Бишкек мэриясы сууга аккан кичинекей кызды куткарган тургунду сыйлады. Сүрөт

© пресс-служба мэрии города Бишкек / Улукбек ШамбетовБишкек мэриясы сууга аккан кызды куткарган Залкарбек Сулаймановду сыйлады
Бишкек мэриясы сууга аккан кызды куткарган Залкарбек Сулаймановду сыйлады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Жазылуу
Мындан бир жума мурун каналдагы сууга аккан кызды ошол жактан өтүп бараткан киши сактап калган. Ага эрдиги үчүн мэриянын Ардак грамотасы берилди.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бишкек мэринин милдетин аткарып жаткан Бактыбек Кудайбергенов кичинекей кызды шар аккан каналдан куткарып калган калаа тургуну Залкарбек Сулаймановду сыйлады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Көлдүн жанында балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Жайында балдарды кырсыктан кантип сактайбыз. ИИМдин кеңеши
Окуя 10-июнда Аламүдүн-1 кичирайонунда болгон. Анда шар аккан каналга түшүп кеткен кызды ошол жактан өтүп бараткан киши сактап калган.
Мэрия шаардыктарды балдарды көлмөлөрдө жана каналдарда кароосуз калтырбоону эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0