Президенттин аппарат жетекчисинин мурунку орун басары Салиев кармалды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев. Архив
Президенттин аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Жазылуу
Атайын кызматтын билдиришинче, Салиев мурдагы президенттин артыкчылыгынан пайдаланып, укук коргоо органдарынын жана сот системасынын ишине кийлигишкен.
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. УКМК президенттин аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевди мыйзамсыз байыган деп кармады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеде Салиев мурдагы президенттин артыкчылыгынан пайдаланып, укук коргоо жана мамлекеттик органдардын, сот системасынын ишине активдүү кийлигишкени айтылат.
"Ошондой эле мамлекеттик кызматта иштеп турганда аффилирленген жактарга каттоодон өтүп, өзүнүн расмий кирешесине туура келбеген мүлктү сатып алгандыгы аныкталды. Муну менен катар ушундай жол менен алынган олуттуу каражаттарды көп кабаттуу үйлөрдү жана башка соода объектилерин куруу үчүн курулуш компанияларынын бирине жумшаган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Салиевдин мүлктүк жана каржылык активдерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
Ал Жазык кодексинин 323-беренесинин 3-бөлүмү ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0