Насыя алып, төлөбөй коюуну көздөгөн... УКМК "Карвен групптун" ээсин кармады

© AFP / Marcel Kusch / POOLКишенчен киши соттун залында. Архив
Кишенчен киши соттун залында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Жазылуу
Шек жаратып жаткан бизнесмен мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкерлери менен бирге мыйзам бузуу менен ири өлчөмдө насыя алууга аракет жасаганы айтылды.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. "Карвен групп" компаниялар ассоциациясынын Генрих Балян аттуу жетекчиси кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
© Фото / Karven Four Seasons"Карвен групп" компаниялар ассоциациясынын Генрих Балян аттуу жетекчиси кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди
Владелец ассоциации компаний Карвен групп Генрих Балян - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
"Карвен групп" компаниялар ассоциациясынын Генрих Балян аттуу жетекчиси кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди
Маалыматка караганда, жаран Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") боюнча шек жаратып жатат.
"Карвен групп" компаниялар ассоциациясынын жетекчиси мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкерлери менен бирге 2,3 миллион доллар өлчөмүндө "жалган" адамга насыя алууга аракет жасаган. Бул үчүн ликвиддүү эмес кыймылсыз мүлктү өтө жогору баалап (670 миң доллар) күрөөгө койгондугу аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө жогоруда аталган кыймылсыз мүлк Баляндын жеке менчиги экени жана башка адамдын атынан кредит алыш үчүн күрөөгө койгону аныкталган.
Задержание подозреваемого в мошенничестве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Жапаровдун атын жамынып чиновниктен 5000 доллар алган алдамчы кармалды. Сүрөт
"Насыя алынгандан кийин аны кайра төлөбөй коюуну көздөгөн", — дешти УКМКдан.
Алынган далилдердин негизинде 15-июнь күнү Балян колго түшүп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Жакынкы аралыкта сот анын бөгөт чарасын тандайт.
Ушул эле кылмыш ишинин алкагында банк башкармалыгынын төрагасынын орун басары А.К. кармалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0