Сокулукта жоголгон 17 жаштагы кыз табылды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТеплая погода в Москве
Теплая погода в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Жазылуу
Өспүрүм буга чейин да үйүнөн качып кетип, милиция кызматкерлери кайтарганы айтылган. Бул жолу ал курбусунун үйүнөн табылды.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Сокулукта 19-май күнү жоголуп кеткен 17 жаштагы Айжанат табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиСокулукта 19-май күнү жоголуп кеткен 17 жаштагы Айжанат табылды
Без вести пропавшая Айжанат Омурбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Сокулукта 19-май күнү жоголуп кеткен 17 жаштагы Айжанат табылды
Кыз Новопавловкадагы Алтын-Ордо калктуу конушундагы үйүнөн 19-майда чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан. Өспүрүм буга чейин да үйүнөн качып кетип, милиция кызматкерлери кайра кайтарышканы айтылган.
Бул жолу Сокулук райондук милициясынын кызматкерлери кызды Бишкектеги жаңы конуштардын биринен тапкан. Ал ушул күнгө чейин курбусунун үйүндө болгону аныкталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0