Эртең Бишкектин кээ бир көчөлөрү менен конуштарында жарык өчөт. График

© AFP / SCOTT OLSONЭлектр лампасы. Архив
Электр лампасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Жазылуу
"Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери электр жабдууларын оңдоп, көмөк чордондорду тейлейт. Мындан улам шаардын айрым көчөлөрүндө жана жаңы конуштарда жарык убактылуу өчүрүлөт.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. 17-июнь күнү Бишкектеги 40 көчөнүн айрым бөлүктөрүндө жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
  • 9:00-17:00 — Сыдыков, Тимирязев, Калык Акиев, Токтогул, Киев, Раззаков, Республиканский, Азовский, Харьковский, Березовый, Коммунаров, Кудрук көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Чүй жана Эркиндик проспектилери, Жал-23 кичи району (№ 92 үй);
  • 9:00-17:00 — Ак-Босого (Чүй, Манас, Түлебердиев, Саадаев, Архитекторная көчөлөрү), Ак-Ордо (Акдөөлөт, Сулайман-Тоо, Чолпон, Серафимович, Садырбаев көчөлөрү) конуштарында;
  • 9:30-17:00 — 8-кичи район (№ 36 үй);
  • 9:30-19:00 — Хивинский, Лермонтов, Шүкүров, Суванбердиев, Кара-Дарыя көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Чүй проспекти менен Анарчы туюк көчөсү;
  • 9:40-18:35 — Кара-Жыгач, Бакай-Ата (Чубак, Бакай-Ата, Алмамбет, Чыйырды, Каныкей, Ак-Талаа, Ырчы-Уул, Ак-Балта, Табылды көчөлөрү) конуштары.
Жаңылыктар түрмөгү
0