Мээни керексиз маалыматтардан кантип тазалоо керек. Адистин кеңеши

© AFP / JONATHAN NACKSTRANDМээнин рентген сүрөтү. Архив
Мээнин рентген сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Жазылуу
Жакында эле болгон изилдөөлөр жана тажрыйбалар уйку канбагандык менен адамдагы оорунун байланышы бар экендигин көрсөткөн.
БИШКЕК,15-июн. — Sputnik. Кадимки эле уйку мээни керексиз маалыматтардан тазалап, сергитет. Бул тууралуу РИА Новости дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясниковдун айткандарына таянып жазды.
Медиктин билдиргенине караганда, жакында эле болгон изилдөөлөр жана тажрыйбалар уйку канбагандык менен адамдагы илдеттин байланышы бар экендигин көрсөткөн.
"Өз эрки менен экспериментке катышып, көпкө чейин уктабай калгандар жана уйкусу жетишерлик болгон адамдарды салыштырып, биринчи топтогулардын мээсинин тканынан керектүү заттардын азайып кеткенин аныкташкан", — деген Мясников.
Уйкусу келип жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
Уйку канбагандык кандай кооптуулукка алып келет. Адистин кеңеши
Буга чейин да Лос-Анжелестеги Калифорния университетинин нейробиологдору уктабай жүрө берип, өнөкөткө айланып кеткен адат ден соолукка кадимкидей терс таасирин тийгизерин айтышкан. Ал кем акылдык жана башка эс-тутум боюнча ооруларды, диабетти жана толуп кетүүнү шарттай турганы белгиленди.
Адамдын көзү илинип же терең уйкуга киргенде нейрондорду бири-бири менен бириктирчү процесс жүрөт. Жаркын нерселер коштолгон түш көргөнү да ошондон болот. Муну окумуштуулар мээ уктабай, нейрондор бири-бири менен "алакада" болуп жаткан убагы деп түшүндүрүшкөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0