Сегиз чакырымдан суу тартып келип 30 гектарга алма тиккен токтогулдуктар. Маек

© Фото / пересоставлено Кыялом РакаевымНехватка поливной воды в селе Бел-Алды Токтогульского района
Нехватка поливной воды в селе Бел-Алды Токтогульского района - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2021
Жазылуу
Суу жетпей кагырап жаткан кайракка Токтогул районунун Бел-Алды айылынын тургундары өз күчү менен суу чыгарып, 12 миңден ашык мөмөлүү көчөт тигишкен.
Багбандарга эки эл аралык уюм каржылык колдоо көргөзүп, элеттиктер өз аракети менен кагыраган талааны жашылдандырып салды. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы айылдыктардын жаратмандыгы тууралуу жергиликтүү тургун Кыял Ракаев менен маек курду.
© Фото / пересоставлено Кыялом РакаевымКыял Ракаев: жерге суу чыгаруу аракети өткөн жылы күздө башталып, бир ай иштегенбиз. Кеч күздө кар жаап салгандыктан кайра эрте жазда жумушту улантып азыр бүтөлү деп калдык. Күндө 20-30 адам жумушка чыгып жаттык.
Нехватка поливной воды в селе Бел-Алды Токтогульского района - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыял Ракаев: жерге суу чыгаруу аракети өткөн жылы күздө башталып, бир ай иштегенбиз. Кеч күздө кар жаап салгандыктан кайра эрте жазда жумушту улантып азыр бүтөлү деп калдык. Күндө 20-30 адам жумушка чыгып жаттык.
— Айыл тургундары биригип 30 гектардай кайрак жерге суу чыгарып, өздөштүрүп жаткан экенсиздер. Жалпы ал ишке канча убакыт кетти?
— Буюрса биздин айылдагыларга пайдалуу иш болуп жатат. Иштетилбей жаткан айыл өкмөттүн балансындагы жерге суу чыгаруу аракети өткөн жылы күздө башталып, бир ай иштегенбиз. Кеч күздө кар жаап салгандыктан кайра эрте жазда жумушту улантып азыр бүтөлү деп калдык. Күндө 20-30 адам жумушка чыгып жаттык. Сууну сегиз чакырым алыстыктан суу түтүктөрү менен алып келип, тегерегин 3,5 чакырым темир тор менен тосуп чыктык. Сууга керектүү курулуштарды, ширетүүчү жумуштарды толук өзүбүз аткардык. Ишибизди долбоордун алкагында Дүйнөлүк банк менен Глобалдык экологиялык фонду каржылады. Темир тирөөч, тор, суу түтүктөрүн, чакан айыл чарба техникасын сатып берди. Андан сырткары, өзүбүз дагы 10-15 миң сомдон акча чыгарып, кошумча чыгымдарды жаптык, жергиликтүү бийлик дагы көмөктөштү.
© Фото / пересоставлено Кыялом РакаевымАйылдыктар бак тигилген жерди айланта тосуп чыгышкан
Нехватка поливной воды в селе Бел-Алды Токтогульского района - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айылдыктар бак тигилген жерди айланта тосуп чыгышкан
— Суу келгенден кийин канча көчөт тиктиңер?
— Алманын 12 миң 500дөй көчөтү отургузулду. Түтүктөргө суу келгенче бактарды трактор, автоунаа менен суу ташып келип сугарып жүрдүк. Азыр тоонун этеги мурдагыга салыштырмалуу бир топ жашылданып, көчөттөрдүн 90 пайызы бүчүр байлап калды.
© Фото / пересоставлено Кыялом РакаевымРакаев: Алманын 12 миң 500дөй көчөтү отургузулду. Түтүктөргө суу келгенче бактарды трактор, автоунаа менен суу ташып келип сугарып жүрдүк. Азыр тоонун этеги мурдагыга салыштырмалуу бир топ жашылданып, көчөттөрдүн 90 пайызы бүчүр байлап калды.
Нехватка поливной воды в селе Бел-Алды Токтогульского района - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ракаев: Алманын 12 миң 500дөй көчөтү отургузулду. Түтүктөргө суу келгенче бактарды трактор, автоунаа менен суу ташып келип сугарып жүрдүк. Азыр тоонун этеги мурдагыга салыштырмалуу бир топ жашылданып, көчөттөрдүн 90 пайызы бүчүр байлап калды.
