Алтын-Ордо жаңы конушуна газ киргизилди

© Фото / пресс-служба ОсОО "Газпром Кыргызстан"Газ плита. Архив
Газ плита. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Жазылуу
Алтын-Ордо конушунда 25 чакырым газ түтүгү тартылды. Муну менен 1 800 түтүнгө жаратылыш газын жеткирүүгө болот.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бишкектин жанындагы Алтын-Ордо жаңы конушуна газ киргизилди. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти.
"Алтын-Ордо конушунда 25 чакырым газ түтүгү тартылды. Муну менен 1 800 түтүнгө жаратылыш газын жеткирүүгө болот. Ушуну менен өлкө 35 пайызга газ менен камсыз болду", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, 2021-жылы "Газпром Кыргызстан" Көк-Жар жана Рухий-Мурас конуштарына газ түтүгүн тартууну пландап жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0