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алканов базардан тышкары бизнес борбору, соода борбору, бажы терминалы сыяктуу башка объектилерди түптөөгө жетишкен
Экинчи максатым — элге ишкерлердин бардыгы эле мамлекетти "жеген" адамдар эмес экенин, көпчүлүгү өзүнүн ак эмгеги менен бутуна туруп, ондогон, жүздөгөн кишилерди жумуш менен камсыз кылып, мамлекетке ири салыктарды төлөп жаткан жарандар экенин көрсөткүм келди. Түшүнөм, бизде коррупция күч алган. Чындап эле мамлекеттин эсебинен байыгандар бар. Бирок бизде өз күчү, акылы менен оокат кылган адамдар да жок эмес.
— Кыргызстанда бизнестин жаңыча, кызыктуу түрлөрү дагы болсо керек?
Кыргызстандын президенттигине мурунку талапкер Аймен Касенов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2021
Окубасаң токтойсуң, токтосоң эле карыйсың. Аймен Касенов менен маек
— Албетте. Мисалы, биз цемент заводуна бардык. Ал жерде биз элестеткендей түтүн, сапырылган чаң эмес, эң акыркы үлгүдөгү технологиялар менен иштешет экен. Элестетип көрсөңүз, өндүрүштөн бир дагы чаң көрбөйсүң.
Андан дагы кызык бир нерсе таап алдым. Бизде Россиядан таштанды сатып алып, Кыргызстанга ташып келип, андан мүшөк жасап чыгаргандар бар экен. Кадимки таштандыны сорттоп, кайра иштетип, мүшөк токулуп жаткан процессти өз көзүм менен көрүп, ага аралаштым. Кызыгы, аларды кайра Россияга сатышат.
— Эмнеге Россиядан алат экен, өзүбүздүн таштанды жетишпейт бекен?
— Эл таштандыдан арылууга аракет кылат эмеспи, бирок андан кадимкидей эле чоң акча жасашат экен көрсө. Кыскасы, ал жагы өзүнчө мафия экен.
Азыр мени командам менен чет өлкөлүк ишкерлер чакыра башташты. Жакында Өзбекстанга барып, тиричилик техникаларын чыгарган фирманы тартып келдик. Эми Казакстанга, Украинага чакыруулар болуп жатат.
© Фото / предоставлено Чынгызым АлкановымАлканов триатлон боюнча эл аралык мелдештерде жеңүүчү болуп, өлкөдө бул спорттун түрү боюнча федерация негиздеген
Бизнесмен, спортсмен, почетный консул и блогер Чынгыз Алканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алканов триатлон боюнча эл аралык мелдештерде жеңүүчү болуп, өлкөдө бул спорттун түрү боюнча федерация негиздеген
— Демек, мазмуну кызык болуп, башка өлкөлөрдө дагы көрүлүп жаткан экен да. Эми спорт тууралуу сүйлөшсөк. Кыргызстанда анча популярдуу эмес триатлонго кантип келип калгансыз?
— Айтсам күлөсүңөр, мунун өтө кызыктуу тарыхы бар. 2015-жылга чейин абдан толуп кеткем, жада калса дарыгерлер ашыкча салмагың бар деген диагноз коюшкан. Ошондон улам теннис менен машыгайын деп шаймандарымды алып, машыктыруучу таап койгом. Бир күнү атам менен ойноп кармаша кетип, менин колум сынып калса болобу? Элестетип көрсөңөр, 80 жаштагы карыянын 30 жаштагы жигиттин колун сындырып салганын. Ошондо "мындан ары мындай жашоого болбойт" деген ой мээме жетти.
КММАнын Илимий-практикалык борборунда хирург-онколог Бакыт Токтоказиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Ашказандан кызыл өңгөч жасап... Хирург Токтоказиев уникалдуу операция тууралуу
Теннис ойноюн десем, сынган колум ооруп жүргөн кезде досум Айбек Жангазиев триатлонду сунуштады. Анда Кыргызстанда спорттун бул түрү жөнүндө билишчү деле эмес, триатлон десең эле мылтыкты сууруп чыгып аткылайт (биатлон менен алмаштырып — ред.) деп ойлошчу. Ал эми сууда сүзүп, велосипед тээп, чуркоо керектигинен эч кимдин кабары жок болчу.
Досум бул кызыктуу, эл аралык мелдештерге катышасың деп айтты. Макул болуп, триатлон боюнча Кыргызстандагы биринчи сбор менин Ысык-Көлдөгү үйүмдө өткөн. Эки жумача катуу даярданып, андан кийин эле Абу-Дабидеги (БАЭ) мелдешке катыштык. Эл аралык мелдештерде саякаттайсың, чемпиондор басып өткөн трассада чуркайсың, укмуштуудай бир эмоцияларга туш болосуң. Мен бул спортту дал ушул нерселерден улам сүйүп калдым.