— Кыргызстанда суу жетпеген, каралбаган жерлер көп эмеспи, ашар жолу менен мындай демилгелерди ишке ашырууга мүмкүн бекен?
— Негизи биз жакта көпчүлүк мал чарбачылыгы менен оокат кылат. Багбанчылыкка деле анча жакын эмес элек. Кайрак жер болгондуктан башында эл көп кызыккан эмес. Эзели суу чыкпаган жерге кантип суу чыкмак эле, ал жерге эч нерсе өспөйт дегендер болду. Анан суу чыгарып, тегерегин тоскондон кийин кызыгып башка айылдагылар да келип кетишүүдө. Убакыт өткөн соң алардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Себеби биз тиккен алманын көчөттөрү эки-үч жылдан кийин түшүмүн бере баштайт. Мындай ыкманы жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарга ишке ашырса, балким тиккен бак-дарак тамырланып, топурак бекемделип өзгөчө кырдаалды алдын алууга мүмкүн болмоктур. Биздикиндей демилгени ынтымактуу болсок, бардык айыл ишке ашыра алабыз. Чогуу иштеп, чогуу тамактанып күнү-түнү бирге жүрүп айылдаштарың менен бир туугандай болуп калат экенсиң.
© Фото / пересоставлено Кыялом РакаевымРакаев: Эзели суу чыкпаган жерге кантип суу чыкмак эле, ал жерге эч нерсе өспөйт дегендер болду. Анан суу чыгарып, тегерегин тоскондон кийин кызыгып башка айылдагылар да келип кетишүүдө.
Нехватка поливной воды в селе Бел-Алды Токтогульского района - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ракаев: Эзели суу чыкпаган жерге кантип суу чыкмак эле, ал жерге эч нерсе өспөйт дегендер болду. Анан суу чыгарып, тегерегин тоскондон кийин кызыгып башка айылдагылар да келип кетишүүдө.
— Кошумча адистерди чакырып, киши жалдаган учурлар болдубу?
— Эч кимди жалдабай эле бүт жумушту өзүбүз жасадык. Трактористибиз да, ширетүүчүбүз да айылдыктар болду. Бир гана тамчылатып сугаруу системасын орнотууга атайын адис келди. Ал түтүктөрдү туура жайгаштырууну көрсөтүп кеткен, бат эле өздөштүрүп алып, азыр өзүбүз эле бүтүрүп жатабыз.
— Айылдаштар иш үстүндө көп нерсени кыялданып, пландарды алдыга коюп койсоңуздар керек?
— Ооба да. Тоодо отуруп алып далай пландарды түзүп койдук, Мисалы, кооперация түзүп, түшүмдү дүңүнөн сатып же өз күчүбүз менен чет өлкөгө чыгаралы деп кыялданып койдук. Буюрса дагы көчөт тигилген аянтты көбөйткөнгө аракет кылабыз. Анткени айылдын айланасында суу жетпей иштетилбей жаткан кайрак жерлер аябай көп.
© Фото / пересоставлено Кыялом РакаевымРакаев: Тоодо отуруп алып далай пландарды түзүп койдук, Мисалы, кооперация түзүп, түшүмдү дүңүнөн сатып же өз күчүбүз менен чет өлкөгө чыгаралы деп кыялданып койдук.
Нехватка поливной воды в селе Бел-Алды Токтогульского района - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ракаев: Тоодо отуруп алып далай пландарды түзүп койдук, Мисалы, кооперация түзүп, түшүмдү дүңүнөн сатып же өз күчүбүз менен чет өлкөгө чыгаралы деп кыялданып койдук.
— Ошончо күч, каражат жумшалгандан кийин алдыда дагы жасай турган иштер көп болсо керек?
— Көчөттөрдү тиккен аянт айылдын үстү жагы, тоонун этеги болуп калат. Ал жерге электр энергиясын тартып барып, өзүбүзгө тапчандарды салып коелу деп жатабыз. Кетмен-күрөктү ары-бери ташыбай ошол жакка коюп, казан-аягыбызды алып келип тамак-ашыбызды даярдап оокат кылабыз. Анан кароолчу менен суучу жалдайбыз, аларга биздин жамааттын мүчөлөрү, өзүбүз айлык чыгарып беребиз. Буюрса айылдыктар дагы эс алган жай болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0