Себүү талаасы. Архив

Баткенде 20 млн. сомдук гектарлаган жерлер мамлекетке кайтарылды

110
(жаңыланган 11:08 16.06.2021)
Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүндөгү он гектар жер 2006-жылы эле А.Н. аттуу жаранга мыйзамсыз берилип кеткени аныкталды.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Баткен облустук прокуратурасы баасы 19 200 000 сом болгон 10 гектар жер тилкесин мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүндөгү гектарлаган жерлер 2006-жылы эле А.Н. аттуу жаранга берилип кеткен. Жер мыйзамынын талаптарын бузуу менен токтом кабыл алынганы айтылат.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен топтолгон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

110
Белгилер:
Баткен, Башкы прокуратура, текшерүү, жер, кайтаруу
Тема боюнча
Прокуратура: Ысык-Көлдөгү менчиктелип кеткен жайыт мамлекетке кайтарылды
Аткаминерлер. Архив

Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу өзүнө кеңешчи жана аппарат башчысын дайындады

15
(жаңыланган 21:15 04.08.2021)
Жаңы дайындалган аппарат жетекчи буга чейин өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору болуп иштеген.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болуп, эки кызматка жаңы адамдар келди.

Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, Мырзабек Жыпаркулов борбордук аппараттын жетекчиси болуп дайындалды. Буга чейин ал өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору болуп иштеген. Аппараттын жаңы башчысы Талас облусунун тургуну.

Директор Государственной инспекции по экологической и технической безопасности при Правительстве Кыргызской Республики (ГИЭТБ) Мырзабек Жыпаркулов во время визита к президенту. 12 июня 2020 года
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, Мырзабек Жыпаркулов борбордук аппараттын жетекчиси болуп дайындалды

Ал эми Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси болуп Азамат Абсаттаров дайындалды. Буга чейин ал Ош шаарынын мэринин маалымат катчысы эле.

Тиешелүү буйруктарга борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов кол койгон.

15
Белгилер:
Бишкек, мэр, кеңешчи, аппарат, жетекчи, дайындоо
Тема боюнча
Сарыбашов ишке киришери менен Бишкек мэриясында иштеген уулун жумуштан алды
Бактыбек Кудайбергенов президенттин иш башкаруучусу болду
Жаан жаап жаткан учурда. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

6
5-августтан 8-августка чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда өзгөрүлмөлүү аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстанда күн эртең 37 градуска чейин ысыйт. Ал эми бейшембиге караган түнү жаан-чачын жаабайт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бейшембиге караган түнү жаан-чачын болбойт, ал эми күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Абанын температурасы Чүй облусунда +31...+36, Таласта +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +32...+37, Ысык-Көлдө +24...+29, Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус ысыйт.

Борбор калаада жаан-чачын жаабайт. Термометр Бишкекте +33...+35, Ош шаарында +35...+37, Чолпон-Атада +24...+26 градусту көрсөтүп турат.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

6
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан, август
Тема боюнча
Балыкчы — Барскоон жолун оңдоо башталды. Аны "Кумтөр" компаниясы каржылайт
Күн салкындайбы? Бир жумага карата аба ырайы