© Sputnik / Табылды КадырбековАлканов акыркы кезде ишкерликтин ар кайсы түрү тууралуу берүүлөрдү тартып, блогерлик өнөрдү дагы өздөштүрдү
Бизнесмен, спортсмен, почетный консул и блогер Чынгыз Алканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алканов акыркы кезде ишкерликтин ар кайсы түрү тууралуу берүүлөрдү тартып, блогерлик өнөрдү дагы өздөштүрдү
Кыргызстандагы Триатлон федерациясынын ачылышынын тарыхы да кызык. Нурбек Тойчубаев аттуу бир колу жок спортчубуз бар. Ал триатлон боюнча паралимпиадага катышмай болду. Бирок федерациясы жок өлкөнүн спортчулары каттала албайт экен. Ошондо ал суранып, биз достор менен федерация ачууну чечтик. Балдар мени ой-боюма койбой президент кылып шайлап коюшту. Ошондон бери федерация ийгиликтүү иштеп келе жатат. Азыр бир топ мектептерибиз, ондогон спортчуларыбыз бар.
Жакында Ысык-Көлдө триатлон боюнча Азия чемпионаты болот. Мелдештер жалаң ачык асман алдында болгондуктан, бул дагы жаратылышыбыз менен мактанып, туризмди өнүктүрүп алууга жакшы мүмкүнчүлүк берет.
— Бул спорт адамдан канча каражатты талап кылат?
— Бардыгы адамдын өзүнөн көз каранды. Негизи биздин федерация балдарга артыкчылык беребиз. Мисалы, мектеп ачып жатканда бардык шаймандарды өзүбүз сатып беребиз. Ата-эне бут кийим, сууда сүзүү үчүн костюм, көз айнек гана сатып берет. Катышуу үчүн айына 1-1,5 миң сом төлөшөт. Эгер бала жакшы жыйынтык көрсөтө баштаса, ар кандай сборлорго акысыз алып барабыз. Кыскасы, арзан эле. Футбол, бокс сыяктуу башка спорт менен алектенүүгө деле ушунча чыгым кетет.
Ал эми чоңдор өз капчыгына карап иш кылат. Мисалы, айрымдар 300 доллардык велосипед алса, мүмкүнчүлүгү барлар 10-20 миң долларга алышат. Биз үчүн айырмасы жок, жыйынтыгында баарын машыгуу чечип коёт. Андан тышкары, бассейнге абонемент сатып алышы керек. Ал эми чуркоого келгенде, адам каалаган жеринен чуркай берсе болот. Чет өлкөлөрдөгү мелдештерге катыша турган болсо, жердин алыс-жакындыгына карап чыгымдар өзгөрө берет.
© Фото / предоставлено Чынгызым АлкановымАлканов: Советтер Союзу учурунда ата-энем бир нече жыл Москвада иштептир. Мен ошол учурда төрөлгөм.
Бизнесмен, спортсмен, почетный консул и блогер Чынгыз Алканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алканов: Советтер Союзу учурунда ата-энем бир нече жыл Москвада иштептир. Мен ошол учурда төрөлгөм.
— Спорт тууралуу сөз болуп жаткандан кийин тамактануу боюнча да кеп кыла кетсек. Кыргыз дасторконуна кандай көз караштасыз?
— Биздин тамактар абдан сапаттуу жана экологиялык жактан таза. Дасторконубуз берекелүү, анысында шек жок. Мен кызарып бышкан токочту, боорсокту аябай жакшы көрөм. Бирок ден соолук үчүн тамакты тарта-тарта ичкен туура. Атүгүл айрым нерселерден баш тартып койсо деле болот. Мен таттуу, газдалган суусундуктардан алыс болууга аракет кылам. Нанды азыраак жейм.
Мага өзгөчө биздин эт, жер-жемиштер жагат. Анткени малыбыз жайлоого чыгып, басып, таза чөп оттойт. Дүйнөдө ушундай малдын эти эң баалуу болуп эсептелет. Ал эми кайсы бир жерде камалып туруп багылган малдын эти анчалык эмес. Бир жерде жылбай турган мал бат семирет дагы ар кандай ооруларга чалдыгат. Демек, ага ар кандай дарыларды беришет.
— Ишкерлик жана спорттон тышкары Португалиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу болуп иштейт экенсиз. Бул кызматка кимдерди тандашат? Негизи эле ардактуу консул деген ким?
— Бул суроону Тышкы иштер министрлигине беришиңиз керек окшойт (күлүп). Негизи ар бир өлкөдө эле дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде өкүлчүлүк ачып, аны каржылап иштетүүгө мүмкүнчүлүк, кээде зарылдык жок. Мындай учурда ошол эле өлкөнүн жаранын ардактуу консул кылып дайындап алышат. Мисалы, мен ардактуу консул катары Португалиянын кызыкчылыгын Кыргызстанда коргоп жүргөн адаммын.
