Мэрия: Бишкекте коронавирус жуктургандардын саны өсүп жатат

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБишкектин тургундары фонтандын жанында. Архив
Бишкектин тургундары фонтандын жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Жазылуу
Борбор калаада 23 медициналык мобилдик бригада иштеп жатат. Ошондой эле коронавирус жана пневмонияны дарылоо үчүн 1 165 койка даярдалган.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бишкек шаарында COVID-19 менен ооругандардын саны көбөйүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, акыркы бир суткада эле коронавирус жана пневмония менен жабыркаган 257 адам аныкталган.
"Бүгүнкү күндө борбор калаада 4 802 адам медиктердин көзөмөлүндө турат. Алардын 1 801и вирус жуктуруп алганын ПЦР-тест тастыктады. Дагы 3001 киши үй карантининде", — деп айтылат маалыматта.
Медициналык кызматкер канды COVID-19га текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
COVID жуктургандар айыккандардан эки эсе көп. Көңүл чөгөргөн статистика
Акыркы сутка ичинде Тез жардам кызматына 609 адам кайрылса, анын 135и ооруканага жаткырылган. Коронавирус 29 адамдан, пневмония 56 кишиден табылса, үч киши сасык тумоолоп жатканы аныкталган. Борбор калаада 23 медициналык мобилдик бригада иштеп жатат. Ошондой эле коронавирус жана пневмонияны дарылоо үчүн 1 165 койка даярдалган.
Мэрия жарандарды санитардык нормаларды сактоого чакырат.
Жаңылыктар түрмөгү
0