Кандай адамдар пляжда күнгө көп күйбөшү керек. Адистин пикири

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКүнгө кактанып жаткан кыз. Архив
Күнгө кактанып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Жазылуу
Косметолог көл жээгинде күнгө күйүүдөн мурда бир нече эрежени билип алуу керектигин айтат. Анткени жайкы күн айрым адамдардын ден соолугуна бир топ зыян келтириши мүмкүн.
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Жай келип, пляждын убагы башталган кез. Муну утурлай косметолог жана нутрициолог Анна Кугук Sputnik радиосунун эфиринде кандай учурда күнгө күйбөш керектигин айтып берди.
Биринчиден, айрым косметикалык процедуралардан кийин бир нече жума күнгө чыкпай турган оң.
"Пилинг сыяктуу теринин сырткы катмары сыйрылып түшө турган процедураларды көлгө барарда жок дегенде эки апта мурда кылдыруу керек. Болбосо териде кетпей турган тактар пайда болот", — дейт адис.
Шарап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Ашказанды бузат. Шарапты кайсы тамактар менен аралаштырбоо керектиги айтылды
Ошондой эле күндөн розацеа илдети бар адамдар оолак болушу керек. Бул аутоиммундук оору болуп эсептелет. Мында тери сезгенип, кызарып, сууланышып кетет. Аны дарылоо өтө оор экени айтылат.
Үчүнчүдөн, пляжга, ачык асман алдына чыгарда көп боенбой эле койгон жакшы. Косметикага кошулган айрым химиялык каражаттар күндө терини ого бетер күйгүзүп, аллергия пайда кылышы мүмкүн.
Адис күнгө ден соолугуна зыян келтирбей күйгүсү келген адамдарга эртең менен саат 10го чейинки жана кечки 17.00дөн кийинки учурлар жакшы экенин эскертет.
Жаңылыктар түрмөгү
0