© Sputnik / Табылды КадырбековАлканов: чынын айтсам мен Кыргызстанга келем деп ойлочу эмесмин. Атам үй-бүлөлүк бизнести колго ал деген кезде мен университетти бүтүп, эл аралык компанияда аткаруучу директор болуп иштеп жаткам
Бизнесмен, спортсмен, почетный консул и блогер Чынгыз Алканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алканов: чынын айтсам мен Кыргызстанга келем деп ойлочу эмесмин. Атам үй-бүлөлүк бизнести колго ал деген кезде мен университетти бүтүп, эл аралык компанияда аткаруучу директор болуп иштеп жаткам
Португалиянын Кыргызстан үчүн дагы жооп берген элчилиги Москва шаарында жайгашкан. Бир жолу Россиядагы элчи Кыргызстанга келип, бул жакта ардактуу консулдуу болгусу келгенин билдирген экен. Ошондо ТИМден мага кайрылышып, макулдугумду бергем. Эки жыл бою ар кандай макулдашуулар болуп жүрүп, ошондон кийин гана бул кызматка киришкем.
— Ал өлкөнүн расмий өкүлү катары кандай иштерди кылдыңыз?
Эркин Асрандиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Жашагың келсе кайдан-жайдан болсо да күч табылат экен. Эркин Асрандиев менен маек
— Бул аралыкта Кыргызстанда Европа киносунун фестивалын уюштурууга жардам бердим. Элчи менен Кыргызстандын бийлик адамдарынын жолугушууларын уюштурам. Тилекке каршы, каргашалуу окуялар дагы болду. Кыргызстанга португалиялык турист келип, тоодо каза болуп калган. Анын сөөгүн мекенине жиберүү боюнча иштерди мойнума алгам. Мындай учурда документтерди даярдоо, сөөктү жиберүү — абдан түйшүктүү иш. Андан тышкары, португалиялык ишкерлер Кыргызстанга инвестиция жасагысы келсе, алгач мага кайрылышат. Кээде биздин жарандардын Португалияга тиешелүү маселелери чыгып калса, мен мекендештерди ал өлкөдөгү ишенимдүү адамдар, фирмалар менен тааныштырам.
Менимче, ардактуу консулдукка ийгиликтүү адамдарды тандашат. Анткени кеңсе алып, жардамчыларды иштетүүгө ал адамда каражат болушу керек. Убактысы дагы кенен болгону жакшы. Бул үчүн мага Португалия бир дагы тыйын төлөбөйт.
— Португалияга чакырып турушса керек?
— Албетте, мисалы, пандемияга чейин бул мамлекеттин дүйнө жүзү боюнча бардык ардактуу консулдарынын жыйынына барып келгем.
Негизи ардактуу консул, федерация жетекчиси болсоң мүмкүнчүлүктөр көбөйөт. Дүйнөнүн каалаган өлкөсүнөн ким менен таанышсаң да сен ишенимдүү экениңди моюндашат. Бат тил табышып кетесиң. Мунун аркасы менен акыркы кезде коомдук турмушка абдан тартылдым. Ишкер катары киреше тапсаң, консул же федерация жетекчиси катары бирөөгө жардам берүүгө шарт түзүлөт экен.
© Фото / предоставлено Чынгызым АлкановымАлканов: 3-курста окуп жүргөндө бизге сабактан берип жаткан материалдар менен реалдуу жашоо эки башка нерсе экенине көзүм жетип, андан көрө иштеп, ошол жактан үйрөнөйүн деп чечкем
Бизнесмен, спортсмен, почетный консул и блогер Чынгыз Алканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алканов: 3-курста окуп жүргөндө бизге сабактан берип жаткан материалдар менен реалдуу жашоо эки башка нерсе экенине көзүм жетип, андан көрө иштеп, ошол жактан үйрөнөйүн деп чечкем
— Ушинтип отуруп саясатка өтүп кетпейсизби?
— Жок, эч качан! Буга бир нече олуттуу себеп бар. Биринчиден, жубайым караманча каршы. Жакшынакай жашап жүрүп эле саясатка баргандан кийин жашоосунда ар кандай тоскоолдуктар башталган мисалдарды көп көрүп жүрөбүз. Ошол үчүнбү, айтор, келинчегим "эгер саясатка барсаң, сени менен ажырашам, балдарды өзүмө алам. А сен каалаганыңды кыла бер" деп талап койгон.
Экинчиден, мен ишкермин. Эл аралык мен-мен деген финансылык мекемелер менен кызматташып, бизнесимди өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыяларды алып турам. Алардын шарты боюнча эгер саясатка аралашсам, арзан акчадан кол жууп калам. Андай боло турган болсо бизнес өтө жай жүрүп калат.
Үчүнчүдөн, эркиндигимден ажырагым келбейт. Азыр каалаган нерсемди кылып, каалагандай жашайм. Ата-энемден башка эч ким мага муну же тигини кыл деп буйрук бере албайт. Ал эми саясатта сөзсүз түрдө үстүмдөн бирөө карап турарын, ошондой эле менин кадыр-баркым менен акчамды гана колдонушарын жакшы түшүнөм. Мага мындай оюндар жакпайт. Бизнесте деле иш толтура. Биз акча таап, кошумча жумуш орундарын түзүп, мамлекеттик казынага салык төлөп турушубуз керек. Айрым адамдар саясатка баруу үчүн акча берип жатса, мен ага жолобош үчүн акча бермекмин.
Жаңылыктар түрмөгү
0