Бишкектеги Свердлов районунун мурдагы акими Нарын шаарына мэр болду

© Фото / Нурзада МукашеваСамарбек Болотбеков Нарын шаарынын мэри болду
Самарбек Болотбеков Нарын шаарынын мэри болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2021
Жазылуу
Болотбековдун талапкерлигин мэрликке шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн. Ал эми азчылык коалиция Сурановду сунуштаган. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Болотбеков 19 добуш, ал эми атаандашы 12 добуш алган.
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бишкектин Свердлов районунун мурдагы акими Самарбек Болотбеков Нарын шаарынын мэри болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине шаардык мэриянын маалымат катчысы Нурзада Мукашева билдирди.
Анын айтымында, жаңы мэрди тандоо үчүн шайлоо 11-июнда өткөн. Аталган кызматка эки талапкер көрсөтүлгөн. Бири "Таза-Нарын" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Алмаз Суранов болсо, экинчиси Бишкектин Свердлов районунун мурдагы акими Самарбек Болотбеков.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалган Уланбек Калманбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Уланбек Калманбетов Архитектура, курулуш агенттигин жетектемей болду
Маалым болгондой, Болотбековдун талапкерлигин шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн. Ал эми азчылык коалиция Сурановду сунуштаган. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Болотбеков 19 добуш, ал эми атаандашы 12 добуш алган.
Болотбеков 37 жашта. Ал ордо калаадагы Свердлов районун 2016-жылдан 2019-жылга чейин башкарган. Ага чейин ал Бишкек мэриясында Жеке турак жай курулуш департаментинин жетекчиси болчу. 
Жаңылыктар түрмөгү
0