Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Башкы прокуратура: алимент төлөбөгөндөр Кылмыш кодекси менен жазаланышы керек

© Sputnik / Жоомарт УраимовКиши сом купюраларды кармап турат. Иллюстративдик сүрөт
Киши сом купюраларды кармап турат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Жазылуу
Учурда Кыргызстанда баланы багууга каражат бөлүүдөн качкан ата же энеге 20-30 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Балдарды камкордукка алуудан баш тарткан ата-энелерге карата беренени Жоруктар кодексинен Кылмыш кодексине өзгөртүү сунушталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын өкүлү Сирожидин Камалидинов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Кылмыш мыйзамдарын кайрадан өзгөртүү каралып жатат. Кыргызстандыктар эмнени күтүшү керек" аттуу тегерек столго катышты.
"Эмнеге мындай болуп жатат? Себеби жаранга карата издөө жарыялоого да мүмкүн эмес. Бала ач-жылаңач жүрсө дагы жүктүн баары жалгыз бой эненин мойнуна жүктөлгөн. Учурда баланы багуудан качкандарга эң көп дегенде айып пул салынат. Сот аны кармап же жазага тарта албайт. Ал эч нерседен коркпой жашап жүрө берет, анткени бул жөн гана жорук болуп эсептелет. Ошол себептен биз муну Кылмыш кодексине киргизип жатабыз. Ага издөө жарыялап, кармап, жоопко тартууга шарт түзүлөт", — деди Камалидинов.
Эгерде бул өзгөрүүлөр кабыл алынып кала турган болсо, баласын багуусуз калтырып койгон ата-эненин мамилеси жорук катары эмес, кылмыш катары эсептелет.
Учурда баланы багууга каражат бөлүүдөн качкан ата же энеге 20-30 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган.
Башкы прокуратура иштеп чыккан Кылмыш кодексинин долбоорунда 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып пул төлөнөт. Мындан тышкары, 40-100 саат коомдук иштер же эки айдан бир жылга чейин түзөтүү иштери болушу мүмкүн.
Өспүрүм бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2021
Акыйкатчы институту: Чүйдөгү балдар үйүндө өспүрүм белгисиз жагдайда каза болду
Ушундай эле негизде ата-энесин багуудан качкан балдарды дагы жазага тартуу маселеси каралган.
Кылмыштар боюнча мыйзамдарга акыркы реформа 2017-жылы жасалган. 2019-жылы күчүнө кирген жаңы кодекске ошол учурда прокуратура кызматкерлери, милиция, юристтер жана карапайым жарандар нааразы болушкан. Андыктан жаңы Конституция кабыл алынары менен Башкы прокуратура Кылмыш кодексине, Кылмыш-процессуалдык кодексине жана Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Ошондой эле Бузуулар боюнча кодекстин жаңы долбоорун Жогорку Кеңешке жөнөттү.
Жаңылыктар түрмөгү
0