Кыргызстанда бардык медициналык мекемелерге POS-терминал коюлат

© Sputnik / Евгений ОдиноковКиши карта менен POS-терминал аркылуу төлөп жатат. Архив
Киши карта менен POS-терминал аркылуу төлөп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Жазылуу
Алгач ооруканалар менен байтапканаларда POS-терминалдарды орнотуу боюнча мөөнөт 2018-жылдын 31-декабрына чейин деп белгиленген.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Улуттук банк саламаттык сактоо мекемелерине 2022-жылдын аягына чейин банктык карта менен төлөө мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн POS-терминалдарды орнотууну сунуштап жатат.
Ал үчүн "Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга карата мамлекеттик программа" (үчүнчү этап) аталышындагы өкмөттүн жана Улуттук банктын токтомуна өзгөртүү киргизүү долбоору дайындалды.
"Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктрүү министрлигине 2022-жылдын 31-декабрына чейин саламаттык сактоо мекемелеринде накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн POS-терминалдарды орнотуу тапшырмасы берилсин", — деп айтылат долбоордо.
Документтин азыркы вариантында POS-терминалдарды орнотуу боюнча мөөнөт 2018-жылдын 31-декабрына чейин деп белгиленген. Бирок ушул убакка дейре айрымдарында аталган аппарат дагы деле жок экени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0