Жайында балдарды кырсыктан кантип сактайбыз. ИИМдин кеңеши

© Sputnik / Табылды КадырбековКөлдүн жанында балдар. Архив
Көлдүн жанында балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Жазылуу
Министрлик жайында ысыкта сууга түшөм дегендер көп болорун, мындайда чоңдор балдарды тыкыр көзөмөлдөшү керектигин айтты.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы ата-энелерге жай мезгилинде балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча кеңеш берди.
Мекеменин маалымат кызматы жайдын ысыгында элдин көбү көл жээктеринде, көлмөлөрдө эс алууга шашыларын, бирок коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан адам өмүрүн алган кырсыктар да катталып жатканын белгилеген. Каникул убагында балдар арасында кооптуу учурлар көп болору кошумчаланды.
Буга байланыштуу түшүндүрүү жана алдын алуу иштери уюштурулуп жатат. Ошондой эле ата-энелерге коопсуздук эрежесин сактоо боюнча кеңештерин беришкен:
  • балдарды кароосуз суу жээктерине жибербегиле;
  • сууга түшүп жаткан балдарга тынымсыз көз салып тургула;
  • пирстен же жээктен сууга секирип түшүүсүнө жана чумкуп сүзүүсүнө тыюу салыңыз;
  • сууга түшүп жатканда тентектик кылбоону үйрөтүңүз;
  • балдарга чоңдордун көзөмөлүсүз сууга түшүүгө болбойт деп эскертиңиз;
  • белгисиз, тереңдиги билинбеген жерлерде сууга түшүүгө болбойт. Ошондой эле бийиктен, катер, кайыктардан сууга секирүүгө тыюу салынат.
Мындан сырткары, ата-энелерге балдарына жолдо жүрүү эрежелерин да эсине салып турууну эскертишкен:
  • чоңдордун коштоосу жок жолдон өтүүгө же жол четине чыгууга болбойт;
  • жол чырактын жашылы күйгөндө гана өтүүгө уруксат берилет;
  • коомдук транспортто жүргөндө балдар терезеден башын же колун чыгарбашы керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0