Мкабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жыйын учурунда

Марипов: COVID-19 жайылууда, мурдагыдай каатчылыкка жол бербеш керек

208
(жаңыланган 16:36 14.06.2021)
Марипов коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды жеткирүү жана эмдөө темпин тездетүү боюнча иш алып баруу керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. COVID-19 илдети менен ооругандардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишин күчөтүү зарыл. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

Өкмөттөн билдиришкендей, бүгүн Марипов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча кеңешме өткөргөн.

Председатель кабинета министров Улукбек Марипов во время совещания по эпидемиологической ситуации в стране. 14 июня 2021 года
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Өкмөттөн билдиришкендей, бүгүн Марипов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча кеңешме өткөргөн
"Түзүлүп жаткан кырдаал олуттуу кооптонууларды жаратып жатат. Биз өткөн жылдагыдай каатчылыкка жол бербешибиз керек. Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда эпидемиологиялык абалды кармап туруу жана турукташтыруу боюнча ишти күчтөндүрүү зарыл. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги калкка тийиштүү медициналык-санитардык көмөк көрсөтүү, коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн стационардык мекемелердеги негизги жана резервдик орундардын, ошондой эле дары-дармектердин жетиштүү өлчөмүн камсыздоо маселесин өзгөчө көзөмөлдө кармоосу тийиш", — деди Марипов.

Лабораторияда кызматкер иш учурунда. Архив
© Фото / Информационный портал "Ветеринария и жизнь"
Ал ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды жеткирүү жана эмдөө темпин тездетүү боюнча иш алып баруу керектигин айткан.

Өкмөт башчы Кыргызстанга жакын арада Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы жана "Спутник V" вакцинасынын 80 миң дозасы алып келинерин эске салган.

Эскерте кетсек, бүгүнкү статистикага ылайык, өлкө аймагында 459 адам вирус жуктуруп, 9 киши көз жумганы аныкталды.

208
Белгилер:
Кыргызстан, өкмөт, эпидемия, коронавирус, Улукбек Марипов
Тема боюнча
Адис Кыргызстанда COVID эмнеге күч ала баштаганын түшүндүрдү
ДССУ башчысы COVID лабораториядан чыгарылды деген божомолду четке какпайт
Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов. Архив

Акжолдун Токиодо калыстык кылып жаткан машыктыруучусу балбанды сүрөй албайт. Себеби

29
(жаңыланган 14:12 03.08.2021)
Кечээ, 2-августта, кыргызстандык адис Ахметов Токиодо грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмактагы балбандардын финалдык беттешине башкы калыстык кылды.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов Токиодогу Олимпиада-2020да эл аралык деңгээлдеги калыстык милдетти аткарып жүрөт. Анын иш учурундагы сүрөтүн Кыргызстандын спорттук күрөш федерациясы социалдык тармактагы баракчасына чыгарды.

Кечээ, 2-августта, кыргызстандык адис грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмакта беттешкендердин финалын башкы калыс катары тейледи. Анда кубалык Луис Альберто Орта Санчес менен япониялык Кинечиро Фумита беттешкен. Кубалык балбан упай айырмасында утуп, олимпиада чемпиону болду. Мындан сырткары, 77 килограмм салмакта өзүнүн шакиртинин (Акжол Махмудов - ред.) атаандаштары болгон ирандык Мухаммедали Гераи менен кубалык Йосванис Пена Флорестин кармашына калыстык кылды.

Жогоруда белгилегендей, Ахметов Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта финалга чыккан кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу. Бирок спорттогу эрежелерге ылайык, арбитр болуп жүргөндүктөн өзүнүн тарбиялануучусу Акжол беттешке чыкканда жанына барууга, кеп-кеңешин айтып багыт берип турууга тыюу салынган.

29
Белгилер:
Мейрамбек Ахметов, Акжол Махмудов, грек-рим күрөшү, калыс
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Айсулуу менен Акжолдун күрөшү "Ала-Тоо" аянтында чоң экрандан көрсөтүлөт
Мейрамбек Ахметов: Пекинде Канат Бегалиевди уурданып жүрүп колдоп келгем
Москва метросунда полиция кызматкерлери. Архив

Россияда кыргызстандыктар массалык түрдө текшерилип жатабы? Расмий жооп

25
(жаңыланган 13:53 03.08.2021)
Буга чейин Россиянын Москва шаарында 180дей мигрант мушташкан. Бул боюнча жалпысынан 102 адам кармалса, анын 71и кыргызстандыктар болгон.

БИШКЕК, 3-авг. – Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги социалдык тармактардагы "кыргызстандыктарды РФте массалык түрдө текшерип жатышат" деген билдирүүлөр боюнча түшүндүрмө берди.

"Учурда Россиянын компетенттүү органдары "Кузьминки" метросунда болгон окуяга катыштыгы болушу мүмкүн делген чет элдиктерди издөөсүн улантууда. Россиянын укук коргоо органдарынын бул аракеттери өлкө аймагында тартипти орнотуу жана коопсуздукту камсыздоого багытталган", — дешти элчиликтен.

Ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүк 15-июндагы Россия президентинин коронавирус инфекциясынын жайылып кетишин алдын алуу боюнча жарлыгына ылайык, чет элдиктерди же жарандыгы жок адамдарды текшерүү иштери дагы болуп жатканын кошумчалады. Маалыматка караганда, бул текшерүүлөрдүн жыйынтыгында жаранды өлкөдөн чыгарып салуу жолу каралган эмес.

Буга чейин Россиядагы телеканалдардын бири Москвада 180дей мигранттын мушташын көрсөткөн. Анда 11-июлда Химкиде тажик мигранттары эки кыргызстандыкты бычактаганы айтылган. Мындан улам тирешүү башталып, шаардагы "Кузьминки" метростанциясында массалык мушташ чыккан. Урушта жалпысынан 102 адам кармалса, анын 71и кыргызстандык болгон.

25
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, жаран, текшерүү, элчилик
Тема боюнча
Кыргызстандык абитуриенттер россиялык ЖОЖго түйшүксүз өтө алат
Кыргызстандыктар Москва — Казань жолун салып иштемекчи